Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Батанын баркын кетирбейли


Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

Кыргыздын кылымдап келген “бата менен эл көгөрөт” түшүнүгүнө философия илими кандай жооп берерин билбейм, бирок бул түшүнүктү карандай акылга, логикага, турмуштук сезим-туюмга салып кароого мага эч ким тыюу сала албас.

Андыктан ушул түшүнүктүн тегерегинде өз акыл чөйчөгүмдү калчап отуруп, логикалык мындай бир суроо туулду: дүйнөдө эң алдыга өнүгүп-өскөн кайсыл элде бата түшүнүгү жашайт болду экен?

Маселен, бүгүн жапон, еврей, немис, француз, кытай, корей же малай элдерин бата менен агарып-көгөргөн элдер деп айтууга болобу? Ушул элдердин аң-сезиминде, түшүнүгүндө ата-бабаларынан калган бата алуу түшүнүгү жашайбы? Менимче, алардын ийгилик сыры эмгектенүүдө, мээнеткечтикте, изденүүдө болуп жүрбөсүн?..

Албетте, биздин элде бата түшүнүгү абыдан ыйык, бирок ошол ыйык түшүнүктү биз улуттук догмага айлантып алган калк болуп жүрбөйлү?.. Элдин батасын алуу же эл жакшыларынын батасын алуу түшүнүгү эзелтен жан-тенибизге сиңип калгандан улам аны биз бүгүн мистикалык ишенимге же магиялык күчтүн таасирине айландырып алганыбыз жокпу? Албетте, сөз магиясына ишенүүгө мүмкүн, жакшы сөз – жарым ырыс экени талашсыз. Бирок феодалдык-патриархалдык ой тутумдан чыгалбай келатканыбыз үчүн элден бата алуу түшүнүгүнөн улам бүтүндөй улутту жапа жабырга салар кургуйдан чыгалбай аткан болбойлу, бурадар!

Батанын ыйык касиетин кемиткен бадиректер чекеден табылат бүгүн. Карыя сакалы ээгине бүткөн карылардын көбү батанын касиетин учуруп, той-торопо болгон жерде бир эмес, бир нече сакалдуулар биринин артынан бири бата тарткан көрүнүштөр көнүмүшкө айланып бараткан жокпу?! Ошол батада айтылган сөздүн маанисине жакшылап көңүл коюп, кулак төшөгөн болсоңуз: тилек-каалоонун басымдуу бөлүгү «асти адам бол, эл керегине жараган азамат бол» дегенден мурда «элдин алды болуп, эбегейсиз байлык-мүлктүн ээси бол» деген мааниге көбүрөк ооп бараткандай...

Сакалдуу деген карысы бата берген жерде кайра экинчи, үчүнчү бирөөлөрү сороң этип чыга калып кабат-кабат бата жаадырган кыргыз урпактары көбөйдү. Алардын соңунан чаласы калганды толуктачудан бетер тапанданган тамадалары чыгат. Тамадасы да өз батасын кыстарган учурларды одоно санап тыйып коёр не той ээсин, не нарк-насилдүү бирөө-жарымды көрбөйсүң.

Ал эми айрым учурларда бата берүү менен бата алуунун түрдүүчө фокустары арбыды: нарк сактаган, салт тутунган ак ээк карылардын урматы улагада калып, төр тарапта даңазасы, зоболосу бийик адам чылгый мас абалда отурса да той ээси дал ошол мартабалуу адамдан ырымга бата суранган көрүнүштөр адатка айлангандан улам, биздин улуттук өксүк мансапкорлуктан, кошоматчылыктан чыкпай калганы кейитет. Ошол бата берип төрдө олтурган мартабалуу дегендердин бейнеси жамы журтка ууру-коррупционер экени бештен белгилүү болсо да, той ээси ошонун батасына зар...

Айтор, жаштарга бата тилегендин көбү адамдык парасатты эмес, байлык-мүлккө жетүүгө басым коюп, байлыгы менен бийлиги бардын батасын алыш үчүн дүйүм тамакка толгон дасмал жайганды «салтка» айланткан адаттар күчөгөндөн улам бата фокусу туурасында ой дүрмөт коротуп отургандагыбыз.

Ал эми саясат айдыңындагылардын арасында карьералык тепкичти самагандын далайы партия лидерлеринин же кайсы бир таасири күч саясатчынын батасын алууну Кудайдын буйругунан да жогору көрөрү бештен белгилүү. Мансапка жетүү максатында атайы дүйүм тамакка толгон дасторкон жаюу өнөкөтү саясатчылар арасында гана эмес, илим-билим жолунда жүргөн ТАЗБАЙМАТТАР арасында кадыресе көрүнүшкө айланган үчүн бүгүн илимий даражага жеткенине чычайып чыйт түкүрүнүп жүргөн доктор, академик болуп алгандар чекеден табылат.

Айтор, кыргыз канына тээ бай-манаптар заманынан келип жеткен бата алуу жөрөлгөсүнө кенен өңүттөн карап, бул теманы атайы илимий эмгек катары жазган киши жок, аттиң...

Ушул жерден эң жөнөкөй эле турмуштук суроого жооп издеп көрөлүчү! Агер батадан агарып-көгөрүп кетсе, Кыргызстан эли өз алдынча эгемендикке жеткенине кубанып турган доордо өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаевге элибиздин Бакай бабасындай касиеттүү делген аксакал карысы, эл баатыры, академик, кыргыз адабиятынын патриархы саналган Түгөлбай Сыдыкбеков ак батасын бергени баарыбызга дайын. Ал бата бир гана туңгуч президентке эмес, атпай журттун келечек тагдырына арналган изги тилек-каалоолор эмес беле. Арийне, элибиздин тагдыр-ташпиши ушундай экен: ошондон бери карай Кыргызстандын саясый көчү түзөлүп кеттиби?

Тек, дүйнөлүк саясатта секирик жасаган мамлекеттик реформалардын баары эле ак батанын касиети менен жасалып аткан болсо, адамзааданын баары эле эмнеге кыргыз урпагына окшоп бата фокусуна байланып калган жок?! Же батанын таасири мамлекеттик түзүмдү түзөп кетер күч болуп кетсе кана?

Канчалаган мамлекеттик мүлк тонолуп, уурдалды, канчалаган завод-фабрикаларыбыз кыйрап жок болду?! Эл ырыскысына көзү кызарган көр чеңгел саясый топтор биринен бири өткөн ачкөз заманга келдик. Канчалаган журтташтарыбыз жумушсуз калып, дүйнөнүн төрт тарабына тентип кетпеди, көр оокат үчүн?! Албетте, мекенден сыртта жүргөндөрдүн арасында илим-билим издеп кеткен мекендештерибиздин жөнү таптакыр башка деңизчи. Ал эми кара жандын кайгысы үчүн бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөн миңдеген жумушчу мигранттарыбыздын тагдыры, көз жашынын убалы кимге калды?

Же алардын баары эле «бата менен эл көгөрөт» түшүнүгүн четке кагып жашагандар бекен? Жок, мүмкүн эмес. Кыргыз урпагы алыска аттаанарда босогодон нары узаар алдында сөзсүз ак бата менен узайт. Ким эле өзүнүн уул-кыздарын терс батасы менен узатмак...

Бул суроону койгонумдун себеби: мүмкүн кыргыз элинин соңку тарыхына үңүлүп да жооп издеп көрөлүчү. Арийне, эзелтен эле ар бир хандын, ар бир доордун тушунда бийлик эгесине бата берчү аксакалы, төр ээси, уча табак тартылчу адамы болуп келген эмеспи. Айрыкча бул көрүнүш көчмөн элдердин тарыхында далай кайталанган. Чыңгызхан доорунда Кетбука, Ормон хандын тушунда Калыгул, Байтик баатырга Балыкооз манасчы сыяктуу рухий көсөмдөр төр ээси болушкан. Ошол эле Байтик баатыр Балыкооз манасчыны Таластагы Ажыбек даткадан көчүрүп келип, ар дайым өзүнөн өйдө отургузуп сыйлаганы айтылат.

Муну менен эмне айткым келет? Тек, Кыргызстан өз алдынча мамлекет жерпайын түптөгөн заманда Аскар Акаевге ак калпагын кийгизип, ак батасын тарткан Түгөлбай атабыз болуп берсе, анын соңунан Курманбек Бакиевдин курчоосунда дүжүр аксакалдар болбой коюппу? Ал эми Алмазбек Атамбаев бийлик кумарына мас болуп турган учурда аксакал, көксакал акын-жазуучулардын көбү бийлик курчоосунан алыс кетпегенин көрдүк. Эпаада, кана ошолордун кимисинин ак батасы тийип, ажолукка ээ болгондордун жолу түз түшкөнү?..

Сөз соңунда баса айтаарым, ыйык батанын касиетин жокко чыгаргым жок. Тек, ыйык нерсеге ыйык мамиле кылууга үйрөнүп, ата-бабадан келген бата берүү салтына аспиет болсок деген кеп. Дал ошол бата берүүнүн айланасында мөртү келсе дагы-дагы сөз кылар жагдайлар толо. Арийне, биз ата-бабаларыбыздан калган дөөлөт-мурастарыбызды улуттук догмага айлантып алуудан чочулай турган көрүнүштөр арбыгандан улам «элдин батасын алып коюш керек» деген тариздеги иллюзияга ишеним арткан түшүнүктөрдү калыптандырбастан, өз келечегибизге жеткирер ийгилик сырын эмгектенүүдөн, мээнеткечтиктен, жаратмандыктан, илим-билимден издесек деген изги тилекти туюнткум бар.

Аныгында ата-бабаларыбыз канын төгүп, жанын берип келген мекенибиздин койнунда жаратылыш байлыктары төгүлүп жаткан Ала-Тообуз, Жер Энебиз, касиеттүү Ысык-Көлүбүз туру. Кудай-таала буюрган мындай бейиш төрүндөй мекенибиздин койнундагы жаратылыш байлыктарын көзүбүздүн карегиндей сактап, ага сарамжал, аяр мамиле кылып, ата-бабаларыбыздын «Эл-Жерибизге тынчтык берсин» батасы буюрсун дейли. А тынчтык болгон жерде ийгиликтен куру жалак калуу мүмкүн эмес.

Андыктан куру батага, иллюзияга ишенбестен, жаратылыш ресурстарыбыз менен бирге өзүбүздүн адамдык ресурстарыбызды өстүрүп, ошол эки чоң ресурсту жуурулуштурган жаратмандыгыбыз менен гана Кыргызстан деген өлкөнүн дүркүрөп өнүгүүсүнө ар бирибиз аракет жумшайлы!

Олжобай ШАКИР

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG