Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Белгияда парламентти шайлашты, Словакияда өкмөт куралууда


Словакиянын премьер-минитсри Роберт Фицо Robert Fico, 16Nov2009
Словакиянын премьер-минитсри Роберт Фицо Robert Fico, 16Nov2009

Белгияда жекшембиде парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Анын жыйынтыгы өлкөдөгү саясий кризисти андан бетер курчутушу мүмкүн дешет. Ал арада Словакияда жаңы өкмөт курала баштады.

Белгиядагы шайлоодо сепаратисттик “Жаңы фламанддык альянс” партиясы баарынан көп добуш топтойт го деп күтүлүп жатат.

Барт Де Вейвер (Bart De Wever) жетектеген бул партия Белгиядагы федеративдик түзүлүштү конфедервтивдик түзүлүшкө алмаштырып, өлкөнү бирдей көзкарандысыздыз Фландрия жана Валлония автономияларына бөлүү демилгесин көтөрүүдө.

Бирок ал чет-өлкөлүк журналисттер менен сүйлөшүп жатып, бул өзгөрүүлөр заматта болуп кетпей турганына, мамлекет буга акырындап бараарына ишендирди.

“Бизге ыңкылаптын кереги жок. Мамлекет демократиялык процессте өнүгүшүн каалайбыз, - деди Вейвер. - Биз компромисске барып, бүт максатыбызга акырындап гана жетишебиз. Өлкөдө бейстабилдүүлүк болбошу керек”.

Анын партиясы фламанддык социалисттер менен демократтарды популярдуулугу боюнча 10% артка калтырууда.

Анткен менен “Жаңы фламанддык альянс” шайлоодо жеңген күндө да өкмөттү өз алдынча курай албайт. Анткени өкмөт коалициялык принцип менен куралат.

Белгияда жарандар шайлоого катышууга милдеттүү. Өлкөдө добуш берүүгө жарамдуу 7,7 миллион жаран бар.

Жаңы өкмөт өлкөнү быйыл жаздан бери уланып келаткан саясий эле эмес, экономикалык да кризистен чыгарууга милдеттүү болот. Соңку үч жылдан бери Белгиянын тышкы карызы бир топ өстү. Өкмөттөгү кризис быйыл жазда фламанддык Либерал-демократиялык партия коалициядан чыгып кеткенде башталган. Анткени партия өзүнүн өнөктөштөрү менен Брюсселдин айланасындагы фламанд шаарчаларынын административдик автономиясы боюнча маселеде мунаса таба албай койгон эле.

Ал арада өкмөттү түзүү аракеттери Европадагы дагы бир мамлекет – Словакияда – кызуу жүрүп жаткан кези. Ал жерде ишембиде өткөн парламенттик шайлоодо, соңку маалыматтарга караганда, бийликтеги социал-демократиялык “Смер” партиясы жеңишке жетишти. Бирок парламенттен көбүрөөк орун оңчул-ортомчул коалицияга тийет.

“Смерди” өлкөнүн азыркы премьер-министри Роберт Фицо (Robert Fico) жетектейт. Алар 62 депутаттык мандатка ээ болмокчу. Ал эми оңчул-ортомчул багыттагы төрт партия биригип 79 орунду ала турган болду.

Аналитиктердин айтымында, булардын популярдуулугун өлкөдөгү экономикалык абалга карата элдин нааразылыгы менен түшүндүрсө болот. Анын үстүнө “Смердин” катарындагы бир топ саясатчылар финансылык жаңжалдар менен таанылып калышты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG