Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Түштүк Корея коргонуусун бекемдейт


Америкалык "канаттуу" танкер Түштүк Кореядагы машыгууда. Мындай кызматташттык дагы күч алабы?
Америкалык "канаттуу" танкер Түштүк Кореядагы машыгууда. Мындай кызматташттык дагы күч алабы?

Апта башындагы түндүк коңшусунун актылоосунан кийин Түштүк Кореянын президенти бүгүн өлкөнүн коргонуу дареметин бекемдөөгө сөз берди.

Коммунисттик Түндүк Кореянын шейшемби күнкү ракеталык чабуулунда төрт кишинин өмүрү кыйылган эле.

Эки өлкөнүн ортосундагы алака өзгөчө кырды бычак болгон ушул тапта Түштүк Корея Түндүк Корея аткылаган аралдагы коргонуу структурасын кеңири масштабда бекемдөө нийетин жарыялады. Президент Ли Муң-бак аралды ракетадан аткылоону «Түндүктүн жеңил ойлуу провокацияасы» деп баалады. Йең-Пиоң деп аталган тырнактай аралды аткылоодон эки аскер, эки карапайым тургун каза таап, 18и жараат алган эле. Көптөгөн үйлөр кыйрап, арал урандыга айланган.

Кол салууга байланыштуу шашылыш чакырылган өкмөттүк жыйында президент Ли Түндүк Корей тараптан дагы жаңы провокация болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Жергиликтүү маалымат каражаттары шейшембилик чабуулга өз деңгээлинде жооп берилген жок деген курч сын айтылган эле. Ушуга байланыштуу президент «азырга чейинки эрежелер толугу менен кайра каралып чыгат» деп айтылган билдирүү таркаткан.

Бул документке ылайык, түштүк кореялык армия кургакта аракеттенүүнүн эрежелерин, айрыкча чек арадагы аралдардагы эрежелерди бекемдеп, ошондой эле карапайым тургундар же куралдуу күчтөр бутага алынганына жараша, контр-чабуул жасоонун ар кыл деңгээлдери аныкталмакчы.

Балыкчылардын 1300дөй бүлөсү менен катар армия турактары жайгашкан Йең-Пиоң аралынын 23-ноябрдагы аткылануусу Корея жарым аралындагы ондогон жылдардан берки эң курч кризисти жаратты. Кошмо Штаттары Кытайды өзүнө ымалалаш коңшусу Түндүк Кореяны тартипке чакырууга үндөдү. Түндүк Корея чабуулду Түштүк Кореянын бул аралдагы согуш оюндарына жооп катары жасаганын билдирген.

Кытайдын тышкы иштер министри Йаң Жиечи бул окуядан кийин Түштүк Кореяга мурдатан пландалган иш сапарынан баш тартты. Бейжинде министрликтин маалымат катчысы Хоң Лей Сеулга министр «өз күн тартибине» байланыштуу барбай калгандыгын кабарлап, Түштүк Кореяга башка күндү белгилөө өтүнүчү жиберилгендигин бышыктады.

Ал ошондой эле Түштүк Кореянын аскердик машыгуусу боюнча Пхеняндын наааразылыгын түшүнүү менен кабыл алып жатканын кыйытты:

- Тийиштүү тараптар аймактагы тынчтык жана туруктуулук үчүн кошумча аракет көрөт деп үмүттөнөбүз. Бул жаатта биз тийиштүү тараптар менен иштешүүгө даярбыз. Ал эми АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгуусуна келе турган болсок, биз тийтиштүү документтерде ал тууралуу тынчсыздануубузду билдиргенбиз.

Кытай ТИМинин маалымат катчысы Хоң Лей Корей жарым аралындагы кырдаал боюнча АКШ менен Кытай тыгыз алакада экендигин бышыктады.

Анын аралыгында, аткыланган аралда бийликтер качкандан калган тургундарды чыгарып кетүүнү улантууда. Кыйрандыга айланган аралды карап турган тургундардын бири Бйун Жае-Соон көпчүлүк жердештеринин пикирин жалпылаштырып, мындайча баяндады:

- Көргөн көзүмө ишене албайм. Эмне деп айтышты да билбейм. Мындай аткылоону угуп, көргөн эмесмин.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG