Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

"Ааламды изилдөө жаңы эле башталды"


Прагага бул аптада белгилүү космонавттар менен астронавттар чогулушту. Космос изилдөөчүлөрүнүн ассоциациясынын жылдык жыйынына ачык космоско чыккан биринчи адам, СССРдин баатыры Алексей Леонов, Кытайдын алгачкы астронавты Янг Ливей жана башкалар катышууда.

Ассоциацияга кирген мүчө-мамлекеттер жыл сайын чогулуп, космосту изилдөө программаларын, коомчулукка тармак жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу жолдорун талкуулашат. Бул жыйын дүйнөнүн булуң-бурчунан келген астронавттар үчүн бири бири менен баарлашып, космос саякаттары жөнүндө кызыктуу нерселерди айтып берүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Бул ирет Прагага 50 чакты космонавт менен астронавт келди. Тилекке каршы, аялдардан биринчи болуп космосту багындырган Валентина Терешкова жыйынга келбей калды.

Советтик дагы бир даңазалуу космонавт Алексей Леонов 1965-жылы биринчи болуп ачык космоско чыккан. “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде ал ошол окуяны мындайча эскерет:

- Мен чыгып, бир нече кадам таштадым. Кара деңизден Енисейге чейинки жолду - 7 миң километрди 12 мүнөттө басып өттүм.

Ачык космоско алгачкы болуп чыккан советтик космонавт Алексей Леонов
Ал кезде мындай саякат тобокелдикке барабар эле. Юрий Гагариндин космоско учканына 4 эле жыл болгон. Адам баласы ачык космоско чыкса, тирүү калабы же жокпу – аны эч ким айталчу эмес. Леоновдун жабдыктары да ал кезде сыноолордон жакшылап өткөрүлгөн эмес.

- Космоско барып келген адам убакыт жана мейкиндик деген түшүнүктөрдү башкача кабыл алып калат экен. Мен үчүн Жер абстракттуу бир нерсе эмес. Айрым физикалык көрүнүштөрдү катардагы адам өмүрүндө көрө албайт. Маселең, күн менен түндү бир эле мезгилде, көп-көк Жерди, түнөргөн асманды, жымыңдабас жылдыздарды жана жаркыраган күндү ким көрө алат?

Тажрыйбасы бай ветерандардан тышкары Прагага жаңы каармандар да келди. Алардын бири - кытайлык алгачкы астронавт Янг Ливей. 2003-жылы ишке ашырылган учуудан кийин Кытай адамды космоско өз алдынча жиберген СССР менен АКШга кошулду.

Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө Янг Ливей “Шенчжу-5” кемеси буга чейинки кемелерди кайталабастан, Кытайдын өз технологиясына негизделип курулган деди:

- Ал - уникалдуу кеме. Электрондук жабдыктары Кытайда иштелип чыккан. Майда жана чоң бөлүктөрүнүн бардыгы башкалардыкынан айырмаланат.

Жыйынга катышкан россиялык жана америкалык космонавттар Кытайдын жетишкендиктеринен күмөн санашпайт. Алардын бири - АКШлык Чарлз Уолкер:

- Кытай космоско адамдарды гана эмес, эң алдыңкы технологияларды жиберүүгө кудуреттүү экенин көргөзүүдө. Аны менен Кытай үчүн гана эмес, Азия, адамзаты үчүн позитивдүү, маанилүү иш жасалып жатат.

Адистер Бээжин космосту изилдөөдө алдына койгон максаттардын бир бөлүгүн гана ишке ашырса да, глобалдуу илимге анын салымы чоң болмокчу дешет. Кытайдын өз космос станциясын куруу, 2020-жылга чейин Айга астронавттарды жиберүү өңдүү дымактуу пландары бар. Алыскы келечекте болсо Кытай Айда база орнотуп, астронавттарын Марска чейин учурууну көздөөдө.

Катардагы адам үчүн алыскы планеталарга учуп баруу илимий фантастиканы гана элестет. Бирок АКШлык астронавт Кэтрин Коулемандын айтымында, Ааламды изилдөө жаңы эле башталды.

Тасмада: Советтик даңазалуу космонавт Алексей Леонов 1965-жылы биринчи болуп ачык космоско чыккан.

"Ааламды изилдөө жаңы эле башталды"
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00

XS
SM
MD
LG