Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Испаниядагы поезд кырсыгынан 80 киши ажал тапты


Темир жолдон чыгып кеткен поезд. Сантьяго-де Компостеле шаарынын жаны. 25-июль 2013
Темир жолдон чыгып кеткен поезд. Сантьяго-де Компостеле шаарынын жаны. 25-июль 2013

Испаниянын түндүк-батышында кечээ түнү болгон темир жол кырсыгында кеминде 80 киши мерт болуп, 160тай адам жараат алды.

Алардын төртөө оор жарааттан ооруканада жан берди. Калгандарынын жасаттары жолунан чыгып кетип, кыйраган поезддин ичинен табылган. Бул жөнүндө бүгүн эртең менен Галисия региондук соту маалымдады. Акыркы 40 жылда Испаниянын темир жол тармагында мындай чоң кырсык боло элеги айтылууда. Жергиликтүү бийликтер террордук аракет жөнүндө версияны четке кагууда. Кырсык болгон жерге Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой бүгүн барары маалымдалды.

Апаат болгон жерде куткаруу иштери түнү бою жүрүп жатты. Жүргүнчүлөрдү тартчу поезд кечээ шамдан кийин Сантьяго-де-Компостеле шаарына чукул жерде рельстен чыгып кеткен эле. Күбөлөрдүн бири авариядан кийин окуяны мындай сүрөттөдү:

- Мен жардырууну уктум. Келсем вагондордун бири мына бул жолдун үстүндө жатыптыр. Коңшу жашаган элдин баары келди. Бирок биз бир нерсе кылгандан корктук. Себеби өрт өчүргүчтөр жарылуу болушу мүмкүн дегенинен биз алыска кеттик. Качан коопсуз болгондо кайра келдик.

Тез жүрчү поезд Испаниянын борбору Мадридден Атлантика океанынын боюндагы Феррол шаарынан бараткан. Галисия региондук өкмөтүнүн өкүлү Самуэл Суарез кырсык тууралуу буларды билдирди:

- Сиздер билесиздер, чоң ылдамдыкта жүрчү Alvia поезди кечки саат 9 ченде Мадридден Коруна жана Феррол багытында баратып, Сантьяго-де-Компостеле шаарына бир нече чакырым жетпей кырсыкка кабылды. Биздин эсеп боюнча поезде 247 жүргүнчү болгон. Өтө катуу авария болду. Поезддин вагондору жолдон чыгып кеткенден кийин капталынан кулаган. Азырынча биз кырсыктын себеби жөнүндө эч нерсе билбейбиз.

Бийликтер аварияны кадимки эле кырсык деп террордук аракет болушу ыктымал деген версияны четке кагышууда.

Кран темир жолдон кыйраган поездди алууда. 25-июль 2013.
Кран темир жолдон кыйраган поездди алууда. 25-июль 2013.
Жүргүнчүлөрдүн көбү Сантьяго-де-Компостеле шаарында Ыйык Жеймстин урматына өткөрүлчү фестивалга баратканы маалымдалды. Ыйык Жеймс Иса машаяктын окуучуларынын бири. Анын сөөгү береги шаардагы саганада көмүлгөн деген уламыш бар.

Сантьяго-де-Компостеленин мэри Ангел Фернандестин билдиришинче, кырсыкка кабылган адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча план иштелип чыккан:

– Cиздер боолгогондой эле, фестивалга байланыштуу бардык жөрөлгөлөр токтотулду. Серсиа жана Сан-Лазаро имараттарына жабыркаган адамдардын бүлөлөрү жайгаштырылат. Жасаттар үчүн атайын орундар болот го... Жарадарларга Галисиянын борбордук ооруканасында көмөк көрсөтүлөт.

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой күтүүсүз апаатка байланыштуу шашылыш өкмөттүк жыйын өткөрдү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG