Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Жогорку Кеңеш төрага шайлай алган жок


Бакыт Төрөбаев менен Канатбек Исаев
Бакыт Төрөбаев менен Канатбек Исаев

Добуш берүүнүн жыйынтыгында спикерликке сунушталган Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаев теңме-тең, 51ден добуш алып калды. 14 депутат эки талапкерге тең каршы добуш берди.

Жогорку Кеңеш бүгүн төрагасын шайлай алган жок. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Исаевге 51, Төрөбаевге да 51 добуш тийди.

Добуш берүүгө 119 депутат катышты, 3 бюллетень жараксыз болуп калды.

14 депутат экөөнө тең каршы добуш берди.

Эсеп комиссиясынын жетекчиси Мирлан Жээнчороевдин билдиргенине караганда, эми жаңы талапкерлер тандалып, жаңы шайлоо өтөт.

Спикерлик кызматка эки талапкер көрсөтүлгөн. Алар: «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев.

Бул эки талапкерди башкаруучу коалицияга кирген "Ата Мекен", КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары алып чыккан.

Кимиси депутаттардын 61 добушунан кем эмес колдоого ээ болсо, кыргыз парламентинин спикерлигине шайланары айтылган.

Жогорку Кеңештеги спикер шайлоо маселеси боюнча коомдук ишмер, парламенттин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев "Азаттыкка" маек курду.
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00
Түз линк

Талапкерлер Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев бүгүн парламентте өз программасы менен тааныштырып, депутаттардын суроолоруна жооп берген.

"2017-жылдагы президенттик шайлоого катышасыңарбы?" деген суроого Исаев "2017-жылкы шайлоого катышуу эртерээк, ал эми андан кийинкисине жетишсек кудайга шүгүр" десе, Төрөбаев "андай планым жок" деп жооп берди.

Спикерликке талапкер катары депутаттарды өз программасы менен тааныштырып жатып "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев "былтыркы парламенттик шайлоо таза өткөнү үчүн президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылык билдирем" деди.

"Биз Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен шайланып келдик, регионалдык, жердештик принциптерден арылдык" деген Төрөбаев парламенттин алдында турган негизги максат деп элдин жашоосун жакшыртууну, Евразия векторуна көңүл бурууну атады.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк функциясын бекемдөө, шайлоочулар арасында ишти күчөтүү, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн сапатын жакшыртуу керек экенин айтты.

"Эгер спикер болуп шайланып калсам фракциялар арасында депутаттарды саясий көз карашы үчүн оппозиция, позиция деп бөлбөйм" деди ошондой эле талапкер депутат.

"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев болсо, 2013-жылы кабыл алынган Жогорку Кеңешти өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууну улантуу, парламенттик аппараттын ишинин сапатын, заманбап технологиялык базасын бекемдөө, бийликтин башка бутактары, коомчулук менен байланышты, кызматташтыкты жакшыртуу, мыйзам долбоорлорунун сапатын өркүндөтүү, реформаларды улантуу тууралуу айткан.

Ошону менен катар Исаев спикерликке шайланса да, шайланбаса да парламенттин ишин жакшыртуу багытында аракетин уланта берерин кошумчалады.

Ит жыгылышка айланган спикер шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

12 депутаттан турган эсептик-ревизиялык комиссиянын жетекчиси, "Республика Ата-Журттан" депутат Мирлан Жээнчороевдин добуш берүүнун алдында шайлоо эки тур менен өтүшү мүмкүн экенин айткан:

- Эгер төраганы шайлоого эки талапкер катышса жана алардын бири да тиешелүү добуш ала албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайра добуш берүү өткөрүлөт, экинчи тур болот.

Өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалганына байланыштуу анын иниси Асылбек Жээнбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен.

Өткөн апта соңунда спикерликке талапкерди тандоо үчүн коалиция ички добуш берүү жүргүзүшү керек деп "Өнүгүү-Прогресс" сунуштаган, бирок буга "Кыргызстан" макул болбой койгон.

XS
SM
MD
LG