Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Кличко менен машыккан кыргыз мушкер


Владимир Кличко, Марат Жуманалиев.
Владимир Кличко, Марат Жуманалиев.

Кыргызстандык Марат Жуманалиев учурда украиналык мушкер Владимир Кличконун рингдеги спарринг - өнөгү. Белгилүү спортчу Маратты алдыдагы чоң таймашка даярдануу үчүн рингде бирге машыгууга өзү чакырган.

35 жаштагы кыргызстандык балбан, кесипкөй мушкер Марат Жуманалиевдин учурдагы салмагы - 140 килограмм, бою 2 метр 12 сантиметр. “Жашоодо дене түзүлүшүмөн эч кандай тоскоолдук сезбейм”, - дейт ал. Бир гана Бишкектен элүүнчү өлчөмдөгү бут кийимди табуудан кыйналат экен.

- Мен 13 жаштан баштап тездик менен бой тарта баштадым. Бирок теңтуштар арасында өзүмдү эч качан олдоксон сезген эмесмин. Бала кезден эле баскетбол менен бокско кызыкчумун. Кийин мени байкап калышып, чоң мушташтарга чакыргандар болду. Эң башкылары - Эл аралык бокс кеңешинин Азия чемпионатындагы жана Кыргызстанда республикалык чемпионаттагы жеңиштерим болду.

Марат Владимир Кличко менен.
Марат Владимир Кличко менен.

​Маратты украиналык боксчу Владимир Кличко бирге машыгууга Германияга чакырган. Кличко июлда оор салмактагы дүйнө чемпиону Тайсон Фьюри менен беттешмекчи. Украиналык мушкер өткөн жылы алдырып жиберген титулун кайрадан кайтарып алууну чечкен.

- Даярдыктар Мюнхенге жакын базада өтүп жатат. Эртең менен жана кечкисин машыгабыз. Кличконун мушташка даярдап жаткан чоң командасы бар. Көбүнчө ошолордун программасы боюнча машыгабыз. Мен 2008-жылы орусиялык мушкер Николай Валуевдин дагы спарринг-өнөгү болгом. Негизи, профессионал боксчулар чоң мелдештердин алдында башка мушкерлер менен атайын беттешип, өзүн чыңдайт.

Марат Николай Валуев менен.
Марат Николай Валуев менен.

Мушкер украиналык өнөгү баарлашууда адамгерчиликтүү адам экенин, Кыргызстан жөнүндө көп эстерин белгилейт.

- Кличконун чоң атасынын сөөгү Кыргызстанда коюлган. Өзү дагы биздин өлкөнү жакшы билет экен. Бүгүн эртең менен эле жанындагы курбуларына Ысык-Көлдө эс алганын айтып мактанып, сөзсүз түрдө ал жакта шашлык, аш жеп, кымыз ичүүнү сунуштап жатты.

"Азия MIX" КВН тобу.
"Азия MIX" КВН тобу.

Акыркы кезде Марат эл арасында "Азия-MIX" КВН командасынын оюнчусу катары таанылып келет. "Азия-MIX" тамашакөйлөр тобуна эки жыл мурун досу Элдияр Кененсаровдун чакыруусу менен кошулган. Теңтуштары узун бойлуу алпты эркелетип “Маратик” деп аташат. Ошондой эле балбан мушкерди атамекендик тасмалардан да көрүүгө болот.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG