Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Допинг чырында министрдин аты аталды


Орусиянын спорт министри Виталий Мутко
Орусиянын спорт министри Виталий Мутко

Допинг жаңжалы боюнча эми Орусия өкмөтүндөгү жогорку аткаминерлерге күнөө тагылууда.

Тагыраагы, германиялык ARD телеканалы иликтөө-фильминде спорт министри Виталий Муткону допинг колдонгондорду жашырган деп айыптады.

8-июндун кечинде көрсөткөн кезектеги допингдик иликтөө-фильминде германиялык ARD телеканалы министр Муткону тикелей айыптады:

- Орусиянын тандалма спортчулары Олимпиадага даярданууда. Бирок орус курамасы августта Рио-де-Жанейродо өтчү ал оюндарга катышар же катышпасы суроо жаратууда. АРД командасы орус өкмөтүнүн допинг жыйынтыктарын жашырууга түздөн түз тиешесин көрсөткөн, мурда жарыяланбаган документтерди тапты. Сөз Орусиянын спорт министри Виталий Мутко жөнүндө болууда.

Телеканалдын иликтөө фильминде Мутко “Краснодар” клубунун футболчуларынын биринин допинг колдонгонун жашырып койгон деп айтууда. Буга журналисттер эки орусиялыктын интернеттеги кат алышуусун мисал келтирет.

Анда алар 2014-жылы “Краснодардын” аты аталбаган оюнчусунан табылган допинг боюнча инструкция алуу үчүн ВЛ аттуу кишиге кайрылууну макулдашат. ВЛ – спорт министри Виталий Леонтьевич Мутко деп талдайт телеканал:

- Орус премьер-лигасынын дасыккан оюнчусу тыюу салынган "гексарелин" колдонгону ырасталган. Ага карабай, бул иш ачыкка чыккан эмес, оюнчу оюндан четтетилбеген. Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин президенти буга орус өкмөтү жоопкер деп эсептейт.

Фильмдин авторлору Мутко футболчу эле эмес, башка олимпиадачылардын деле допинг колдонорун билген, бирок аны жашырышы ыктымал деп эсептешет.

Москвадагы антидопингдик лабораториянын мурдагы жетекчиси, азыр мекенинде өмүрүмө коркунуч бар деп АКШда баш калкалаган Григорий Родченков фильмде каржылык схема жана дагы бир аткаминердин атын атады. Родченков допингден кармалган жеңил атлеттер оюндан жыдыбаш үчүн 500 миң доллар пара бериши ыктымалдыгын айтат.

Анын сөзүнө караганда, спортчу акчаны машыктыруучуга берип, андан ары эл аралык жеңил атлетчилер ассоциациясына түшүп турган. "Акчаны колдон колго өткөрүүдө орус спорт министринин кеңешчиси Наталья Желанова да катышкан",- дейт Родченков.

Фильмге Мутко дароо жооп кайтарып, "авторлор Орусияны каралап, аброюна көлөкө түшүргүсү келет” деди. Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремл кандайдыр далилдерди көрмөйүн, муну кызылдай ушак катары кабыл аларын айтты.

Бул арада орус Тергөө комитети 2009-2013-жылдары орусиялык Жеңил атлетика федерациясын жетектегендерге кылмыш ишин козгоду.

АRD телеканалынын орус спортундагы допинг тууралуу алгачкы фильми 2014-жылдын декабрында чыккан. Дүйнөлүк спорттогу эң ири жаңжал ошондон кийин башталат. Допингге каршы дүйнөлүк агенттик иликтеп, орус спортчулары машыктыруучулар жана аткаминерлердин жигердүү кубаттоосу менен тыюу салынган дармектерди колдонгонун аныктаган.

Ушундан соң орусиялык жеңил атлетчилер эл аралык мелдештерден четтетилген. Май айынын ортосунда Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах бүтүндөй орус курамасын 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтчү Олимп оюндарынан да четтетилүү ыктымалдыгы бар экенин айткан эле.

17-июнда Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын комитети жыйын куруп, орусиялык жеңил атлеттерди Рио Олимпиадасына катыштыруу маселесин карайт.

Мутко Спорт министрлигине 2008-жылы келген. Президент Путиндин жакын досу жана орус спорт дүйнөсүндөгү бирден бир таасирдүү киши катары саналат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG