Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Инсульт жыл санап жашарууда


Кыргызстанда инсульт илдетине кабылып, көз жумгандардын саны көбөйүүдө. Адистер мунун башкы себеби катары калктын 70 пайызынын кан басымынын жогорулугу, турмуш-тиричиликтин ойдогудай эместиги менен түшүндүрүшөт.

Ишенбек Акуновдун кесиби - врач-психиатр. Уулу оор кырсыкка кириптер болгондо катуу санаа тартып, мээсине кан куюлуп кеткен. Натыйжада, оң ыптасы иштебей калган. Азыр сакайып, ооруканадан чыгаар маалы келиптир. Бирок өтө алсыз, сүйлөгөндө үнү титиреп турат:

- Өзүмдүн деле кан басымым жогору болчу. Анан ага кошумча балам да кырсыктап калды. Ага санаа тартып отуруп эле бир маалда тура калсам бир бутум баспай калыптыр. Анан тилим күрмөөгө келбей, сүйлөй албай калдым. Дароо тез жардам чакырып, ооруканага алып келишти. Бул жактан мени жакшы кабыл алышып, дарылашты. Көп капа болбош керек экен. Мындай абалга түшүп калам деп ойлогон эмесмин. Капыстан эле болуп кетти.

Адистердин айтымында, азыркы учурда Кыргызстандагы өлүмдүн дээрлик жарымынан көбүнө жүрөк - кан тамыр оорулары, артериялык кан басымдын жогору болуусунан келип чыккан инсульт себеп болуп жатат. 2012-жылы каза болгондордун 52 проценти кан тамыр, жүрөк ооруларынан жабыркагандар болгон. Жогорку категориядагы врач, ангионевролог Абдусалим Артыкбаев инсульт боюнча Кыргызстандагы кырдаалдын курч экенине кейиди:

- Эгер мурда инсульт менен карыган кишилер ооруса, азыр эмгекке жарамдуу адамдардын арасында инсульттун көбөйгөнү байкалат. Гипертония же кан басымдын жогору болуусу билинбей туруп адамды өлүмгө алып келет. Убагында текшерип, тийиштүү дарыларды ичпесе киши бир заматта каза болуп калат. Советтер союзу учурунда дарыгерлер кан басымды ченөөгө туура эмес мамиле кылышкан. Мисалы кишинин башы ооруп, кан басымы 140-70 болсо, адаттагыдай эле кабылдап, тийиштүү чара көрүшкөн эмес. Негизи кишинин кан басымы 120-80 болушу керек. Ушундай дарылоо ыкмасын билбегенден улам азыркы КМШ өлкөлөрүндө инсульттан өлгөндөр көп болууда.

Туура эмес тамактануу, спирттик ичимдиктер, чылым жана ашыкча стресс кан тамырлардын бүтөлүп же жарылып кетүүсүнө алып келет. Инсульттун алдын алуу боюнча Артыкбаев буларды айтты:

- Кан басымын текшерип, ар дайым өзүнө кам көрүү маданияты бизде жок. Экинчиден, кан басымы жогору адамдардын 90 пайызы өзүнүн кан басымы жогору экенин байкабайт, дарыланбай эле жүрө беришет. Батышта инсультту “купуя ажал” деп коет. Адамдар ар дайым кан басымын, жеген тамактарынын калориясын текшерип жүрүшөт. Сергек жашоо аларда маданиятка айланган. Бизде андай эмес.

Дарыгердин айтымында, инсультка кабылгандардан аман калгандарынын 70 пайызы майып болуп калат. Бул адамдын өмүрүнө, саламаттыгына кайталангыс залал келтирүү менен бирге, мамлекеттин экономикасына да олуттуу зыян алып келе турган опурталдуу дарт. Ошондуктан, алдын алуу чаралары инсульттан коргонуунун эң натыйжалуу жолу:

- Оорунун алдын алуунун башкы ыкмасы артериялык кан басымды ар дайым текшерип, бир калыпта кармап жүрүш керек. Бул инсульттун алдын алганга 100 пайыз жардам берет. Жеген тамактын тузу аз, майлуу болбошу зарыл. Жаныбарлардын, койдун же уйдун болобу майын такыр эле колдонбош керек. Жалаң гана өсүмдүк майын колдонууну сунуштайбыз. Анан арак, тамекиден алыс болсо оорунун алдын ала алабыз,- деди Абдусалим Артыкбаев.

Кыргызстанда бул дартка анча маани берилбейт, кан басымын текшерип же текшертип туруу зарыл деген түшүнүк али калыптана элек. Кан басымы 200 сымаптык баскычка чыгып кетсе деле, меники дайыма эле ушундай деп кол шилтеген адамдарыбыз четтен чыгат.

Батыш өлкөлөрүндө болсо бул дарттан сактанууга өзгөчө маани берилет. Маселен, киши көп чогулган супермаркеттерде бейтапканалардын ар бир кабатында артериялык кан басымды акысыз ченөөчү аппараттар коюлган. Алар кан басымын ченеп, жогору же төмөн экенин аныктап берип турат.

Дүйнө элинин 40 пайызынын кан басымы жогору. Жылына 9 миллиондон ашуун адам инфаркт жана инсульт дартынын айынан көз жумат. Ал эми Кыргызстан Орусия, Казакстан, Украина өлкөлөрү менен бирге жүрөк - кан тамыр оорулары, инсульт же мээдеги кан айлануунун бузулуусу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG