Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Карикатурист: Мен эмес, дүйнө күнөөлүү


Ларс Вилкс
Ларс Вилкс

Швециялык карикатурист Ларс Вилкс 2007-жылы Мухаммад пайгамбарды жолбун итке окшоштуруп тарткандан кийин анын эмгектери жалаң жаңжалдар менен байланышып калды. “Азаттык” аны менен маекти сунуштайт.

Ларс Вилкстин ал сүрөттөрү жарыялангандан кийин мусулман дүйнөсүндө көптөгөн нааразылыктар болду. Сүрөтчү өзү өмүрүн коргош үчүн “үй камагында” жашап жатканын айтат. “Азаттыктын” кабарчысы Рикард Йозвияк менен маегинде Вилкс бүгүнкү коомдогу сөз эркиндиги жана анын жашоосуна бул эркиндиктин кесепети жөнүндө сөз кылды.

“Азаттык”: Сиздин карикатураңыз жарыялангандан кийинки талкууларда “исламисттер жеңди, сөз эркиндиги жеңилди” деп жүрөсүз. Муну кандай түшүнсө болот?

Ларс Вилкс: Мен айтайын дегеним, андан бери исламдын диний символикаларына байланыштуу сүрөттөрдү тартуу жана колдонуу өтө чектелип калды. Мухаммад пайгамбардын сүрөтүн тартуу же аны басуу дээрлик мүмкүн эмес, анткени анын артынан толгон-токой проблемалар жаралат. Ошондуктан сүрөтчүлөр да өтө этият болуп, өзүн өзү чектеп калышты. Башкача айтканда, жеке цензура иштей баштады. Мен ушуну байкадым.

“Азаттык”: “Шайтандын ырлары” романынын автору, жазуучу Салман Рушди 1989-жылдары Батыштан ал күчтүү колдоого ээ болгонун, бүгүн болсо ал үчүн эч ким өзүн коркунучка салууга даабай турганын айтты. Сүрөтчүлөр азыр сизди колдогондон коркушат деп ойлобойсузбу?

Вилкстин сүрөттөрү жарыялангандан кийинки нааразылыктан бир көрүнүш: Пакистанда демонстранттар Швецияга нааразылык билдиришти, Лахор, 31-август, 2007
Вилкстин сүрөттөрү жарыялангандан кийинки нааразылыктан бир көрүнүш: Пакистанда демонстранттар Швецияга нааразылык билдиришти, Лахор, 31-август, 2007
Ларс Вилкс: Мындайга чыдаш үчүн өтө күчтүү адам болуш керек. Анткени аябагандай чоң басымга кабылат. Ушундай абал дагы бир аз убакытка уланат окшойт. Ким эле мен үчүн өзүн курмандыкка чалып бермек эле? Анын кесепети оор болору айдан ачык эле болуп калбадыбы. Кантип эле ушундай болсун дешиңиз мүмкүн, бирок адамдар баары бир этият болушат. Жагдай ушундай. Азыркы замандын көрүнүшү ушул деп билем. Азыр биз “саясий тууралык, тактык” деген түшүнүк өтө маанилүү болуп калган чакта жашап жатабыз, ал эч бузулбашы керек жана сынга кабылбашы керек болуп калды.

“Азаттык”: Жакында интернетте жарыяланып, кийин чоң чуу жараткан “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасы жөнүндө кандай ойдосуз?

Ларс Вилкс: Фильм өзү эптеп-септеп эле тартылган, бирок маселе мында деле эмес. Эң башкысы – жакшы да, начар да фильмдерди тартууга уруксат берилишинде, кимдир бирөө пайгамбарды каралаш үчүн фильм тартам десе, ага бул үчүн уруксат берилишинде турат. Эч ким муну токтото албайт. Ким гана болбосун, ал өз пикирин билдире алган чакта гана сөз эркиндиги бар десе болот.

“Азаттык”: Сиз башка диндерди же башка диндин экстремисттерин да чабуулга аласызбы же иштериңиз ислам менен гана байланыштуубу?

Ларс Вилкс: Мен чынында исламга кызыкпайм деле. Ал сүрөттү мен 2007-жылы тартканда чоң чуу жаратат деп деле ойлогон эмесмин, анткени ушул эле темадагы башка сүрөттөрүмө анча көңүл бурушкан эмес. Баары ошондо ага карата ой, реакция өтө көп болуп кеткенинен болду. Андан бери мен көп сүрөт деле тарткан жокмун, бирок дал ошол окуядан кийин, мен өзүм каалабасам да, сөз эркиндиги жана дин деген маселеге байланышып калдым, мунун айланасындагы талкууларга байланып калдым. Ушул тема өзү такыр эле бир көркөм долбоор болуп кетти. Буга менин исламга каршы аракетим эмес, дүйнөнүн ал маселеге өтө көп көңүл бурганы себеп болду. Мени атайылап диндерди каралаш, жамандаш үчүн айлык алып жаткан адам катары карабагыла демекчимин.

“Азаттык”: Бүгүн сиз жалаң жансакчылар менен жүрөсүз, буга мажбурсуз. Азыркы жашооңузду кантип сүрөттөп берет элеңиз?

Ларс Вилкс: Мен азыр кудум үй камагында жаткандай эле жашайм. Үйдөн чыгып жатканда сөзсүз коопсуздук полициясына кабарлап турам. Ошол мааниден алганда, жашоом өзгөрдү. Андан башка чоң деле өзгөрүү болгон жок. Бул мага өзгөчө проблема жаратты деп айта албайм, бирок муну, арийне, эч ким өзүнө максат кылбайт, эч ким мындайды каалабайт. Адамдар: “Иий, байкуш, такыр эле кыйналган турбайбы”, - деши мүмкүн. Бирок мен сынып калгыдай эле кыйналган жерим жок.

“Азаттык”: Азыр эми сиздин сүрөттөрүңүздү баардык эле галереялар ала беришпейт. Мындай учурда кайсыл акчага жашап жатасыз?

Ларс Вилкс: Мен Мухаммад пайгамбардын денесин жолбун иттикине салыштырып тарткан сүрөтүмдүн түрдүү варианттары бар. Көптөр аны начар тартылган дешет, бирок мен антип ойлобойм. Ошон үчүн азыр ар кандай техникалык жана көркөмдүк талаптарды эске алып, мен аны май бойок менен да тарттым. Аларды интернет аркылуу эле сатам. Ишенесизби, ошол сүрөттөргө кызыккандар көп болду. Мен аларды киреше табыш үчүн эле тартып жатканым жок. Ал эмгектеримди атайын көргөзмөгө койо албайм, анткени галереялар кабыл алышпайт. Интернетте да ачык аукциондордо сата албайм, ал жактан да заматта алып салышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG