Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Швейцарияда майыптарга жардам берген Бактыгүл


Бактыгүл Алыбаева
Бактыгүл Алыбаева

Швейцарияда жашаган Бактыгүл Алыбаева 37 жашта. Италиялык жигитке күйөөгө чыгып, 14 жылдан бери Швейцарияда чогуу түтүн булатып келатышат. Эки баланын энеси. Кызы 12де, уулу 10до. КУУнун экономика факультетин бүтүргөн. Учурда майыптарга жардам берүү борборунда иштейт.

"Азаттык": Бактыгүл, Европага кандайча келип калдыңыз эле?

Алыбаева: Өзүм Бишкектин №68 орто мектебин бүтүргөндөн кийин Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктагам. Ал кездери жумуш табуу кыйын болгондуктан көп курбу дос кыздарым Au Pair программасы боюнча Европага кетишкен. Алар мени да иштеп көрбөйсүңбү, тил үйрөнөсүң деп чакырып калышты. Ошентип 2000-жылы Германияга келдим. Болочоктогу күйөөм менен ошол жактан тааныштым. Ал каникулда эс алганы барыптыр. Өзү Италия жигити. Экөөбүз 2002-жылы баш коштук. Азыр кызыбыз жана уулубуз менен Швейцарияда жашайбыз.

"Азаттык": Ата-энеңиз чет жакта жашап калышыңызга, башка улуттагы адамга күйөөгө чыгышыңызга каршы болгон жокпу?

Алыбаева: Апам албетте, алгач бушайман болду. Чет өлкөдөгүлөр сени сатып жиберишет, калбай эле койсоңчу деп суранды. Бирок мен кооптонууга негиз жок экенин айтып, Түркия же Араб Эмираттарына кетип жаткан жокмун, Европага баратам, ал жакта демократия, адам укуктары корголот деп ишендиргенге аракет кылдым. Күйөөгө тиеримде да улуту башканын салт-санаасына көнө албай кыйналат го деп ойлошту. Чындыгында эле Европада адамдардын менталитети такыр башка. Муну өзүм деле көрүп турам. Анын үстүнө күйөөм экөөбүз тең ар башка улут болуп туруп, такыр башка өлкөдө жашап калдык. Мен кыргыз, ал италиялык, жашаган жерибиз Швейцария...

Бактыгүл Алыбаева (Fruci) жана Назира Турдукулова (Hennrieh)
Бактыгүл Алыбаева (Fruci) жана Назира Турдукулова (Hennrieh)

"Азаттык": Өкүнбөйсүзбү?

Алыбаева: Алгач келгенде бул жактын менталитетине көнө албай, башкача бир сезимдер болгон, албетте. Мисалы, биздей болуп булар бири-бириникине, жада калса бир туугандарыныкына жөн эле коноктоп бара алышпайт. Кыргызстанда биз тааныштарыбыздын үйүнүн жанынан өтүп баратсак сөзсүз учураша кетейин деп кирип бара беребиз да. Буларда андай жок. Мен күйөөм менен анын бир тууганы жашаган шаарга барып калсак жүр кире кетели деп айтсам ал макул болбойт. Эч болбогондо бир жума мурун телефон чалып баратабыз деп айтып коюш керек. Ошентсе да италиялыктар бул жагынан бир аз бизге окшошураак.

Ал эми швейцариялыктардын тарбиясы такыр башка. Баарын пландап жашашат, тартиби менен. Албетте, муну жаман же жакшы деп айтуу туура эмес. Ар бир улуттун өз менталитети бар болгондуктан биз аны сыйлоого милдеттүүбүз.

"Азаттык": Бөтөн коомго аралашып жашап кетүү сиз үчүн кыйын болгон жокпу?

Алыбаева: Жок, кыйын болду деп айта албайм. Себеби сүйгөн адамың жаныңда болсо, бири-бирибизди сыйласак жакшы эле болот го деп ойлогом. Кудай буюрса, ошондой эле болуп келатат. Апамдын да менден санаасы тынч. Бишкекке барып элди чыкырып, үйлөнүү тоюбузду бергенбиз. Калың төлөп дегендей...

"Азаттык": Калыңын канча төлөдү болду экен?

Алыбаева: Эми, кандай десем... Чынын айтсам, азыркыга чейин эле төлөп келатат (күлүп - ред.). Бишкектеги сиңдим менен иниме колубуздан келген жардамыбызды берип турабыз.

"Азаттык": Өзүңүз эмне менен алектенесиз?

Алыбаева: Азыр социалдык педагог кесибине окуп жатам. Андан тышкары майыптарга жардам берүү борборунда иштейм. Бул жакта майып адамдарга мамиле такыр башка. Укугу жакшы корголот. Алар да дени сак кишилер сыяктуу билим алууга, иштеп, эс алууга укугу бар деген түшүнүк өтө терең. Жумушум жакшы, кызыктуу. Алардын колдоо көрүп, өнүгүп жатканын көрүп сүйүнөм. Атайын терапия программасы боюнча мыйыптар үчүн ат минип, сууда сүзүп эс алуу, сүрөт тартуу уюштурулат.

Бактыгүл Люцерн шаарында өткөн "Кыргызстан күндөрүндө"
Бактыгүл Люцерн шаарында өткөн "Кыргызстан күндөрүндө"

"Азаттык": Бул системада иштеп жаткандан кийин Кыргызстандагы майыптарга мамлекет тарабынан жардамды жакшыртуу боюнча ойлор пайда болоттур...

Алыбаева: Ооба, аны да ойлойм. Мен иштеп жаткан уюм жеке компания. Ал мамлекет бөлгөн каражатка түрдүү долбоорлорду ишке ашырып, жардам уюштурат. Майыптарга өкмөт пенсия да берет. Бирок бул жакта кайрымдуулук өтө жакшы өнүккөн. Көп каражат жеке адамдардан түшөт. Кээде жалгыз жашаган байлар көзү өткөндөн кийин калган мүлкүнүн баарын кайрымдуулукка жумшоо тууралуу катын жазып таштап кетет. Бирок негизгиси, дени сак адамдар майыптарга мамилесин өзгөртсө абдан жакшы болот эле. Жылуу сөзүн аябай, жөн гана көңүл буруп, ахыбалын сурап койсо. Майыптар үчүн бул өтө маанилүү. Муну мен күнүмдүк ишимден байкайм. Кээде кандайсың, жакшы уктадыңбы деп бир ооз сурап койсоң сүйүнүп, кол чаап, жайнай түшүшөт. Бул да болсо алардын жашоосун жеңилдетүүгө кошкон салымыбыз болот.

"Азаттык": Өзүңүз бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?

Алыбаева: Албетте, үй-бүлөм менен. Анан дагы кошуналарыбыз менен жакшы мамиледе, ынтымакта жашаганга аракет кылам. Кээде үй-бүлөлөрүбүз менен чогуу башка шаарларга чыгып эс алып, майрамдарды чогуу белгилейбиз.

XS
SM
MD
LG