Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Сириялык саясий күчтөр Женевада чогулат


Башар Асад Франс Пресс агенттигине берген интервьюсу маалында. Дамаск, 18-январь.
Башар Асад Франс Пресс агенттигине берген интервьюсу маалында. Дамаск, 18-январь.
Асаддын Франс Пресс агенттигине берген интервьюсу шаршембиде Женевада ачылаары белгиленген Сирия боюнча эл аралык жолугушууга чукул жарыяланды. Үч жылдай убакыттан бери уланып келаткан Сириядагы согуш 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Асад анын бийлигин кулатууну көздөп күрөшүп жаткандарды террорчулар деп атап, аларды кайсыл бир чет элдик коопсуздук кызматтары козутууда деп кайталап келатат. Жекшембиде улуттук телеканалдан чыгып сүйлөгөн президент Башар Асад эл аралык жыйындан эмнелерди күтүп жатканына токтолду:

- Женева конференциясы Сириядагы антитеррордук күрөштүн болочок жыйынтыгы тууралуу ачык-айкын маалымат бериши керектигине басым жасамакчыбыз. Тактай кетсек, Сирияга согушкерлерди жөнөтүп террорчулукту колдоп, андай уюмдарга акча, курал-жарак берип аткан өлкөлөргө кысым көргөзүлүшү керек. Атап айсак, Сауд Арабстан жана Түркия. Анан албетте, террорчу уюмдарга саясий калканч болуп берип аткан Батыш өлкөлөрү.


Сириялык оппозиция лидерлери. Ирбил, 20-декабрь, 2013-ж.
Сириялык оппозиция лидерлери. Ирбил, 20-декабрь, 2013-ж.
22-январда Женевада баштала турган конференцияга Сириядагы башкы оппозициялык топ – Улуттук коалиция катышууга макул болгонун дүйнө лидерлери кубатташты. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бул чечим Асаддын ырайымсыз бийлигинен жана созулуп кеткен жарандык согуштан жапа чеккен бардык сириялыктардын кызыкчылыгында кабыл алынды деп билдирди. Орусия, Франция, Британиянын жетекчилери да сирия оппозициясынын кадамын колдогон билдирүү жасашты.

Американын Улуттар уюмундагы элчиси Саманта Пауэр: "Сириялык оппозициячылардын эржүрөк чечимин кубаттайбыз. Женевада аракетчил топтун коммюникеси кабыл алынат. Ал документ Сирияда армия, коопсуздук күчтөрүн да көзөмөлдөй турган өткөөл өкмөт түзүлүшүн караштырат, аны кабыл алууга бардык тараптар катышышы абдан маанилүү", деп белгиледи.

Сириянын Улуттук коалициясына кирген 58 саясатчы Женевадагы жыйынга барууну колдоп добуш беришти. Калган 14 мүчөсү каршы болду. Масилеттешүү Стамбулда өттү, ага чейин сириялык оппозициячылар Асад бийликте турганда, эч кандай эл аралык жолугушууга катышпай турганын кайталап келген.

Женевадагы жыйында Сириядагы куралдуу чатакты жөнгө салуу жолдору, утурумдук өкмөт орнотуу маселеси талкууланмакчы. АКШ менен Британия бул конференцияга катышуудан баш тартса, сирия оппозициясын колдоону токтотоорун эскертишкен.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG