Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Женева: Сирия оппозициясы сүйлөшүүгө катышары белгисиз


Стаффан де Мистура БУУнун Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн ачып жатат, Женева, 29-январь, 2016.
Стаффан де Мистура БУУнун Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн ачып жатат, Женева, 29-январь, 2016.

Өткөн жума соңунда Женевада Сириядагы жаңжалды басуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү башталды. Сирия бийлигинин өкүлдөрү менен президент Асаддын режимине каршы күрөшкөн сириялык оппозициянын делегациясы Швейцарияга келди.

Улуттар Уюму соңку эки жылда биринчи жолу Сириядагы жаатташкан тараптарды сүйлөшүүгө отургузуп, беш жылга аяк баскан кандуу жаңжалды токтотуу аракетин көрүүдө.

Женевага келген сириялык оппозициялык топ согушту басууга кызыкдар экенин көрсөткөнү менен тынчтык сүйлөшүүлөргө катышары белгисиз.

Оппозициялык топтор түзгөн Сүйлөшүүлөрдүн жогорку комитетинин - СЖК маалымат катчысы Салим ал-Муслат Сириянын убактылуу өкмөт өкүлдөрү кирген сүйлөшүүлөрдү баштаардан мурда жеринде позитивдүү иштерди көрүүгө ынтызар экенин журналисттерге 31-январда Женевада туруп айтты.

Ишембиде Эр Рияддан келген Муслат оппозиция биринчи кезекте эл аралык коомчулуктун Дамаск өкмөтүнөн аялдар менен балдарды түрмөлөрдөн бошоттурууга жана блокадада калган аймактарга жардам жеткирүүгө канчалык даярдыгын көрүүгө кызыкдар экенин айтты.

Маалыматтарга караганда, Муслат баштаган делегация Женевадан кетебиз деп коркуткандан кийин Улуттар Уюмунун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистура мейманканага барып жолуккан. Оппозициялык топтордун координатоу Рияд Хижабдын эгер Улуттар Уюму “режимдин зомбулугун” токтото албаса, анда сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетүүгө даярбыз деген сөзүн “Рейтер” агенттиги жазып чыкты.

Стаффан де Мистура
Стаффан де Мистура

Улуттар Уюмунун өкүлү Мистура болсо 31-январда Женевада туруп, Сауд Арабия жана айрым Батыш өлкөлөрү калкалаган сириялык оппозициялык топтордун коалициясы Женевага келгенин журналисттерге бышыктап, "Бул тарыхый окуя болоруна терең ишенип, оптимистик маанайда турам" деп айтты.

Элчи Мистуранын президент Асаддын жана оппозициялык топтордун өкүлдөрү менен өз өзүнчө сүйлөшүүсү 1-февралга пландалды.

Дамасктын өкүлү, Сириянын Улуттар Уюмундагы элчиси Башар Жаафари сүйлөшүүлөрдүн созудугуп жатканы оппозициянын «олутсуз» мамилесин көрсөтөрүн айтканын “Интерфакс” кабарлады.

Башар ал-Жаафари
Башар ал-Жаафари

- Бир маанилүү маалыматты сиздерге айтсам, ушуга чейин Сирия оппозициясынын өкүлдөрү ким экендигин эч ким билбейт. Ал тургай Улуттар Уюмунун атайын чабарманы жана анын тобу дагы билбейт. Аларда тиги тараптан келчүлөрдүн акыркы тизмеси жок.

Женевадагы сүйлөшүүлөр 25-январга белгиленгени менен оппозициялык топтордун макулдугун алгычакты кечигип башталды.

Президент Асаддын режимине каршы күрөшкөн саясий жана аскерий топтордун өкүлдөрү кирген делегациянын Женевага келиши Сириядагы беш жылга аяк баскан согуштуу токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү башталышы катары каралууда.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы жаңжалга баткан тараптардын делегациялары Женевага чогулгандан кийин 31-январда интернет аркылуу билдирүү менен кайрылды.

Жон Керри
Жон Керри

- Азап чеккен миллиондогон сириялыктардын коңшу өлкөлөргө баш калкалоосун кыскартуу, миграцияны азайтуу жана тынчтык менен туруктуулукту орнотуу үчүн эки жак тең тезинен алдыны көздөй жылат деп дүйнө коомчулугу ишенип турат. Бул сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги башкы нерсе - өлкө боюнча ок атышууну токтотуу, 2012-жылкы Женева коммюникесине жана Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2254-резолюциясына ылайык жаңжалды басуу үчүн саясий өткөөл жараянды баштоо чаралары камтылган.

Керри Сириядагы кризисти жөндөөдө “аскерий чечимдин кереги жоктугун” айтып, ансыз да согуштан калган нерселер таптакыр тыйпыл болуп, андан “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери пайдаланарын эскертти.

Президент Башар Асаддын армиясынан жабыркап, ач калган сириялыктарга тамак-аш жана башка гуманитардык көмөк көрсөтүүдө чукул кадамдарды жасоого чакырды.

Буга чейин Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшкөндө 11-февралда Мүнхенде өтчү эл аралык жыйында Женева сүйлөшүүлөрүнө баа берүүнү макулдашкан.

Улуттар Уюму болсо 29-январда башталган сүйлөшүүлөргө кимдер чакырылганын ачык билдирген жок. “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен "ал-Каиданын" канаты "ал-Нусрадан" эч ким жок болсо, күрттөрдүн өкүлдөрүнүн бар-жоктугу беймаалым.

Сириядагы Күрттөрдүн демократиялык партиясы сүйлөшүүлөрдөн сыртта калганы үчүн 30-январда Женевадан кеткенин күрт расмийлери билдирди. Түркия күрттөрдүн партиясын террористтик уюм деп тааныса, сириялык оппозиция аларды Асаддын режимине жакын деп айыптайт.

Улуттар Уюму Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү алты айга чейин созулуп, эң оболу өлкөдө ок атышууну, андан кийин согушту токтотуу чараларын карайт деп билдирет. Сириядагы беш жылга аяк баскан согушта 250 миңден ашуун киши өлүп, 10 миллиондон ашуун адамдар үй-жайын таштап качууга мажбур болду.

XS
SM
MD
LG