Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Согушкерлер колундагы Синжар шаары бошотулду


Синжар шаарын бошотуу.
Синжар шаарын бошотуу.

Ирактагы күрттөрдүн пешмерга армиясы америкалык учактардын коштоосунда “Ислам мамлекети” террордук тобу көзөмөлдөгөн Синжар шаарын бошотту.

Ирактагы Күрт автономиясынын президенти Масуд Барзани шаар жихадчылардан кайтарылганын жарыялады.

Ал эми АКШдагы Холокост мемориалдык музейи былтыр “Ислам мамлекети” тобу Ирактагы христиандарды, езид азчылыгын жана шийит урууларын кыргынга учураткан учурлар тууралуу баяндамасын чыгарды.

Синжардын бошотулушу

“Ислам мамлекети” террордук тобу басып алган Ирактын түндүгүндөгү Синжар шаары бошотулду. Күрттөрдүн пешмерга армиясы Синжардын борборуна кирип, анда күрт байрагын орнотту.

Окуя жүрүп жаткан жердеги "Рейтердин" кабарчысы күрт кошуундары жума күнү эртең менен калаанын түндүгүнөн чабуул койгонун айтып берди. Шаарды кайтарып алуу операциясы бейшембиде башталган. Синжар шаары жихадчылардын колундагы Сириянын аймагы менен Ирактын Мосул шаарын байланыштырган тилкеде орун алган. Былтыр августта согушкерлер аны басып алганда анда жашаган езид азчылыгы тоого качууга аргасыз болгон. Мындан улам АКШ эл аралык коалиция түзүп, согушкерлердин Ирактагы турумдарына каршы абадан сокку ура баштаган. Пентагондун өкүлдөрү күрт армиясына Синжар шаарын бошотуу операциясын уюштурууга кеңеш берген.

Масуд Барзани маалымат жыйынында. Синжар шаары,13-ноябрь, 2015-жыл
Масуд Барзани маалымат жыйынында. Синжар шаары,13-ноябрь, 2015-жыл

Ирактагы Күрт автономиясынын президенти Масуд Барзани Синжардын алынышы Мосул шаарын бошотууга чоң таасир этээрин белгиледи:

- Автономиянын элин жана курман болгондорду, өзгөчө езид бир туугандарды жеңиш менен куттуктайм. Бул баатырдык пешмерга аскерлеринин канынын төгүлүшү менен коштолду. Алардын жаткан жайлары жаннатта болсун. Жарадар болгондордун бат сакайып кетишин тилейм.

Кыргынга учураган азчылык калктар

Былтыр Ирактын Түндүгүндөгү Синжар шаарындагы диний жана этникалык топторду “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери кыргынга учураткан учурлары боюнча АКШнын Холокост мемориалдык музейинин алдындагы борбордун баяндамасы жарык көрдү. Анда 2014-жылдын июнь айынан августка чейин Синжардагы жана анын айланасындагы христиандар, езид азчылыгы жана шийит топтору массалык түрдө өлтүрүлгөн фактылар каттоого алынган.

Качкын езид кыздар. Ирак, 2014-жыл
Качкын езид кыздар. Ирак, 2014-жыл

Ошондой эле туткундалган 5 миңдей езиддин арасынан эки миңге чукулу гана качууга үлгүргөнү жазылган. Езид этникалык тобунун диний ишеними христианчылыктын, зароастризмдин жана исламдын элементтерин ичинен камтыйт. Ошондуктан “Ислам мамлекети” тобу езид азчылыгын шайтанга сыйынуучулар деп жарыялаган. Ал жерде кулчулук калыбына келип, туткундалган езид кыз-келиндери аскерий эрдиги үчүн согушкерлерге белекке берилген учурлар катталган.

Ирактын Ниневия провинциясына эки жумалык сапар уюштурган Холокост борбору андагы зордуктоо, кордоо жана адам өлтүрүү фактыларын чогулткан. Баяндамада согушкерлердин колунда өлтүрүлгөндөн калган жүздөгөн езид туткундарынын тагдыры азырга чейин белгисиз экени көрсөтүлгөн. Холокост борбору Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, Түндүк Ирактагы этникалык жана диний азчылыктарга карата кылмыш фактыларына көңүл буруп, аларды эл аралык соттук кароого жөнөтүүнү суранган. Ирактын түндүгүндө жарым миллионго жетпеген езид азчылыгы жашайт. Ошондой эле анда майда шийит топтору жана христиандар бар.

Иракта Синжар шаары бошотулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

XS
SM
MD
LG