Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

БУУ: Асад режими балдар өлүмдөрү үчүн жооптуу


Сирия, Хомс шаары. Май, 2012-жыл
Сирия, Хомс шаары. Май, 2012-жыл

БУУ Башар Асаддын режимин жашы жете элек балдарды кыйнаган, өлтүргөн же согушка күчтөп салган өкмөттөрдүн кара тизмесине киргизди.

Улуттар уюмунун “Балдар жана куралдуу жаңжалдар” боюнча жылдык отчетунда айтылгандай, Сириянын армиясы жана өкмөтчүл Шабиха куралчан топтун бөлүктөрү 9-10 жаштагы балдарды атайлап бутага алып жатат.

Доклад БУУнун Сириядагы байкоочуларынын жергиликтүү жеткинчектер жана мурдагы аскерлер менен жүргүзгөн маектерге негизделип жазылган. Анда балдарды өлтүрүү, майып кылуу, камакка алуу, кордоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү фактылары камтылган.

Денелеринде кыйноолордун издери айыга элек балдар суракка алганда аларды катуу токмоктошконун, көздөрүн таңып, буту-колунан асып койгон бойдон зымдар менен сабашканын, бети-башын тамеки менен күйгүзүшкөнүн айтып беришкен.
Докладда атүгүл, бир өспүрүмгө электрошок колдонулган коркунучтуу факт да келтирилген.

Андан тышкары жашы жетелек балдарды куралдуу күчтөрдүн танктарына, башка аскердик унаага отургузуп алып, оппозициянын аскерлерине каршы урушта “тирүү калкан” катары пайдаланышканы айтылат.

Баяндама 9-мартта болгон конкреттүү бир окуяны сүрөттөйт. Ал күнү Идлиб чөлкөмүндөгү Айн Л-Руз кыштагында кезектеги рейдге бараткан өкмөттүк аскерлер өздөрүн коргоо үчүн ойноп жаткан он чакты баланы автобустардын терезелерине отургузуп алып өтүшкөн.

БУУнун Балдар жана куралдуу жаңжалдар боюнча атайын өкүлү Радика Кумарасвами Сирия режими жасап жаткан мындай зөөкүрдүктү, балдарга карата мындай ырайымсыздыкты эч жерден жолуктурбаганын айтат.

Бийлик чет өлкөлүк эркин журналисттердин өлкөгө киришин чектегендиктен, 15 айдан бери уланып келаткан кан төгүү тууралуу толук маалымат алуу кыйын. Улуттар уюмунун доклады ошол маалымат боштугун толтурууну көздөгөн.

Соңку кездери YouTube өңдүү социалдык сайттарда Хула жана башка айылдардагы кыргын тартылган видеолор пайда боло баштады. Хулада майдын этегинде ондогон аялдар менен балдар артиллериянын жаадырган окторуна туш болгон же жакын арадан баштарына атып өлтүрүлгөн.

БУУнун байкоочуларынын ырастоосунда, ал чабуулду Шабиха согушкерлери менен өкмөттүк армия биргелешип жасашканын далилдеген фактылар бар.
Интернетте 10-июнда жарык көргөн акыркы видеолордун биринде Бакас деген кыштакта 10 чакты баланын сөөктөрү, алардын жанында боздогон жакындарын көрсө болот.

Асаддын режими андай кыргындар үчүн жоопкерчиликти оппозицияга жүктөп, Батыш Дамаск өкмөтүн төңкөрүүнү максат кылууда деп айыптап келатат.
БУУнун соңку докладында балдарды өлтүрүүгө оппозициянын тиешеси бар деп айтылбаганы менен уруш майданында өспүрүмдөрдү суу, дары-дармек ташууга тарткандыгы үчүн оппозициядагы Сириянын Эркин Армиясы сындалат.

Ал тапта эл аралык коомчулук Сириядагы кризисти жөнгө салуу аракеттерин улантып жатат. Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хэйг Исламабаддагы пресс-конференцияда Сирия маселесине кайрылып, бийликти тынч жол менен өткөрүү керектигин белгиледи:

- Бул - Боснияда 1990-жылдардын башында болгон окуяларды эске салат. Бирок, менимче, Ливиядагы өткөн жылкы кырдаал менен салыштырбашыбыз керек. Биздин бардык аракеттерибиз Сириядагы бийликти тынч жол менен өткөрүүгө, кризисти тынч жол менен чечүүгө багытталат. Себеби күч колдонулса, мындан да көп адамдын өмүрү кыйылат, Сирия эли мындан да көп кыйынчылыктарга кептелет.

11-июнда БУУ жана Араб лигасынын Сирия боюнча арачысы Кофи Аннан Сириядагы абалга терең тынчсыздануусун билдирди. Анын тынчтык планына ылайык, өлкөгө эл аралык байкоочулар жайгаштырылган. Бирок жаатташкан тараптарды элдештирүү аракеттери үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген коркунуч сакталууда.

XS
SM
MD
LG