Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Хула "кыргыны": Дүйнө кыжырланды, Сирия төгүндөдү


Хуладагы кыргындын курмандыктарын БУУнун байкоочулары да көрүштү.
Хуладагы кыргындын курмандыктарын БУУнун байкоочулары да көрүштү.

Сирияга 28-майда Улуттар уюму менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннан келет. Анын бул сапары Хула шаарындагы кан төгүү эл аралык коомчулуктун кыжырдануусун жараткан учурга туш келди. Расмий Дамаск 92 адамдын, анын ичинде 32 жаш баланын өлүмүнө тиешеси жоктугун айтууда.

Сирия Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жихад ал-Макдиссинин ырастоосунда, Хуладагы кан төгүү үчүн “террорчулар” жоопкер жана расмий Дамаск муну иликтейт:

- Биз бул кыргынга өкмөттүк күчтөр жоопкер деген маалыматтарды чечкиндүү түрдө четке кагабыз. Сириянын элин: аялдарды, балдарды, кары-картаңдарды кылмыштуу жол менен бутага алган бул террордук кыргынды чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Биз аскерий-укуктук комитет түздүк. Бул комитет бардык жагдайларды иликтейт. Иликтөөнүн жыйынтыгы үч күндөн кийин жарыяланат.

Жума жана ишемби күндөрү Хомс провинциясындагы Хула деген шаарды аткылоодон 92 адамдын, анын ичинде 32 жаш баланын өмүрү кыйылган.

Араб жана Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Хула шаарындагы кан төгүүнү "кыргын" деп аташты.

БУУнун байкоочулар миссиясынын башчысы, генерал-майор Роберт Муд Дамасктан кабарчыларга буларды айтты:


-Бейкүнөө 32 баланын, көптөгөн эркектер менен аялдардын, өзгөчө балдардын өлүмү - ким баштаганына, ким жооп бергенине, ким кол кабыш кылганына карабай ырайымсыз кан төгүү. Бул Сирия элинин келечегине жана мүдөөсүнө урулган сокку.

Оппозиция активисттеринин айтымында, Хула шаарын президент Ассадга жантарткан күчтөр оппозициянын ири демонстрациясынан кийин өкмөттүк аскерлер сунни согушкерлери менен кагылышкан сон аткылашкан.

Алардын ырастоосунда, алавиттерден турган “Шаббиха” кошууну суннилер басымдуулук кылган аймакка жакынкы алавит кыштагына кол салып, көчөдөн эркектерди, үйлөргө кирип, аялдар менен балдарды аяган эмес.

БУУнун байкоочулары жума жана ишемби күндөрү эмне болуп жатканын билүү үчүн Хулага кирүүгө аракеттенген, бирок өкмөттүк аскерлер аларга жол бербей койгон.

Эл аралык айыптоо

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннан Хуладагы кандуу окуяны президент Башар Ассаддын режиминин эл аралык мыйзамдарды “одоно” бузуусу катары мүнөздөштү. Алар ошондой эле Сирия армиясы элге каршы оор курал колдонууну жана аскерлер же режимге жантарткан элдик кошуундар болсун - бардык кыянатчылыктарды токтотуусу керектигин белгилешти.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон Хуладагы кан төгүүнү “мыкаачылык” деп атап, ага жоопкерлер табылып, жазалануусу керектигине токтолду. Ага катар Кошмо Штаттар Ассадын жана анын жактоочуларынын “коркутуу жана өлтүрүүгө” ык алган өкмөтүн бийликтен кетүүсү үчүн кысымды күчөтүү максатында эл аралык коомчулук менен иштешип жатканын кошумчалады.

Британия Хуладагы окуялар үчүн эл аралык дэңгээлде жооп берилүүсү керек деп эсептейт. Франция “Сириянын достору” тобунун жыйынын уюштурууга аракеттенип жатканын билдирсе, Араб лигасы 2-июнда Катарга өз тышкы иштер министрлеринин жыйынын чакырды.

Сирия оппозициясынын сүргүндөгү лидерлери болсо Стамбулда түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы менен кездешти.

"Эркин Сирия" армиясынын согушкерлеринин жекшембидеги билдирүүсүнө караганда, эл аралык коомчулук Сирия бийлигине каршы конкреттүү чара көрмөйүнчө, алар мындан ары БУУ колдогон тынчтык планына байланбайт.

Бул аралыкта Ирактын коопсуздук күчтөрү Сирия армиясы менен козголоңчулардын чек арага жакын жердеги кагылышынан улам жекшембиде күжүрмөн даярдыкка келтирилди.

Соңку кан төгүүгө байланыштуу эл аралык коомчулуктан айтылган айыптоолорго карабай, өкмөттүк күчтөр козголоңчу күчтөрдү аткылоону жекшембиде да улантты.

Кырдаал курч бодон калууда

Мындан эки күн мурда БУУнун баш катчы Пан Ги Мун Коопсуздук кеңешине жолдогон баяндамада ок атышууну токтотууну караган план ишке кирип, БУУнун 270 байкоочусу жайгаштырылганына карабай, Сирияда кыянатчылыктар менен одоно укук бузуулар күн сайын орун алып жатканын айткан.

“Сириядагы жалпы кырдаал өтө курч бойдон калууда, кээ бир маселелерде гана бир аз жылыш болду”,- деп көрсөтөт БУУнун баш катчысы өз баяндамасында.

Пан Ги Мун кошумчалагандай, президент Башар Ассаддын өкмөтүнө каршы күчтөр кээ бир шаарлардын “басымдуу бөлүгүн” көзөмөлдөөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG