Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Сирия оппозициясы премьер-министрди шайлады


Гассан Хитто. Стамбул, 18-март 2013
Гассан Хитто. Стамбул, 18-март 2013

Cирия оппозициясы өткөөл өкмөттүн премьер-министри кылып, теги күрт Гассан Хиттону шайлады.

Анын алдында Сириянын өкмөттүк күчтөрүнөн бошотулган аймактардагы козголоңчуларга гуманитардык жардамды уюштуруу жана Башар Асаддын режимин алмаштырчу өкмөттү түзүү милдети турат.

Гассан Хиттону Сириядагы эркин аймактын утурумдун өкмөтүнүн премьер-министри кылып, Ыңкылапчыл жана оппозициячыл күчтөрдүн улуттук коалициясы шайлады. Аталган коалиция Сириянын өкмөткө каршы күчтөрүнүн ирдүүсү саналат.

Оппозициясынын өкүлү Ахмад Марван утурумдук өкмөттүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын бүгүн таңга жуук Стамбулда аяктаган жыйындан соң жарыя кылды:

- Ички устав - коалициянын Конституциясына ылайык, Сирия оппозициясынын улуттук коалициясы үчүн Гассан Хитто мырза убактылуу өкмөттүн жаңы премьер-министри.

Маалымдалганга караганда, Хитто 38 добуш менен жеңди. Атаандашы, ондогон жылдар айыл чарба министри болуп иштеген Асад Мустафа үч добуш кем алды. Премьер-министрди шайлоого Ыңкылапчыл жана оппозициячыл күчтөрдүн улуттук коалициясынын жетекчилигине кирген 73 адамдын 49у катышты. Мунун өзү чет өлкөдөгү оппозициянын түрдүү канаттары арасында биримдик жок экенин жышааналайт.

Хитто эң алды эрегишчилерге түрдүү жардамдарды уюштуруусу, убактылуу өкмөттү түзүүсү жана аны Сириянын өзүнө жайгаштыруусу абзел. Бул согуш майданындагы көтөрүлүшчүлөр менен байланышты жакшыртат. Азыр байланыш көбүнесе интернет менен жүргүзүлөт.

Президент Асадга ишенимдүү аскер авиациясы дале күчтүү. Алар 18-мартта Ливандын чыгышындагы сириялык эрегишчилердин жабыт жайы деп шектелген жерлерге сокку урду. Ошондуктан утурумдук өкмөттү Сирияга көчүрүү опурталдуу болушу мүмкүн дегендер да бар.

Оппозициячыл коалицияны Сирия элинин мыйзамдуу өкүлү деп, дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсү, анын ичинде АКШ, Британия, Франция, Түркия тааныган.

Оппозициянын утурумдук өкмөттү түзүүсү оппозиция ичинде бир нече айдан берки лидерлик үчүн күрөштүн да жыйынтыгы. “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, АКШ жана анын союздаштары козголоңчуларга жардамды көбөйтүүнүн бир шарты ирети анын бирдиктүү жетекчилиги болушун талап кылып жаткан.

50 жаштагы Гассан Хитто Сириянын байтакты Дамаск шаарында төрөлгөн. Акыркы 25 жылда АКШда жашаган. Маалымат технологиясы боюнча жогорку билимдүү кесипкөй адис. Америкалык аялы мугалим болуп иштейт. Төрт баласы бар.

Хитто 2001-жылдын 11-сентябрындагы кыйракандан кийин Америка-Ислам байланыштары кеңешинин мүчөсү катары мусулмандарды коргогон. Ал 2012-жылдын аягында адаватчылар ээлеген аймактардын калкына гумжардам уюштуруу үчүн Түркияга келген. Өзү айткандай, мындай кадамга баруусуна 25 жаштагы уулу Убайданын эрегишчилерге кошулуп кеткени түрткү болгон.

Гассан Хиттонун Башар Асад менен сүйлөшүүгө каршы болгону, серепчилердин айтымында, эки жылдан берки согушту саясий жол менен токтотууга жолтоо болушу мүмкүн.

Кээ бир маалыматтарда Гассан Хиттонун премьер болуусун Сирияда тыйуу салынган, бирок коалицияда таасири күчтүү “Мусулман агайындар” колдогону айтылат. Бул ырас болсо, Хиттого суннилер өзөгүн түзгөн адаватчылар ишенгенин көрсөтөт.

Улуттар уюмунун маалымдашынча, Сирияда 2011-жылдын мартынан бери жүрүп жаткан куралдуу калабада 70 миңден ашуун адам апат болду. 1 миллиондой сириялык сырт өлкөлөрдө качкын болуп жүрөт. Өлкө ичинде бозуп жүргөндөрдүн саны 4 миллиондон ашат.

XS
SM
MD
LG