Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Сирияда президенттик шайлоо өтүүдө


Башар ал-Асад (ортодо) жубайы Асма ал-Асад менен Дамасктагы шайлооканада, 3-июнь, 2014
Башар ал-Асад (ортодо) жубайы Асма ал-Асад менен Дамасктагы шайлооканада, 3-июнь, 2014

Үч жылдан бери жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат.

Шайлоону Батыш да, азыркы президент Башар ал-Асад менен күрөшүп жаткан радикалдык оппозиция да тааныбай турганын билдирген. Байкоочулар бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгында мамлекеттин башына кайра эле азыркы президент Асад келет деп ишенет.

Сириядагы талаштуу президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчысы Башар Асад Дамасктагы шайлооканалардын биринде добуш берди.

Асад жубайы Асма экөө добуш берип жатканын мамлекеттик телеканал көрсөттү.

Бүгүнкү шайлоону азыркы режимдин сынчылары менен эл аралык коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү катуу сынга алган. Анын натыйжасында Асад кеңири колдоо менен жеңет деп күтүлүп жатат.

Дамасктын айрым тургундары Рейтер агенттигине сүйлөп, алар шайлоону колдой тургандыгын айтышты. Өзүн Сухейла ал Мухаммад деп тааныштырган аял коопсуздук үчүн добуш бергенин айтып, “Сирияны алсыздандырууну каалагандардын тилеги таш каап, өлкө алдыда күчтөнөт деп ишенем”, - деди.

Ал эми өзүнүн бюллетенин сыя менен эмес, каны менен белгилеген Алаа деген киши: "Каным менен добуш берүү – эң эле кичине милдет. Менимче, шайлоо – биздин оюбузду билдирүүнүн эң эле туура жолу. Биз өлөр өлгөнчө президент Башар ал-Асад менен болобуз", - деди.

Азыр Асад менен президенттик кызмат орду үчүн Махер ал-Хажжад жана Хассан ал-Нури деген кеңири коомчулукка белгисиз талапкерлер күрөшүп жатышат.

Шайлоо бул ирет жалпы өлкөнүн аймагында эмес, азыр өкмөттүк аскерлер көзөмөлдөгөн гана жерлерде өтүүдө.

Сирияда 2011-жылдын жазынан бери уланып жаткан жарандык согушта 160 миңден ашуун адам көз жумду. Дагы көп миллиондогон эл башка жактарга качууга аргасыз болгон.

Бүгүнкү добуш берүүгө режимдин союздаштарынан – Түндүк Корея, Ирак жана Орусиядан – байкоочулар көз салышууда.

Америка Кошмо Штаттары болсо шайлоону “демократиянын пародиясы” деп атаган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG