Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Сирияда атышуулар кескин күчөдү


Сириянын борбору Дамаскиде 15-июлдан бери уланып жаткан айыгышкан атышууларда өкмөттүк аскерлер тик учактар менен танктарды колдонуп жатышканы кабарланууда. Окуя шаардын кеминде төрт башка районунда болуп жатат.

Сирияда президентке каршы толкундоолор 16 ай мурда башталгандан бери атышуулар мынчалык оор болгон эмес дешет.

Өздөрүн Сириянын Эркин армиясы деп атаган оппозициянын өкүлдөрү президент Асаддын режимине каршы бүт күчүн жумшаган операция жарыялап, муну “Сирияны титиреткен күрөш” деп атады.

Алар соңку аракеттерин “Сирияны толугу менен жарандык баш ийбестик мамлекетине” айландырчу операция деп, чабуулдар шаардагы жана жумурияттагы бүт коопсуздук бекеттерине жасаларын айтышты.

Бул эле эмес, куралчан оппозиция Асаддын режимин колдогон өлкөдөгү бардык чет өлкөлүк аскерлерди – Ливандын “Хезболла” шийи козголоңчуларын, Ирандын Революциялык гвардиясынын мүчөлөрүн, ирактык козголоңчулар менен Асадга жан тарткан палестиналык фракцияларды – да соккуга аларын билдирди.

БУУ абал курчуганын айтат

Женевада Бириккен улуттар уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо мекемесинин башкы директору Жон Гиң өлкөдө абал курчуган сайын гуманитардык жардамды элге жеткирүү иши да татаалдаша баштаганын айтууда.
Ал эми Улуттар уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын өкүлү Эдриан Эдвардс Сириядан качкандардын саны кескин жогорулаганын белгиледи.

"Быйыл апрелден бери биздин жардам менен Иракка, Иорданияга, Ливанга жана Түркияга качкан адамдардын саны үч эсеге өстү жана 112 миң кишиге жетти, - деди Эдвардс. - Алардын басымдуу бөлүгүн аялдар менен жаш балдар түзөт. Адамдар такыр каражаты калбай калганда гана качкын катары катталып жаткандыктан, алардын реалдуу саны мындан алда канча көп болсо керек деп жатабыз".

Түркиянын өкмөтүнөн кабарлашкандай, Сириянын өкмөттүк армиясынын айрым генералдары жана аскерлер да азыр качкындар менен кошо Түркияга өтүп кетишти. Ошентип өкмөттүк күчтөрдүн катарынан чыккан генералдардын саны 18 адамга жетти.

Сирияда эл өкмөткө жана президент Башар ал-Асадга каршы нааразылыктарга чыгып, алгачкы атышуулар башталган былтыркы жылдын мартынан бери өкмөттүн катарынан качкан жогорку кызматтардагы адамдар азыр башкаларды да оппозицияга кошулганга үндөп жатышат.

Шейшембиде Сириянын Ирактагы мурдагы элчиси, оппозиция тарапка өтүп кеткен Наваф ал-Фарес “президент Асаддын режими өзүн бийликте сактап калыш үчүн элге каршы химиялык курал колдонгондон да кайтпайт” деп билдирди. Ал Асаддын бийлигин “ал-Каида” менен иштешет деп да айыптады.

"Орусия колдойт"

Ал арада Бириккен улуттар уюму менен Араб лигасынын Сирия боюнча атайын өкүлү Кофи Аннан бүгүн Орусияда президент Владимир Путин менен жолугушту. Сириянын президенти Башар ал-Асадга каршы катуу чараларга барыш үчүн Аннан Орусиядан колдоо тапканга аракет кылууда. Ал сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Путин Аннанга кайрылып, анын аракеттерин колдой турганына ишендирди.

"Биз Бириккен улуттар уюмунун жана Араб лигасынын атайын чабарманы катары Сирияда тынчтыкка жетишүү үчүн сиз көрүп жаткан аракеттерди башынан эле колдоп келгенбиз, - деди Путин. - Баарыбыз сизди өтө ак ниеттүү, мыкты иш билги адам катары билебиз жана сизди көпчүлүк колдой турганынан да кабарыбыз бар. Мен сизди колдош үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз деп ишендиргим келет".

Буга чейин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде Сириянын өкмөтүн өлкөдөгү окуялар үчүн катуу айыптаган резолюцияны Орусия менен Кытай добуш берүүдө өткөрбөй коюшкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG