Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Пентагон козголоңчуларга курал таштады


Сирияда Орусиянын аба чабуулдары уланууда.
Сирияда Орусиянын аба чабуулдары уланууда.

Эл аралык мунапыс уюму сириялык күрттөрдү согуш кылмыштары үчүн айыптады. Ал тапта Пентагон Сириянын түндүк-чыгышында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы согушуп жаткан козголоңчуларга 50 тонна курал-жарак таштаганын маалымдады.

Amnesty International укук коргоо уюму АКШ колдогон Сириядагы күрт козголоңчуларын согуш кылмыштары, анын ичинде миңдеген адамды үй-жайсыз калтырып, турак жайларды талкалаганы үчүн айыптады. Күрт козголоңчуларынан бир нече кыштактын тургундары ыдык көрүшкөн. Өткөн жылы күрттөр “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун сүрүп чыгарып өлкө түндүгүндөгү кеңири аймакты басып алган. Учурда алар толугу менен Хассакех провинциясын кармап турушат.

Уюмдун маалыматына ылайык, күрттөр эл аралык укуктук нормаларды бузуп, согуш кылмышына тете чабуулдарды жасашты. Бирок күрттөрдүн өкүлү Редур Кселил бул айыптоолорду четке кагууда.

Өткөн жылы күрт кошуундары АКШ башында турган коалициянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы жүргүзгөн күрөшүнө колдоо көрсөткөн эң натыйжалуу өнөктөш болууга жетишкен.

Ал тапта Пентагон Сириянын түндүк-чыгышында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы согушуп жаткан козголоңчуларга 50 тоннадай курал-жарак жеткиргенин кабарлады. Мекеменин маалымат катчысы Питер Куктун айтуусунда, С-17 жүк ташуучу учагы 13-октябрга караган түнү Хассакех провинциясына согуштук курал-жарактын баарын козголоңчуларга абадан таштады.

Бул операция АКШ “Ислам мамлекетине” каршы согушуп жаткан күчтөрдү машыктыруудан баш тарткан соң ишке ашты. Расмий Вашингтон машыктыруунун ордуна козголоңчуларды курал менен жабдууну туура көргөн.

Бул тууралуу өткөн аптада Мамдепартаменттин өкүлү Жон Кирби билдирген:

- Азыр мурда натыйжа берген иштерге басым жасалат. Башкача айтканда, козголоңчуларды машыктыруу боюнча бир топ суроолор жаралганы жашыруун эмес. Ошол эле маалда курал-жарак берүү тажрыйбасы Кобаниде натыйжа берген. Иракта да өз натыйжасын берди.

Мамдепартаменттин өкүлү Жон Кирби
Мамдепартаменттин өкүлү Жон Кирби

Пентагондун маалыматына ылайык, курал ташталган козголоңчу топтордун лидерлери атайын текшерүүдөн өткөн жана АКШ баштаган эл аралык коалициянын ишеничине кирген.

Ушул дүйшөмбүдө Сирияда президент Асаддын бийлигине жана “Ислам мамлекетине” каршы күрөшкөн “Раккинин революциялык фронту” жана күрт козголоңчулары биригип “Сириянын демократиялык күчтөрү” альянсын түзүштү.

Ошол эле учурда орус аба күчтөрү Сириянын түндүк-батышындагы Саль аль-Габ провинциясындагы чабуулдарын күчөткөнү маалымдалды.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү орус аскерлеринин жардамы менен бул стратегиялык маанилүү районду өз карамагына алууну көздөп жатышат. Расмий маалыматтарга ылайык, учурда айыгышкан салгылашуулар Хама провинциясында да жүрүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков аба соккулар Сириянын бир катар провинцияларында жүрүп жатканын ырастады:

- Акыркы 24 саат ичинде СУ-34, СУ-24, СУ-25 учактары Ракка, Хама, Идлиб, Латакия, Алеппо провинцияларындагы террорчулардын 86 болжолдуу жайларына 88 сокку урушту.

Орусия Сирияда 30-сентябрдан тарта аба чабуулдарын баштаган. АКШ, Британия жана Түндүк Альянска кирген бир катар өлкөлөр Орусиянын соккуларынын айрымдары гана радикал экстремисттерге багытталып, калганы негизинен Башар Асадга каршы чыккан оппозициячыл топторду бутага алып жатканын айтышууда.

Орусия Сириядагы аба чабуулдарын күчөттү.
Орусия Сириядагы аба чабуулдарын күчөттү.

XS
SM
MD
LG