Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Араб Лигасы Асадга "коопсуздук" сунуш кылды


Сирия президенти Башар Асад. Дамаск, 26-июнь, 2012.
Сирия президенти Башар Асад. Дамаск, 26-июнь, 2012.

Эгер Сирия президенти Башар Ассад өз ыктыяры менен бийликтен кетип, өлкөдөгү кан төгүүлөрдү токтотконго жардамдашса, анын жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу камсыздалат.

Мындай сунуш Араб Лигасынын Катардын борбору Дохада өткөн жыйынында жасалды.

Араб Лигасы ошондой эле коңшулаш өлкөлөрдөгү сириялык бозгундарга жардам иретинде 100 миллион доллар убада кылды. Дохада өткөн жыйын Эркин Сирия Армиясын утурумдук өкмөт түзүүгө да чакырды. Өткөөл мезгилде Сирияны башкарчу убактылуу өкмөткө президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн бардык күчтөрдү тартуу сунуш кылынаары айтылат Араб Лигасынын кайрылуусунда.

Акыркы күндөрү Сириянын байтакты Дамаскиде жана өлкөдөгү экинчи чоң шаар Алепподо катуу салгылашуулар жүрдү. Соңку маалыматтарга караганда, Асаддын бир тууганы Махер жетектеген тандалма төртүнчү дивизия Дамаскинин түндүк чыгыш ныптасында Барзехти тикучарлардын жардамы менен ээледи. Дамаскинин батышын бөлүгүндөгү Мезза району да козголоңчу күчтөрдөн бошотулганы кабарланды.

Сириянын өкмөттүк телеканалы урушта көптөгөн “террорчулар” өлтүрүлгөнүн маалымдады; алардын жасаттарын жана колго түшүрүлгөн куралдарды, кыйраган имарараттарды көрсөттү. Оппозиция тараптын айтышынча, имараттар артиллериялык чабуулда кыйраган болушу мүмкүн.

Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына көзөмөл салчу борбордун билдиришинче, былтыр мартта Асаддын режимине каршы көтөрүлүш башталгандан берки кагылыштарда 19 миңден көп адамдын каны төгүлгөн.
Бирок береги маалыматты көз карандысыз булактар тастыкташа элек.

Сириядагы кырдаалды Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Брюсселде талкуулаганы жатышат.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильд дүйшөмбү күнү Брюсселде журналисттер менен кездешүүдө Асаддын режими кулаганга чукул калганын айтты:

- Режим кулайт. Сирия өтө оор абалда калат. Биз ошондон кийин эмне кыларыбызды көңүл борборунда кармашыбыз керек. Ал күн качан келерин билбейбиз. Бирок ал күн келерин билебиз. Биз биринчи кезекте режим жана андан соң чатак кыйраткан өлкөгө саясый жана экономикалык жардам көрсөткөнгө даяр болушубуз абзел.

Батыш өлкөлөрүнүн Асаддын өкмөтүнө каршы санкцияны күчөтүү боюнча сунушуна өткөн аптадагы БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Орусия жана Кытай каршы чыккан. Бул Батыш өлкөлөрүн аябай кыжаалатка салганын Британиянын тышкы иштер министри Вильям Хэйг Брюсселде билдирди:

- Биз өткөн жумада Коопсуздук Кеңешине киргизген резолюцияга Орусия менен Кытайдын вето колдонуусу бизди кыжаалтка салды жана айраң калтырды. Менин оюмча, дем алыш күндөрдөгү окуялар, анын ичинде өлүм-житимдин көбөйгөнү, зобун-зордуктун Сириянын башка бөлүктөрүнө жайылганы ал резолюция абдан зарыл экенин көрсөтүүдө.

Болжолдонгондой эле Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Сирияга каршы аскерий эмбаргого ылайык, Асаддын режимине согуштук куралдарды ташыган кемелерди жана учактарды текшерүү күчөтүлсүн деп чечишти. Ошондой эле Сириялык даражалуу 27 расмий адамга жана үч компанияга каршы санкцияны бекитти.

Евробиримдик Сирияга курал сатууга каршы эмбаргону былтыр майда кабыл алган. Бирок бүгүнгө чейин Сирияга жүк тарткан кеме-учактарды текшерип-текшербөөнү уюмга мүчө ар бир өлкө өзү чечүүчү.

XS
SM
MD
LG