Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Сирия: Курман айт жана үмүт


Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөр аткан мечиттен аман калгандарды чыгаруу аракети. 17-октябрь, 2012-жыл.
Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөр аткан мечиттен аман калгандарды чыгаруу аракети. 17-октябрь, 2012-жыл.

Жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияда мусулмандардын алдыдагы ыйык майрамы - Курман айт күндөрү ок атышуу убактылуу токтойбу деген үмүт айтылууда.

Мындай сунуш менен БУУнун атайын чабарманы чыгып, анын чакырыгын Сириянын каршылашкан эки башка тарабын колдогон Түркия жана Иран бир учурда кубаттады. Бирок кан төгүү коштогон кризистин аягы эмне менен бүтөрү али белгисиз болуп турат.

Улуттар уюму менен Араб лигасынын атайын чабарманы, Сириядагы туңгуюктан чыгуунун жолдорун соңку күндөрү Жакынкы Чыгыштын лидерлери менен талкуулап жүргөн Лахдар Брахиминин пикиринде, азыркыга чейин 20 миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйган уруштун убактылуу токтошу жаңжалды андан ары жөнгө салууга карай “тырмактай” кадам болмок.

Чөлкөмдөгү сапарын улантып жаткан Брахими бейшемби күнү Иордания борбору Амманга келген кезинде ок атышууну убактылуу токтотуу ыктымалдуулугу жөнүндө буларды айтты:

- Ок атышууну токтотууга чакырык, эгер ийгилик тапса, бизге чыныгы элдешүүнү жаратууга мүмкүндүк берет. Ок атышуунун токтошу, андан кийинки саясий жараян сириялыктарга өз көйгөйүн чечүүгө жардамдашып, алар эңсеген Сирияны калыбына келтирүүгө жол ачат. Бул жаңжал, кандай аташты өзүңөр билгиле, Сириянын чек арасы менен эле чектелбейт. Аймакка, атүгүл аймактын тышына да таасир берет.

Лахдар Брахими Иорданияга чейин Ливанда болгон кезинде Сириядагы жаңжалдын аймакты “өрткө чулгагыдай” потенциалы бардыгына токтолгон эле.

Брахиминин жогорудагыдай кооптонуусу БУУнун Сириядагы укук бузууларды иликтеген комиссиясынын башчысы Пауло Сергио Пинейронун апта башындагы билдирүүсүн улай айтылды.

Ал шейшемби күнү Нью-Йорктогу басма сөз жыйында Сириядагы жүздөгөн исламчыл согушкерлердин кырдаалды радикалдаштырып жиберүү коркунучу бар болгонун белгилеген.

Пинейронун айтымында, БУУ дайындаган комиссия мүчөлөрү жүргүзгөн 1100дөй интервью Сирияга коңшу өлкөлөрдөн согушкерлер келгенин көрсөткөн. Ушул фактылардан улам, комиссия башчысынын пикиринде Сирияга келген жүздөгөн чет элдик согушкерлер демократиялык мамлекет куруу үчүн эмес, өздөрүнүн радикал максаттары үчүн согушуп жатат деген кооптонуу жок эмес.

Улуттар уюмунун чабарманы Брахими ок атышууну араб дүйнөсүндө 26-октябрдан тарта төрт күн майрамдалуучу Курман айт күндөрү токтото турууну сунуш кылууда.

Биринчи кадам өкмөттөн

Брахиминин сөздөрүнө караганда, анда козголоңчулардын лидерлеринен, эгер биринчи кадамды өкмөт таштаса, ал ок атышууну токтотууну карманышары жөнүндө кепилдик бар. Сирия бийликтери бул чакырыкка этият мамилесин билдирди.

Бирок өкмөттүк маалымат каражаттар, алар “бирдиктүү командачылыгы жок” деп ырастаган козголоңчулар ок атышууну бир учурда токтото алышарынан күмөн санашты. Брахими өзү Дамаскка алдыдагы ишембиде барат деп күтүлүүдө.

Америкалык “Нью-Йорк Таймс” басылмасы БУУ чабарманынын ок атышууну убактылуу болсо да токтотуу аракеттерин комментарийлеп, анын демилгесин Сирияда каршылашкан эки башка тарапты колдогон Түркия жана Иран бир учурда кубаттаганына көңүл бурду.

Жүз миңден ашуун сириялык качкынга баш паанек берген Анкара Дамасктагы режим менен тирешип, президент Асадды бийликтен кетүүгө утур-утур чакырса, Иран, тескерисинче, Асаддын коргоочусу жана союздашы.

Түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы Анкарадагы басма сөз жыйында Сирияда Айт күндөрү ок атышуунун токтошу абдан зарыл экенин белгилеп, бирок узак мөөнөттүү тынчтык белгилүү бир чараларды талап кыларын эскертти:

- Абадан камалоолор, артиллериядан, танктардан аткылоолор тезинен токтотулушу керек. Тараптардын баары Айт учурунда ок атышууну токтотууну макулдаша алат деп үмүттөнөбүз. Биз Брахимини колдоорубузду буга чейин эле айтканбыз жана башкаларды да ушуну жасоого чакырабыз. Балким жума күнү тийиштүү өлкөлөрдүн баарын колдоо жөнүндө билдирүү жасашат. Чогуу, же өз өзүнчө, бирок бир учурда окшош нерсени айтышат.

Түрк тышкы иштер министри Сирияда ок атышуу токтошуна салым кошо алуучулар катары Араб лигасын, Иранды, Египетти атады. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад ок атышууну токтотуу сунушуна колдоосун шаршемби күнү билдирген.

Кан төгүү уланууда

Бейшемби күнү Дамаскта Ички иштер министрлиги менен чалгын кызматтарынын кеңселерине жакын жерде мотоциклге коюлган бомба жарылды. Маалыматтарга караганда, жардырууну жанкечти жасаган болушу мүмкүн.

Анын алдында оппозиция активисттери өкмөттүн Идлиб жана Алеппо провинциясынын төрт шаарына жасаган аба соккуларынан кеминде жыйырмадай киши каза тапканын маалымдашкан.

Өкмөттүк САНА жаңылыктар агенттиги аскерлер Маарат деген аймакта “кыштактарды тазалоо” учурунда көптөгөн согушкерлерди жок кылганын же жарадар кылганын, согушкерлер Ирак чегине жакын жерде эки мунай жана газ куурун жардырышканын кабарлады.

Ал эми Avaaz деген бейөкмөт уюмдун лидерлери козголоң башталгандан бери коопсуздук кызматтары кармап кеткен 28 миңдей киши дайынсыз жоголгонун, иликтөө баштоо үчүн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине тийиштүү документтерди беришерин айтып чыгышты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG