Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Сирия менен Йеменди толкундоолор басты


Сириянын Дараа шаарындагы бийликке каршы демонстарция, 23-март.
Сириянын Дараа шаарындагы бийликке каршы демонстарция, 23-март.

Йемен менен Сирияда оппозиция жума намаздан кийин өкмөткө каршы элди көчөгө чыгууга үндөдү.

Сириянын Дараа шаарында жүздөгөн адам өкмөткө каршы жүрүшкө кошулду. Cоциалдык сайттардын 78 миң чамалуу колдонуучусу бул күндү «Ар-намыстын ойгонушунун күнү» деп жазышты.

Жума күнү Йеменде президент Абдулла Салехтин миңдеген жактоочулары жана оппозициянын миңдеген колдоочулары өз-өзүнчө митинг өткөрүштү. Ортодо кагылышуу чыкпай, эл тынч тараганы кабарланды.

Бул күнү шаардагы бардык чоң жолдорго аскерлер катары менен тизилип, башка жактардан келген адамдарды Санаага киргизбей артка кайрып жатышты. Ошентсе да, түшкө маал шаардын ар кайсы жерлеринде миңдеген йемендиктер чогулуп, өлкө президентинин кызматынан кетишин талап кылып кыйкырып жатышканы кабарланды.

Он миңдей тарапкери астында сүйлөгөн президент Салех: “бардык кыйынчылыктарга каршы бекем турабыз. Коррупциялашкан, жек көрүүгө ууланган адамдарга Йеменди өткөрүп бербейбиз”, - деп убада кылды.

Өткөн жума күнү Йемендин коопсуздук күчтөрү көчөдө чогулган элге каршы ок ачып, 40тан ашуун демонстрант набыт болгон. Йемендеги оппозиция баштаган демонстранттар 1978-жылдан бери бийликте турган өлкө президенти Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылууда.

Бир нече күндөн бери Санаанын көчөлөрүндө өкмөттүк күчтөр да, оппозиция да блокпостуларды орнотуп жатышат, көчөлөр куралчан адамдарга толду. Президент Салех өлкөдө жарандык согуш от алат деп эскертип, ал үчүн жоопкерчиликти алдын ала оппозицияга оодарды

- Саясий диалогго келгиле, биз бийликти тынч эле өткөрүп беребиз. Биз ортодогу маселелерди талкуулайлы деп мурда да чакырганбыз, алар келишкен жок. Дагы кан төгүлчү болсо, жоопкерчиликти оппозиция өзүнө алат.

32 жылдан бери бийликте турган Йемендин президенти Салех бул жылдары сепаратисттик кыймыл, Ал-Кайда менен, кез-кези менен түндүктөгү шийит урууларына каршы күрөшүп келатат.

Дагы бир арап өлкөсү Сирияда соңку күндөрү толкундоолор күч алды. Сириянын коопсуздук күчтөрүнүн колунан курман болгон тогуз адамдын бейшембиде өткөрүлгөн тажыясына 20 миң чамалуу адам чогулду. Активисттер “Кудай, Сирия, Эркиндик!” деп кыйкырып турушту.

Бийликтер бир нече күнгө созулган кандуу кагылыштардан кийин өлкөдө саясый реформа жасоо убадасын берди. Бир аптадан бери тынбай чыгып жаткан демонстранттар 1963-жылдан бери аракеттеги чукул кырдаалдар тууралуу мыйзамды жокко чыгарууну талап кылууда. Бул мыйзамга ылайык, полиция адамдарды уруксатсыз кармап, тергөөсүз эле түрмөгө камоого укуктуу.

Сириянын президенти Башар Асад аталган мыйзамды жокко чыгаруу мүмкүндүгүн изилдей турган комитет түзүү чечимине келгенин анын кеңешчиси Бусейн Шаабан кабарлады.

Сириянын түндүгүндөгү Даара шаарында шаршембиде коопсуздук күчтөрү менен демонстранттар кагылышып, отуздай жаран курман болгон эле.

XS
SM
MD
LG