Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Тажикстан Орусиянын коопсуздук калпагы астында


Орусия президенти Дмитрий Медведев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен. Дүйшөмбү, 2011-жылдын 2-сентябры.
Орусия президенти Дмитрий Медведев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен. Дүйшөмбү, 2011-жылдын 2-сентябры.

Өткөн жума күнү Тажикстан Орусия менен тажик-ооган чек арасын кайтаруу тууралуу келишимге жетишти.

Ошондой эле Тажикстан өз аскер базаларынын Орусияга ижарасын дагы дээрлик жарым кылымга узартууга макул болду. Азыр эми маселе «Бул ижара үчүн тажик тарап канча акы алат?» деген суроого такалууда.

Ижара акысы 300 миллион долларбы?


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Тажикстанда Орусиянын аскердик турумун сактап калуу боюнча бир катар келишимдерге жетишти. Тажик президенти Эмомали Рахмон экөө 2-сентябрда Тажикстандын Ооганстан менен чек арасын кайтаруудагы кызматташттык тууралуу макулдашууга кол коюп, ошондой эле Орусиянын Тажикстандагы аскердик жайларынын ижарасын дагы дээрлик 50 жылга узартууну талкуулады. Орусиянын 201-дивизиясынын Тажикстанда дагы 49 жыл калышы боюнча келишимге тараптар келерки жылдын башында кол коюга макулдашты.

Өткөн аптадагы макулдашуулар жарыяланганда Медведев менен Рахмондун бири да бул документтердин шарты боюнча кеңири маалымат беришкен жок.

Азыркы суроо "Тажикстан Орусиядан базанын ижарасы үчүн канча алат?" - деген маселеде болуп жатат. Себеби Тажикстандын тышкы иштер министри Хамрохон Зариф бир жылга 300 миллион доллар деген сумманы атаган эле. Бирок тажиктер мынчалык акы алаары күмөн.

Бул тууралуу орусиялык журналист, коментатор Аркадий Дубнов мындай дейт:

- Бул келишимдерге кол коюунун маалы Орусиядагы президенттик шайлоонун активдүү фазасына туура келет экен. Шайлоо келерки жылы мартта өтөт эмеспи. Ошондуктан бул убада аткарылаарына абдан күмөн санап жатам. Ким билет, балким чын эле акы киргизилет. Бирок болсо 10 миллион доллардын ары-берисинде эле болот болуш керек.

2004-жылы кол коюлган 10 жылдык ижара келишими боюнча, Орусия Тажикстандагы үч аскер базасын жана аба майданын бекер пайдаланат. Буга салыштырмалуу, Орусия Кыргызстандагы бир база үчүн 4.5 миллион доллар төлөйт.


Орусиянын экинчи ири аскер таянычы


Коргон-Төбө, Кулоб шаарларында жана баш калаа Дүйшөмбүдө бардыгы болуп орусиялык 5500-7000дей аскер жайгашкан.

Украинанын Севастопол портунда Орусия 13 миң аскер кармайт. Ошондо Тажикстан Орусинянын чет өлкөдөгү экинчи ири аскер таянычы болуп саналат.

Болжолу Тажикстан акыры өз базаларынан пайда көрө баштайт шекилдүү. Бир эле мезгилде тажик өкмөтү абалдан пайдаланып, Орусиянын мунай товарларынын бажы салыгы өңдөңгөн эки ортодогу олуттуу маселелерде Москваны ыкка келтирүүгө мүмкүнчүлүк алууда.

Ушул жылдын башында Орусия бажы салыгын беш пайызга көтөрүп жибергенде, Тажикстандын май куючу бекеттеринде дүрбөлөң чыгып, башаламандык болуп кеткен эле.

Буга кошумча, Орусияда ар жети тажиктин бири кара жумушта иштээрин эсепке алганда, эки өлкөнүн кызыкчылыктары киндиктеш экендигин баамдоо кыйын эмес.

XS
SM
MD
LG