Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Тажикстан: имамдар сакалын кыскарта баштады


Тажикстандык имамдар. 2014-жылы тартылган сүрөт.
Тажикстандык имамдар. 2014-жылы тартылган сүрөт.

Тажикстанда сакал боюнча чектөө имамдарга жетти.

Биринчилерден болуп Хатлон облусунун Дусти районунда жергиликтүү бийлик имамдардын сакалы үч сантиметрден ашпашы керек деген норма киргизди. Алар мындай сакал динге, улуттук каада-салтка дагы ылайык экенин айтышууда.

Тажикстанда мындан эки жыл мурун узун сакалга каршы калайман жараян жүргөн. Өлкө боюнча миңдеген эркектердин сакалы күчтөп алынган эле. Укук коргоочулар тажик бийлигин адам укуктары боюнча айыптаган.

Жергиликтүү бийликтин сунушу менен сакалын биринчилерден болуп Дусти районунун борбордук мечитинин имамы Насрулло Файзуллоев кыскартты. Бул тууралуу ал "Азаттыктын" тажик кызматына айтып берди.

- Менин буга чейинки сакалым деле Аалымдар кеңешинин нормасынын талабына жооп берчү. Азыр болсо менин сакалымдын узундугу үч сантиметрден ашпайт.

Тажикстанда Аалымдар кеңеши 2012-жылы ноябрда сакал боюнча атайын норма киргизген. Анда ханафи мазхабына ылайык, сакалдын узундугу бир уучтан ашпашы керек деп жазылган.

Имамдардын, дин кызматкерлердин сакалы боюнча атайын эреже киргизүүнү Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет сунуштаганы айтылган.

Тажикстанда 2014-жылдан бери мамлекет диний кызматкерлердин ичинен имамдарга гана айлык берет. Өлкө боюнча жалпысынан 265 имам бар.

Өлкөдө сакал боюнча чектөө негизинен 2009-жылы мугалимдерден башталган. Анда жашы элүүдөн ашпаган эркек мугалимдерге узун сакал коюуга таптакыр тыюу салынган.

Мындан эки жыл мурун тажик бийликтери сакалга каршы калайман кампания жүргүзгөн. Күч органдарынын кызматкерлери өлкөнүн бардык аймагында миңдеген эркектерди сакалына байланыштуу кармаган. Алардын тек-жайын тактап, колунун изин алган соң сакалдарын зордоп кырдырган эле.

Өз эрки менен сакалын албагандарга 150 сомони айып пул салынган. Маселен, бир эле Хатлон облусунда жергиликтүү бийлик кеминде 13 миң адамдын сакалын күчтөп алдырганы айтылган.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги бул жараянга катышы бар экенин ар дайым танып келген жана жетекчиликтин атайын буйругу чыкканы тууралуу маалыматты жокко чыгарган. Бирок ошол жылы жазында жарандардын сакалын күчтөп алдырганы үчүн эки милиция кызматкери административдик жазага тартылганы маалым болгон.

Сакал тууралуу Дүйшөмбү шаарында 11-июлда "Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамдын он жылдыгына арналган жыйында да сөз болгон эле. Президент Эмомали Рахмон "Кудайды чалма салынбай, дамбал кийбей, сакал койбой деле тааныса болорун" дагы бир жолу белгилеген. Соңку кездери интернеттеги айрым сайттардын таасиринен улам айрыкча аялдар арасында өлкөгө жат кийинүү маданияты кеңейип жатканын эскерткен. Кээ бир кыз-келиндер динчил экенин сырткы көрүнүшү менен көрсөтүп, карага оронуп-чулганып алганып, улуттук маданиятка шек келтирип жатат деп да зекиген.

Айрым эксперттердин пикиринде, сакалга каршы жараяндын башкы максаты коомду радикалдашуудан сактоо жана светтик башкаруу формасына шек келтирбөө болуп саналат. Тажик бийликтери эң ириде коомдо экстремисттик маанай күчөп, айрыкча жаштардын мындай уюмдарга азгырылып жатканына кабатыр.

Бир катар укук коргоочулар болсо сакалга байланыштуу чектөөнү жарандардын жеке жашоосуна кийлигишүү, адам укугун бузуу деп эсептешет. АКШнын Мамлекеттик департаментинин адам укуктары боюнча баяндамасында расмий Дүйшөмбүнүн сакалга чектөө киргизүү аракети кескин сынга алынган. Анда сакал коюуга толук тыюу салынбаганы менен, көп учурда сакал кое берген жарандар кодуланып жумушка орношууда кыйынчылыктарга кабылып жатканы белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG