Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Тажик өкмөтү Фэйсбукка жолтоо болууда


ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович шаршембиде жасаган билдирүүсүндө Тажикстан өкмөтүн Фэйсбук жана бир катар башка вебсайттарды жабуу буйругун жокко чыгарууга үндөдү.

Анын алдында Тажикстандын Интернет провайдерлер ассоциациясы сайттарды тороо өлкөнүн аброюна шек келтирет деген билдирүү таратышкан. Өткөн жумада өкмөттүн алдындагы Байланыш кызматы Фэйсбук жана башка сайттарды чыгарбоо буйругун берген. Анын себеби катары техникалык-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшү аталганы менен, бул чара “Тажикстан ыңкылаптын босогосунда” деген макалага байланыштырылууда.

Тажикстан -- Тосулган Фэйсбук баракчасы.
Тажикстан -- Тосулган Фэйсбук баракчасы.

Интернет провайдерлердин айтымында, 2-мартта тармакты тескеген Байланыш кызматы бир катар вебсайттарды, анын ичинде Фэйсбукту чыгарбоо жөнүндө адегенде ооз эки, кийин жазуу түрүндө буйрук берген. Кызматтын лицензиясы менен иштеген провайдерлер буйрукту аткарууга милдеттүү.

Ассоциация мындай негизсиз жана мыйзамда каралбаган кадамдар Тажикстандын эл аралык сахнадагы аброюна шек келтирет жана улуттук маалымат коопсуздугуна коркунуч туудурат деп билдирди.

Байланыш кызматынын жетекчиси Бег Зухуров бул чара техникалык себептерден улам көрүлүп жатканын ырастоодо. Бирок ал кайсы техникалык проблемалар экенин тактаган жок.

Зухуров “Азаттыктын” тажик кызматына берген интервьюсунда ошондой эле сайттардын блокировкасы тууралуу буйрук үстү жактан берилген деген маалыматтарды четке какты. Ал айрым сайттар жумурият бийлигинин ар-намысына доо келтирген, чындыкка коошпогон макала, комментарийлерди ачыктан ачык чыгарып жатышканын сындады:

- Мындай абал кооптондурбай койбойт. Интернетте жакшылап анализделбеген, текшерилбеген калп маалыматтар тарап жатат. Кээ бирлер акча үчүн эле оюна келгенди жазышат. Адамдар интернеттен жакшы бир нерселерди күтүшөт. Алар болсо интернетти дискредитациялап, башкаларды кемсинтип, өз аттарын койбостон жаза беришет.

Ал учурда россиялык “Коммерсант” гезитинин талдоочусу Сергей Строкань “Полярная звезда” басылмасында жарык көргөн “Тажикстан ыңкылаптын босогосунда” деген макалага эч кандай тиешеси жоктугун “Азаттыкка” тастыктады:

- Мен бул макаланы жазган эмесмин. Алдына менин атым коюлган макаланы окуп чыктым. Анын себептерин билбейм, балким, өз аттарын жазуудан коркуп, белгилүү журналисттин ысымын пайдаланууну чечишкен. Кечээ кызыгып, окуп чыктым. Бирок кайталаймын, менин бул макалага эч кандай тиешем жок.

Макалада президент Эмомали Рахмондун күч структуралары менен өткөргөн жыйындан делинген протокол жөнүндө айтылып, анын тажик тилиндеги нускасы жарык көргөн сайттардын даректери келтирилген.

Протоколдун көчүрмөсү делинген документ Фэйсбукта кеңири талкууланган. Анда 1992-жылы Дүйшөмбү шаарындагы митингдерге катышкандарга, оппозиция өкүлдөрүнө, өзгөчө Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнө каршы чара көрүү тапшырмасы берилгени айтылган.

Жаш активист, блогер Ираж Саодатсайаровдун пикиринде, сайттарды жабуу менен бийлик эч нерсеге жетишпейт:

- Мындай чаралар менен элдин оозун жаба алышпайт. Ой-пикирин билдиргиси келгендер анын жолун таба алышат. Жана интернет көз караштарды билдирүүнүн эң жакшы жолу.

Шаршембиде ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович Тажикстан өкмөтүн вебсайттар боюнча буйругун жокко чыгарууга үндөдү.

“5-мартта Тажикстан тышкы иштер министри Хамрохон Зарифиге жолдогон катымда айтканымдай, интернет эркин талкуунун, өз оюн эркин билдирүүнүн ачык форуму бойдон кала берүүгө тийиш”, - деди Миятович.
XS
SM
MD
LG