Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:17

Кувватовго кыргыз паспортунун берилиши иликтенүүдө


Умарали Кувватов
Умарали Кувватов

Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун кыргыз паспорту боюнча Тышкы иштер министрлиги маалыматтарды расмий тактап берүү өтүнүчү менен Түркияга кайрылды.

Ал арада тажик оппозициячысы Умарали Кувватов былтыр Бишкекте жашаганы жана саясий качкын макамын алууга аракет кылганы айтылууда.

Түркиянын маалымат каражаттарында Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанында кыргыз паспорту бар экендиги тууралуу кабар чыгар замат 7-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактап берүү өтүнүчүн Түркиянын Тышкы иштер министрлигине жолдогон.

Министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыковдун айтымында, учурда бул окуя боюнча Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу иш алып барууда:

- Тактоо иштеринин үстүнөн Стамбулдагы биздин башкы консулдугубуз иштеп жатат. Алардын билдиришинче, бул кабар маалымат басылмалары аркылуу эле тарап жатат. Биз Түркиянын Тышкы иштер министрлигине маалыматты тактап бергиле деп кайрылганбыз. Азырынча расмий жооп келе элек.

Тажик оппозициячысы Кувватовдун былтыр 23-февралда Түркияга Кыргызстандын паспорту менен киргени тууралуу Hurriyet гезити да ишембидеги санына басып чыккан. Макала автору Фырат Алкач “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, Кувватов Стамбулга Кыргызстандын паспорту менен киргенин жана документ жасалма же мыйзамсыз болушу мүмкүн экени да айтылып жаткандыгын маалым кылган. Журналисттин айтымында, оппозициячынын өлкөгө мыйзамсыз киргени аныкталгандан кийин полиция аны өз көзөмөлүнө алган.

Ал арада Кувватов былтыр Бишкекте жашап кеткени да айтылууда. Учурда Бишкекте жашап жаткан тажикстандык активист Марат Мамадшо Кувватов Бишкекте деп айтылып жатканда бир нече жолу жолугууга аракет кылган:

- Былтыр кайсы бир маалда Кувватов Бишкекте жашаган деп уккам. Ал Бишкекте БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынан качкын макамын алууга да аракет кылган экен. Анын агасы да Кыргызстанда жашаганын угуп жүрөбүз. Мен да так маалымат алуу үчүн бир нече жолу жолугууга аракет кылгам.

Бул маселе боюнча Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда тажик оппозициячысы да 2012-2014-жылдар аралыгында эки миңден ашуун мыйзамсыз жол менен берилген паспорт алгандардын арасында болушу мүмкүн деген божомол жооп алдык.

Министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун билдиришинче учурда мыйзамыз документ берүү фактылары боюнча жооп бере турган органды аныктоо жагы кечеңдеп жатат:

- Учурда “паспорт берүү системасы өлкө коопсуздугуна доо кетирип жатат” деген маселе бекеринен көтөрүлүп жаткан жок. Муну жарандык кызмат катары эсептебей, милицияга кайтаруу керек. Бир орган жооп бериши керек. Учурда бирөө экинчисине шылтап, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүдө. Ал тургай башка өлкөнүн жарандарына да берилип кетип жатпайбы. Кылмышкерлер колдонуп жүрөт. Катуу көзөмөл жок болууда. Паспорт бергендер жана Соцфонддо иштегендер миң доллардай акчага жасалма паспорт жасап берип жатпайбы.

Кувватовду 5-марттан 6-мартка караган түнү Стамбулда үй-бүлөсүнүн көз алдында атып кетишкен. Түрк полициясы Кувватовдун өмүрүнө кол салган деп шектелген үч адамды кармады.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG