Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Тажикстан милицияны полиция демек болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда ички иштер органдарын реформалоонун алкагында милициянын аталышы полиция деп өзгөртүлө турган болду. Бийлик милиция бөлүмдөрүн видеокамералар менен жабдуу максаты бар экенин айтып, муну кыйноонун алдын алуу аракети катары түшүндүрдү.

Расмий Дүйшөмбү реформаны ишке ашырыш үчүн эл аралык донорлордун каржылык жардамына муктаж экенин жашырбайт.

12-мартта Дүйшөмбү шаарында милицияны реформалоо боюна жумушчу топтун жыйыны өттү. Тажик ички иштер министри Рамазон Рахимзода милиция бөлүмдөрүндөгү кыйноону токтотуш үчүн ал жактагы иш бөлмөлөрүнө видеокамера орнотуу керек экенин айтты:

Рамазон Рахимзода.
Рамазон Рахимзода.

«Реформанын алкагында ар бир милиция бөлүмүндө шектүүлөрдү суракка алыш үчүн атайын бөлмөлөр ачылат. Баарына видеокамералар коюлат. Бул аракет милиция кызматкерлеринин шектүүлөргө жана кармалган адамдарга карата мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюуга жардам берет».

Реформа боюнча жумушчу топтун жыйынында тажик милициясынын формасынын жаңы үлгүсү көрсөтүлдү. Бийликтин убадасына караганда, 2020-жылга карата тажик милициясы полиция болуп өзгөрүп, кызматкерлер сынактын негизинде гана ишке алынат.

Негизи өлкөдө ички иштер органдарын реформалоо 2012-жылы башталган. Расмий маалымат боюнча, андан бери реформага мамлекеттик казынадан 1 миллиард сомони жумшалып, милиция бөлүмдөрүнө компьютерлер, автоунаалар алынды. Эми бийлик милицияны толук реформалоого дагы ушунча акча керек болорун билдирип, донорлорго ишеним артууда.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Геррит Зах тажик милициясын реформалоо учур талабы экенин билдирди:

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Биз бул стратегиянын аз болсо да бир бөлүгүн ишке ашырып жатканыбызга кубанычтабыз. Мунун баарын Ички иштер министрлиги менен өкмөт координациялайт. Реформаны ишке ашырыш үчүн тажик бийлигинин жигердүү аракети керек».

Тажикстанда милиция бөлүмдөрүндө, тергөө абактарында жана жаза өтөө мекемелеринде кыйноо - орчундуу маселелердин бири. Эл аралык уюмдар тажик бийлигин буга жол бергени үчүн сындап, кыйноону токтотууга чакырып келет. Былтыр өлкөдөгү Кыйноого каршы жарандык коалицияга 40тан ашуун киши кайрылган. Антсе да Башкы прокуратура бир жыл ичинде кыйноо боюнча төрт кылмыш ишин козгоп, анын экөө гана сотко өткөн.

Укук коргоочулар тергөөгө чейинки кыйноо фактыларын далилдөө оор болуп жатканын, жабыркагандардын арасында запкы көргөнүн ачык айтып бергендер саналуу экенин, бул үчүн жалаң эле милицияны эмес, сот тармагын да оңдоо керек болорун билдирип жүрүшөт.

Тажикстандын укук коргоо органдарынын жетекчилери милиция бөлүмдөрү менен жаза өтөө жайларында кыйноо бар экенин кескин четке кагып келген.

Бирок кыйноонун алдын алуу аракеттери тууралуу ички иштер министринин айтканы бул терс көрүнүштүн бар экенин моюнга алуу катары бааланууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG