Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Тажикстанда элди ташкын жүдөттү


Рудаки району, 25-апрель, 2019-жыл.
Рудаки району, 25-апрель, 2019-жыл.

Тажикстанда эки күндөн бери көнөктөп жааган жаандан улам суу ташкыны айрым айылдарга чоң коркунуч жаратууда.

25-апрелде Рудаки районундагы төрт калктуу конуштун жашоочулары суу ташкыны болот деген коркунучтан улам чукул эвакуацияланды. Шафак, Комсомол, Адолат жана Руми деп аталган бул калктуу конуштар Элок дарыясынын боюнда жайгашкан.

Рудаки району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Фазлиддин Назарзода аялдардын жана балдардын бир бөлүгү мектептер менен мечиттерде, калган бөлүгү кошуна айылдарга жайгаштырылганын «Азаттыктын» тажик кызматына билдирди.

«Азыр дарыяларда суунун деңгээли бир аз түштү жана кызматкерлерибиз кырсыктын алдын алууга аракет кылып жатышат», - деди Назарзода.

Төрт конуштун тургундарынын үйлөрүнө кирген суу бир метрге жетип, алар кайда бараарын билбей далбастап калышкан. Айрымдар малын, баалуу буюмдарын башка айылдардагы туугандарына жеткирип беришкен. Көп кишилер бул түндү чатырда өткөрүштү.

«Биз үйлөрдүн чатырында уктадык. Абдан тынчсызданып жатабыз. Короодогу малды туугандарыбызга айдап барып, өзүбүз кайра эле чатырда уктайт окшойбуз», - деп айтты Комсомол айылынын тургуну Кобилжон Сафаров.

Рудакинин көпчүлүк тургундары чукул чара көрө башташты. Жашоочулар короосунун тегерек-четин таш жана кум салынган мүшөктөр менен тосуп жатышат.

Садбарг аттуу тургун селден катуу коркуп жаткандыктан Дүйшөмбү шаарындагы туугандарына көчүп кетүүгө даярданууда.

«Айрым кошуналар алы жеткенче «коргонуп» жатышат, машинелерине таш жүктөп келип, үйүнүн тегерегине коюп чыгышты», - деди Садбарг.

Рудаки районундагы Комсомол айыл башчысы Иброхим Хасанов бул айылда 3 миңге жакын адам жашай турганын билдирди. Хасанов акыркы эки күндөн бери Рудаки районунун жергиликтүү бийлиги төрт айылдын жашоочуларына сел коркунучу тууралуу эскертип жатканын кошумчалады.

24-апрелде Тажикстанда нөшөрлөгөн жаан жаап, суу ташкыны башталган. Элок дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, анын боюндагы айылдар үчүн чоң коркунуч жаралган. Мунун алдында көнөктөп жааган жамгыр Түркмөнстан менен Иранда да сел пайда кылган.

Ал арада Тажикстандын Файзабад районунда 24-апрелде суу ташкынынан эки адамдын өмүрү кыйылды. «Азаттыктын» тажик кызматы билдиргендей, маркумдар Сайдони айылынын жашоочулары болчу. Алар нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүргөн учурда жайлоодо мал карап жатышкан.

Рудакинин жашоочулары жыл сайын сел коркунучуна туш болушарын айтып, коопсуз жайдан жер тилкелерин бөлүп берүүнү бийликтен суранып жүрүшөт.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети туруксуз аба ырайы апрелдин аягына чейин созуларын эскертүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG