Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:27

Тажикстан жолдон акча издеп жатат


Тажикстандагы жол курулушу.
Тажикстандагы жол курулушу.

Тажикстанда борбордон түштүктү карай кеткен негизги автотрасса оңдолуп жатат.

Оңдоо иштери бүткөн соң Дүйшөмбү-Бохтар жолу акы төлөгөндөр үчүн гана ачык болгону турат. Коңшу өлкөнүн бийлиги бара-бара бардык негизги автотрассаларынан акча табууну көздөп жатат.

Борборго барсаң төлөп бар

Дүйшөмбүдөн Бохтар (мурдагы Курган-Төбө) шаарына кеткен жолдон күн сайын он миңдей автоунаа өтөт. Жолдун жээгинде ондогон айыл-кыштак бар. Негизги автотрасса болгонуна карабай эки гана тилкелүү, абалы да начар болчу. Оңдолуп бүтсө ал эми төрт тилкелүү даңгыр жолго айланат.

Эл адегенде жол жаңыртылып жатканда маңдайы жарыла кубанып турган. Бирок бийликтин соңку билдирүүлөрүнөн кийин эл арасында кыжаалат болгондор көбөйдү. Карапайым эл, майда соодагерлер үчүн кандай гана кошумча төлөм болбосун оор тиет. “Маршрутканын да баасы көтөрүлөт. Бул келип эле чөнтөккө тиет. Бекер болсо дейбиз. Анда элдин турмушу оңолбойбу. Эл жакшы жашаса өлкөнүн иши жүрөт да. Кымбат болбосо мейли. 3-5-10 сомони. Бул жол менен жүк ташуучулар Коргон-Төбөгө, Кулябга, Дангарага да кетишет”, – деп жооп беришти Бохтар жакта жашагандар.

Жол жылдын аягына чейин реконструкциядан өткөрүлүп бүткөнү жатат. Кетчү чыгымдын 17 миллион долларын тажик өкмөтү чыгарган. Калган 80 миллиону - Азия банкынын жана башкалардын кайтарымсыз негизде берген каражаты. Демек өкмөт дээрлик грантка оңдолгон жолдон киреше түшүрүүнү көздөп жатат.

Транспорт министринин орун басары Сухроб Мирзоев бул эле эмес, башкалары да бекер болбошу керек деп эсептейт.

- "Мындан ары биринчи категориядагы бардык жолдордон акы алынсын" деген сунуш министрликке өкмөттөн келди, - деди ал. - Расмий топ азыр ал сунушту караштырып жатат. Биз өкмөткө бүтүмүбүздү чыгарып беребиз. Дүйшөмбү–Бохтар жолу реконструкциядан кийин бекер болбой калат.

Деген менен азырынча жаңы жолдон өтүүнүн тарифи, жанаша жайгашкан айылдыктар үчүн жеңилдик берүү маселеси чечиле элек.

Кожентке жөнөсөң кошумча акча ал

Тажикстан жолдон киреше табуу практикасын 2010-жылы баштаган. Борбор менен өлкөнүн түндүк аймактарын бириктирген Дүйшөмбү-Чанак (же Дүйшөмбү-Кожент, 410 км) трассасынан өтүүнүн баасы 58 сомониден (430 сом) башталып, унаанын салмагына, барчу жердин ыраактыгына жараша кымбаттай берет.

Жол 2010-жылы оңдолуп-жаңыртылган. Ал үчүн Кытайдан 281 млн. доллар насыя алынган. Калган 15 миллион долларын өкмөт өзү чыгарган. Жаңыланган жолго үч тоннел курулуп, ашуулар кыйла кыскарган.

Транспорт министрлиги “натыйжалуулугун көрсөттү, өзүбүз карап, кам көрө алмак эмеспиз” деп, башкаларынан да акы алууну ушул жолдун мисалынан улам караштырып жатат.

Элдин акчасы кайда кетти?

Министрлик “жолдун пайдасын эл эле көрөт” деп, түшкөн каражатка башка жолдорду оңдоого убада берүүдө. Бирок “Азаттыктын” тажик кызматынын экономика боюнча жазып жүргөн кабарчысы Абдулло Ашуров каражат түшөр-түшпөсү чоң маселе деген ойдо турат.

- 2009-жылдан тартып жолду “Innovative Road Solutions” (IRS) аттуу жеке менчик компания башкарат. Ал оффшордо, тагыраагы Виржиния аралдарында катталган. Кожоюну ким экени эмгиче белгисиз.

- Демек түшкөн пайданы ошол компания алабы? Анда мамлекетке эмне түшөт?

- Ошол компания алат. Ал мамлекетке салык төлөйт. Ал эми жол курууга кеткен акчаны – Кытайдан алынган насыяны тажик өкмөтү бюджеттин эсебинен төлөйт.

- Ал эми IRS төлөмдөрдү жолду тейлеп, тазалап, оңдоп-түздөп турганы үчүн алып жатабы?

- Ал тоолуу жол. Кышы-жайы дебей тез-тез кар көчкү, жер көчкү түшүп, таш кулап турат. Кышкысын бат эле тайгалак болуп калат. IRS аны тазалап, жолду тейлеп турат. Транспорт министрлигинде каражат жок, ал компанияныкындай кубаттуу техникасы тартыш. Чынында жолду тейлөө жакшырды. Убагында тазалап турушат. Мына ушул жагы абдан позитивдүү.

Бирок тажик маалымат каражаттарында бул компания көп сындалууда. Анткени "Жолго төлөнгөн акча эмнеге Кытайдан алынган карызды жабууга кетпейт?" дешет алар. Жолду караган компания кимге тиешелүү, түшкөн акча канча жана кайда кетип жатат - бизге белгисиз. Ишкана кирешесин жарыялабайт. Бирок бизге белгилүүсү - жеңил машине Дүйшөмбүдөн Кожентке баргысы келсе 58 сомони төлөйт. Эгер ал чоң жүк ташуучу машине болсо миң сомониге чейин төлөшү ыктымал.

- Акы төлөбөй тургандар да барбы? Мисалы, жол жээгиндеги айылдар жана шаарлар үчүн ал жападан жалгыз транспорттук байланыш булагы болуп жатпайбы. Анын үстүнө адатта боло жүргөндөй Дүйшөмбү-Чанак жолуна удаалаш бекер жол да жок эмеспи.

- Баары төлөшөт. Бирок жол боюндагы айыл-кыштактардын жашоочулары үчүн атайын программа бар. Эгер сен жакын жерде жашасаң ал аймакта жашаганың тууралуу документиңди көрсөтүшүң керек. Алар сага 50% арзандатуусу бар социалдык карта беришет.

- Тажик өкмөтү "келечекте башка да кан жолдор бекер болбойт" деп жатат. Кыргызстанда мындай жолдор жок, бирок ошондой ыкмага жеткирсек, жолдор өзүн-өзү каржыласа деген демилгелер бар. Сиздерде Транспорт министрлигинин идеясын кандай кабыл алып атышат?

- Тажик маалымат каражаттары, эксперттер акы төлөнчү жолдор идеясы жаман эмес экенин жазып атышат. Мындай тажрыйба Европада, АКШда жана башка өлкөлөрдө бар. Бирок айкындык болушу зарыл да. Биринчиден, жолду тейлеген компаниянын ээси ким, жолоочулардан түшкөн каражат кимге кетип атат, мындан мамлекет казынасына канча киреше түшүп атат - ошонун баарын коомчулук билип турушу зарыл эмеспи.

Ошондой эле "ушул сыяктуу компаниялар жеке каражатына жол салып, андан кийин акы алса болмок. Алар жолоочулар төлөгөн акчадан киреше таап, мамлекет да даңгыр жолдуу болуп калмак" дешет. Бирок бизде мындай боло элек.

- Маегиңизге чоң рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG