Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Тажик жихадчылары мекендештерин бутага алууга даяр


Өзүн тажикстандыкмын жана согуштагы атым Абу Умарион деп тааныштырган бул киши мурда да тасмаларда чыгып жүргөн.
Өзүн тажикстандыкмын жана согуштагы атым Абу Умарион деп тааныштырган бул киши мурда да тасмаларда чыгып жүргөн.

Ирактагы "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери Тажикстанда “каапырларга" каршы жихад согушун баштоого ниеттенишүүдө.

"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери топтун башчысынан Тажикстанда жихад баштоого уруксат сурап кайрылгандыгы айтылган тасманы ачыкка чыгарышты. Тасмада 30 жашка чамалап калган сакалчан тажик анын жердештери "Ислам мамлекетинин" жетекчиси Абу Бакр ал-Багдадиге «Тажикстандагы каапырлар» менен согушуш үчүн мекенине кайтууну сураган кат жиберишкенин айтат.

"Азаттыктын" тажик кызматы билдиргендей, өзүн Тажикстандын Каратегин өрөөнүндөгү Нурабад районунда туулган, согуштагы аты Абу Умарион деп тааныштырган бул киши мурда да ушул сыякуу тасмаларда чыгып жүргөн. Ал бирок катты кабыл алган «эмирлер» Багдадиге катты жеткиргенден кийин ал уруксат бербегенин эскертип, «сабыр кыла тургула» деп айтышканын кошумчалайт. Абу Умариондун сөзү боюнча, эгер мүмкүнчүлүк болсо ал жердештери менен Тажикстандагы экстремисттик "Жамаат Ансарулло" деген топко барып кошулушмак.

Жардыруудан качып бараткан адамдар. Сирия
Жардыруудан качып бараткан адамдар. Сирия

"Жамаат Ансарулло" - Тажикстанда тыюу салынган диний экстремисттик топ. Анын качан түзүлгөнү белгилүү эмес, бирок ал биринчи жолу 2010-жылы сентябрда Хоженттеги жанкечтинин чабуулун өзүнө алгандан кийин аты чыга баштаган. Андан бери "Жамаат Ансарулло" тажиктерди «каапырларга» каршы жихадга чакырган бир нече тасманы интернетке чыгарды.

Топтун башчысы Амриддин Табаров Каратегин өрөөнүндөгү Нурабад районунан деп саналат. Кыргыздар басымдуулук кылган Жерге-Тал району бир кыйырында жайгашкан бул өрөөн Тажикстандагы жарандык согуштун мезгилинде бир нече жолу исламчыл оппозициянын колуна өткөн.

Былтыр жыл этегинде тажик бийликтери жергиликтүү тургундарды Сириядагы согушка үгүттөгөн "Жамаат Ансаруллонун" 11 мүчөсүн соттогон эле. Ал эми ушул дүйшөмбүдө Согди облусунда ондогон кишиге каршы Сириядагы согушка байланыштуу кылмыш иши козголду. Облус прокурору Шариф Курбонзода:

- Биз кылмыш ишин ачкан 35 кишинин 18и азыр издөөдө. Алар Сириядагы согушта жүрөт деп шектелүүдө. Мисалы, Согди облусунан бирөө Сирияда колуна автомат кармап сүрөткө түшкөн экен. Биз кылмыш ишин ушундай айныгыс далилдер болгондо гана ачабыз.

Соңку видеодо сүйлөгөн экинчи киши тажиктерди «Сирияга же Иракка келгиле, эгер силерди түрктөр өткөрбөсө, эмки жардыруулар Түркиянын өзүндө болот» деп эскертет.

"Ислам мамлекети" уюмунан баш калка издегендер үчүн лагер. Ирак, 6-ноябрь, 2014-жыл
"Ислам мамлекети" уюмунан баш калка издегендер үчүн лагер. Ирак, 6-ноябрь, 2014-жыл

Видеонун Иракта тартылгандыгын бышыктоо мүмкүн эмес. Андагы тартылган эки тажик жол боюнда туруп, машиналарды текшерип жатышканын көрөбүз. Алардын бири «жолоочулар тамеки же ичимдик ташып келе жатпагандыгын текшеребиз» дейт.

Экөө ошондой эле аялдардын паранжы жамынып жүрүшүн көзөмөлдөй тургандыгын айтышат. Тасмада Абу Умарион жүргүнчүлөргө арабча чалып сүйлөсө, беркилер ага таза араб тилинде «тамекибиз жок» деп жооп беришет.

Тажикстандын бийликтери Сирия менен Иракта согушуп жаткан тажик жарандары тууралуу ар башка маалымат берип келатышат.

Улуттук коопсуздук комитети ноябрда Сирияда 300 чакты тажик согушуп жатат деген. Бирок Ички иштер министрлиги Сирияда 200дөй тажик согушуп, алардын 50сү окко учкан деп билдирген.

Ал эми Британиядагы Эксетер университетинин Сириядагы тажик согушкерлерине байкоо салган изилдөөчүсү Эдуард Лемон интернеттен Сирияда 52 тажик бар экендигин эсептеп чыккандыгын "Азаттыкка" билдирген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG