Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Токсондогу жашаялмет ата президенттен үй сурады


90 жаштагы карыя эки жаш баласы менен.
90 жаштагы карыя эки жаш баласы менен.

Тажикстандын 90 жаштагы тургуну Каюмшо Халимов экинчи никесинен төрөлгөн 2-3 жаштагы балдары көчөдө калбаса экен деп тынчсызданууда.

Ал үй берүүнү суранып президентке кайрылды. Байкоочулар бул аймакта эки же андан ашык аял алгандар көбөйгөнүн, бирок кийинки бүлөнүн балдары багылбай, көчөдөгө калып жатканын белгилеп жатышат. Бирок биздин 90 жаштагы каармандын жөнү башка. Ал биринчи аялы кайтыш болгон соң балдары жаш аялга үйлөп коюшкан.

90 жаштагы Каюшма Халимовдун экинчи никесинен үч жана бир жаштагы эки баласы бар. Аялы 33 жаштагы Зухро Халимова биринчи бүлөсүнөн 8 жашар баласын ээрчите келген. Учурда бул беш киши Халимовдун улуу баласына тийиштүү чакан бөлмөдө жашайт. Көзү өтүп кетсе балдары көчөдө калат деп тынчсызданган карыя президенттен баш калкалар үй сурап жатат. Ал кезинде партком катчысы болгонун айтып, бул эмгегин бийлик унутпаса керек деп ишенүүдө.

Карыянын биринчи аялы 2010-жылы кайтыш болгон. Айтымында, балдары аны жалгыз жүрбөсүн деп үйлөндүрүп коюшкан экен. Үстүнө үй алып беребиз деп убада кылган балдары өзүнөн 57 жаш кичүү, 30га чыга элек Зухраны алып беришет. 90 жаш курагында Каюмшо Халимов Фатима жана Абдурахман деген эки балалуу болот.

- Үйлөнөйүн деген деле оюм жок болчу. Балам менин үйлөнүшүмдү каалап, эгер макул болсом үй алып берем деп убада кылган. Карып калганыма карабай мен макул болдум. Азыр эми эки башым беш баш болду. Бирок ошол убактан бери эле чакан бөлмөдө күн кечирип келатабыз. Аялым өзүнүн, балдардын келечегинен коркуп атат. Менин көзүм өтүп кетсе көчөдө калабыз деп коркуп атат. Өз үйүмдү көп жыл мурда улуу балама берип койгом. Бул үйдө биздин эч укугубуз жок.

90 жаштагы Каюмшо Халимов үй-бүлөсү менен
90 жаштагы Каюмшо Халимов үй-бүлөсү менен

Зухро Халимова дагы үй-жайлуу болуп калам деген үмүттө карыяга турмушка чыгууга макул болгонун айтууда. Биринчи күйөөсү менен ажырашкан соң ал он жылга жакын өз ата-энесинин үйүндө жашаптыр. Жубайлар алардын никесине баары эле макул болбогонун, бирок жашоо-шарт бирге түтүн булатууга мажбур кылганын айтып жатышат.

90 жаштагы карыянын небереси Бобожон Халимов эл эмне десе да чоң атасынан кайрадан ата болгонуна кубанууда:

- Биз чоң атабыздын кайрадан ата болгонуна кубандык. Эл эмне десе ошо десин, бирок менин 2 жаштагы таякем, 1 жаштагы таежем бар экенине кубанычтуумун. Эң башкысы чоң атама жакшы болсо болду.

Тажикстандык байкоочулар бул аймакта эки же андан ашык аял алгандар көбөйгөнүн, бирок кийинки бүлөнүн балдары багылбай, көчөдө калып жатканын белгилеп жатышат. Мунун айынан Дүйшөмбүнүн көчөлөрүндө балдарын жетелеп тилемчилик кылган аялдар көбөйгөнү байкалууда.

Ушундан улам да болсо керек Тажикстандын айрым аймактарында бир убакта эки же андан ашык аял алган жай тургундар соттолушкан. Алар 8 миң доллардан 16 миң долларга чейин айып пул төлөшкөн.

Буга чейин Тажикстандын Хатлон облусунун милициясы бир убакта эки жана андан ашык аял менен жашаган 25 кишиге айып пул салган. Айып төлөгөндөрдүн айрымдары экинчи аялына кокустан эле үйлөнүп калганын, акыл калчап ойлонулбаган эле маселе экенин айтышкан.

Мисалы хатлондук 48 жаштагы Назарали мындан бир ай мурда көп аял алгандыгы үчүн соттолуп, айып пулга жыгылгандардын бири. Өзү таксист болуп иштейт. «Көп аял алуу бул мастыктан эле келип чыккан, убактылуу нерсе» деп билдирген.

- Бир мезгилде бир нече никеге тургандардын арасында дыйкандар, таксист, айдоочу, ишкерлер бар. Бирок көп аял алган аткаминерлерди аныктай алган жокпуз.

Кыргызстанда дагы көп аял алууга мыйзам тыюу салганы менен шариятка такап, үстү-үстүнө аял алгандар арбын. Өздөрү ачык чыгып айтышпаганы менен укук коргоочулар экинчи, үчүнчү аялдардын, алардын балдарынын укуктары тебеленип жатканын белгилеп келишет. Алардын көптөрүнүн мүлккө укуктары жок. Документ алууда айрым тоскоолдуктарга учурашат. Ажырашкан учурда үй-жайсыз калгандары да бар.

XS
SM
MD
LG