Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Тажикстан: арабча жазуу алаксытат


Тажикстан расмийлери арабча жазуу айдоочуларды алаксытып, жол кырсыгын пайда кылып жатканын билдирүүдө.
Тажикстан расмийлери арабча жазуу айдоочуларды алаксытып, жол кырсыгын пайда кылып жатканын билдирүүдө.

Тажикстанда атайын рейд жүргүзүлүп, машинесине “Машаллах”, “Бисмиллях”, “Аллах” деп арабча жазып алган 200дөй айдоочуга айып пул салынды.

Хатлон районунун МАИ кызматкерлери мындай жазуулар айрым айдоочуларды алаксытып, жолдо болгон кырсыктардын санын көбөйтүүдө дешет.

Тажикстандын Хатлон районунда бир жумада ушундай 79 рейд жүргүзүлгөн. Натыйжада машинасына “Машаллах”, “Бисмиллях”, “Аллах” деп арабча жазып алган 199 айдоочуга айып пул салынды. Алар Административдик кодекстин 333-беренесине ылайык, 20-40 сомони, же болбосо 4-8 доллар төлөштү. Бул тууралуу Хатлондун МАИ өкүлү Ермухаммад Давлатов белгиледи. Ал мындай жазуулар айрым айдоочуларды алаксытып, жол кырсыктарынын санын көбөйтүүдө деп эсептейт. Ошондой эле район көчөлөрүндөгү рейд кырсыктарды алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

МАИ өкүлүнүн пикирине айрым айдоочулар да макул. "Машинадагы жазуулар башкаларды алаксытат",- дейт Хатлондун тургуну, айдоочу Рустам Сафаров:

- Жолдо катуу ылдамдыкта кетип баратканда каала-каалаба мындай жазууларга көзүң илинет. Бул кырсыктардын болушуна шарт түзөт.

Ал эми өзүн Саидислам деген тааныштырган айдоочу автоунаасына ар кайсы тасма каармандарынын, тамак-аштын жана башка нерселердин сүрөтүн чаптап алгандарга көңүл бурулбай, жалаң арабча жазуусу барларды гана кармап жатканына нааразы.

- Бул жазуу машинамды сатып алганда эле бар болчу. Мага МАИнин иши түшүнүксүз болууда. Жол кырсыктарынын көп болуп жатышына машинадагы жазуу эмес, автоунаанын техникалык текшерүүдөн өтпөгөнү жана жолдун начардыгы себеп болууда.

Өткөн жылы ушул эле райондо машинанын ичинде куранды жана диний лекцияларды үнүн катуу чыгарып укканга тыюу салган. Машинада табылган диск, кассеталар жок кылынган. МАИ кызматкерлери айдоочуларга диний маселелерди угууга тыюу сала албастыгын, бирок анын үнүн бийик чыгарууга болбой турганын эскерткен.

Ушул жылдын башында Душенбенин администрациясы да жүргүнчүлөрдүн тынчтыгын камсыз кылуу максатында коомдук транспортто музыканын үнүн катуу чыгарып укканга да болбойт деген чечим чыгарган. Хатлондун автоинспекциясынын маалыматы боюнча, жети айда 242 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу кыйла аз экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG