Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 11:31

Тажикстан Иран менен аба каттамдарын токтотту


Иран өз жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан чыгарып кетип жатат. 5-февраль, 2020-жыл.

Тажикстан коронавируска байланыштуу Иран менен аба каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин өкмөтүнө караштуу Жарандык авиация агенттигинин жетекчисинин орун басары Азиз Набизода «Азаттыктын» тажик кызматына билдирди.

Тажикстан учактары Ирандын Тегеран жана Мешхед шаарларына жумасына эки жолу учуп турушчу.

5-февралда алгачкы ирет Тегеран-Дүйшөмбү-Бишкек каттамы ишке ашкан. «Varesh Airlines» авиакомпаниясына караштуу бул каттам ар дүйшөмбү жүргүзүлөт.

Буга чейин Түркия, Грузия, Ирак жана Кувейттин авиакомпаниялары да жаңы вирустун күчөшүнөн улам Иранга авиакаттамдарын убактылуу токтотушкан. Иранда кооптуу илдет жайылып жатканына байланыштуу Түркия Иран менен чек арасын жапкан. Ооганстан Ирандан жана Пакистандан тоок азыктарын жана жумуртка алып келүүгө тыюу салды. Азербайжан Иран менен чек араларындагы өткөрмө бекеттеринде көзөмөлдү күчөттү.

Ирандын жарым-жартылай мамлекеттик ILNA агенттиги Кум шаарында вирустан 50 киши көз жумганын жазды. Бирок саламаттык сактоо министринин орун басары Ирай Харирчи бул маалыматты четке кагып, жалпы өлкөдө вирус жугузуп алгандардын саны 60тан ашканын белгиледи. Анын ичинде 12 киши көз жумган.

Пикирлерди көрүңүз (13)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG