Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

“Номур экинчи” талип кармалды


Карачиде талиптердин башчыларынын бири кармалганын жергиликтүү калк да гезиттер аркылуу билди
Карачиде талиптердин башчыларынын бири кармалганын жергиликтүү калк да гезиттер аркылуу билди

Пакистанда талиптердин жетекчилеринин бири колго түшүрүлгөнү айтылууда. Бул тууралуу кабарлаган "The New York Times" гезити молдо Абдул Гани Барадарды бир нече күн мурда америкалык жана пакистандык тыңчылар кармашканын жазды. Бирок талиптер өздөрү бул кабарды четке кагып, молдо Барадар азыр Ооганстанда экенин, талиптердин чабуулдарын башкарып атканын билдиришти.

Молдо Абдул Гани Барадарды талиптердин башындагы “экинчи адам” дешет. Ал - талиптердин анабашчысы молдо Умардын оң колу.

Аны Пакистандын Карачи шаарында Американын жана Пакистандын атайын кызматтары биргелешкен операцияда кармашкан дешти. Бул маалыматты америкалык да, пакистандык да расмий өкүлдөр ырасташканы айтылууда. Алар Барадар жөнүндө айтып жатып: “Бул 2001-жылы Ооганстанда согуш башталгандан бери колго түшүрүлгөн эң жогорку даражадагы талип” экенин билдиришти.

Талиптердин жообу эки анжы болуп турат. Алардын расмий өкүлү муну жалган деп, америкалыктар Ооганстандагы ийгиликсиз аракеттеринен элди алаксытыш үчүн ушинтип жатышат деди. Бирок жогорку деңгээлдеги талаа командирлеринин кеминде бири кармалганын тастыктады.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Хелманд вилоятында ушу күндөрү талиптерге каршы чабуул жүрүп жатат
Барадар молдо чындап эле талиптердин жол башчыларынын ичинде эң таасирдүү жетекчилердин бири экени, кыймылда саясий, аскерий, экономикалык, идеологиялык аракеттердин башында турганын айтышат. Өзгөчө Ооганстандын түштүгүндө анын таасири чоң. Дал ушул аймакта ушу күндөрү америкалык жана ооганстандык аскерлер 2001-жылы талиптер ооган бийлигинен кулатылгандан берки аларга каршы эң ири аскерий чабуулун өткөрүп жатышат.

Учурунда талиптердин катарында жүргөн, азыр ооган парламентиндеги депутат Маули Арсала Рахмани “Барадар кармалганы чын болсо, талиптер үчүн бул аябай чоң утулуш болот” деп айтты.

“Ал жетекчилик кызматта болгон жана узак убакыттан бери кыймылдын иштерин башкарып, уюштуруп келди. Барадар Ооганстандагы бүт иш-аракеттерден кабардар болуп турган, тажрыйбасы да мол. Бирок анын кармалышы “талиптер жеңилди, согуш токтоду” дегенди билдирбейт. Анткени алардын канчалаган лидерлери алда качан эле түрмөгө кесилген”, - деди Рахмани.

Ал жалпысынан Барадарды талиптердин арасындагы “жумшагыраак фигура” катары сыпаттады.

“Талиптер партизандык согушту жүргүзүп жатышат. Демек, молдо Барадарды оңой эле башка бирөө менен алмаштырып коюшат, - деп ишенет депутат. - Анын оордуна келчү адам Барадардан да коркунучтуу болушу мүмкүн. Бул молдо тажрыйбалуу адам, андыктан көп нерсени түшүнөт. Бирок анын оордун басчу кишилер менен иштешүү кыйын болот, анткени алар эч нерсени түшүнүшпөйт”.

Молдо Барадар азыр 42 жашта. Талиптер Ооганстанды башкарып турган 1990-жылдары молдо Мухаммад Умардын эң жакын санаалаштарынын, колдоочуларынын бири болуп турган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG