Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Татарстандын гимни эки тилде жаңырат


Орусия курамындагы Татарстан да эми өзүнүн сөздүү гимнин кабыл алат. Акыркы 20 жылдан бери музыкада гана жашап келген эле татар гимнинин текстин тандоо үчүн түзүлгөн комиссиянын эң татаал милдети – орус жана татар тилдери ортосундагы тең салмактуулукту сактоо болгон.

1991-жылы, СССР тараган кезде Орусия курамында түрдүү макам менен турган республикаларды да улутчулдук толкуну каптап, башкалардан кем калбай алар өз эн белгисин - гимнин кабыл алууга умтулушканы маалым.

Бирок жиктелүүнүн тереңдеп кетишинин чочулаган татар саясатчылары бул маселе боюнча расмий чечимге келгенде этияттыкты көрсөтүп, гимндин музыкасы менен гана чектелишкен.

Ал эми ыр, тексттин кийинки, ыңгайлуу учурга калтырылышын айрым байкоочулар ошол кездеги чыңалган кырдаалга, бийликке жакын акындардын өз чыгармасын түртүү аракеттерине да байланыштырышат.

“Менин Ата Мекеним” деп аталган гимндин музыкасы 1990-жылы эле Татарстан автономдуу республика катары уюшулганынын 50 жылдыгына арналып, бирок ал кезде жашыруун өткөрүлгөн сынакта жеңип чыккан экен. Анын автору - белгилүү татар композитору Рустем Яхин. Ал 1993-жылы дүйнөдөн өткөн.

Гимндин музыкасы 1989-жылы дүйнөдөн өткөн таанымал акын Рамазан Байтимеровдун ырынын негизинде жазылган.

Эки тилди салмактоо аракети

Гимндин текстин расмийлештирүү маселесине татар парламенти былтыр киришип, атайы уюшулган комиссиянын кароосуна 200дөй сунуш түшкөн.

Комиссия ары-бери кетип жатып, акырында ошол эле акын Байтимеровдун ырынын биз аз кайра иштелген вариантына токтолду. Гимндин текстин татар парламенти 21-февралга мерчемделген сессиясында бекитери күтүлүүдө.

Комиссия үчүн эң татаал маселе Татарстанда расмий деп саналган эки тилди тең салмактоо болгон.

Натыйжада төрт куплеттүү гимндин эки куплети татар, калган экөө орус тилинде болот деп чечилди. Адегенде татар тилиндегиси ырдалат.

Комиссия төрайымы Римма Ратникова “Азаттыктын” татар редакциясы менен маегинде:

- Биз бир бүтүн чыгарма кылууну көздөдүк, албетте эки тилде. Бирок ортосунда айырма болбогудай кылууга аракеттенип, ушундай ой менен иштедик. Биздин кийинки зор тилегибиз орус тилдүүлөр, башка улуттагылар да гимндин татарча бөлүгүн үйрөнүп, биз менен чогуу ырдоосу.

Римма Ратникова гимндин текстин расмийлештирүүгө жыйырма жылдан соң муктаждык жаралышын элдин өтүнүчү жана жакындап калган Универсиада мелдеши менен да негиздеди:

- Ошентсе да айта кетерим, Универсиада жакындоодо. Казанда ири спорттук мелдеш өткөнү турат. Балким бул да таасирин тийгизди. Сезимибизди өзүбүздүн тилибизде билдирип, гимнибизди ырдай алсак дегендей.

Дүйнө студенттеринин эл аралык Универсиада мелдеши Казанда келерки жайда өтмөкчү.

Орусиянын 83 федералдык субъектисинин 23ү республика макамына ээ. Гимн маселеси ар кимисинде ар башка ыкма менен чечилип жатат.

Татарстандын коңшусу Башкыртстанда гимндин сөзү жарымы башкыр, жарымы орус тилинде мурда кабыл алынган. Дагестандын гимни жок, бирок авар тилинен орус тилине которулган белгилүү ыр элдик гимнге айланган.

Ал эми Чеченстан гимнинин музыкасы да, ыры да республиканын мурдагы президенти, маркум Ахмад Кадыровго таандык. Бирок ал расмий иш-чаралар учурунда эч убакта аткарылбайт, анын ордуна Орусиянын гимнине артыкчылык берилет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG