Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Муфтият башчыларына кол салган шектүүлөр кармалды


20-июлда муфтийдин орун басары Валиулла Якуповдун сөөгү жерге берилди
20-июлда муфтийдин орун басары Валиулла Якуповдун сөөгү жерге берилди

Орусияда тергөөчүлөр Татарстандын мусулман лидерлерине кол салууга тиешеси бар деген шек менен бир өзбек жана төрт татарды камакка алышты.

19-июлда Татарстандын муфтийи Илдус Фаизов машинесиндеги жардыруудан эки буту сынып, олуттуу жараат алып, жаны аман калган. Ага бир саат жетип-жетпей муфтийдин орун басары Валиулла Якупов Казан шаарынын башка тарабында атып өлтүрүлгөн.

Орусиялык тергөөчүлөр комитетинин басма сөз өкүлү Владимир Маркин бул кылмыштарга шектелип кармалгандар арасында татарстандык мусулмандардын Мекеге ажылык сапарын уюштурууга адистешкен "Идел-Хаж" компаниясынын ээси, дагы бир Вакф аттуу белгилүү ислам уюмунун жетекчиси бар экенин билдирди.

- Фаизов Татарстандын муфтийи болуп шайлангандан кийин ар кандай радикал көз караштагы уюмдарга катаал мамиле кылуу ниетин билдирген. Андай радикал идеяларды тараткан уюмдарга ачык эле бут тоскон. Андан тышкары мусулмандарды Мекеге ажылыкка жөнөткөн "Идел-Хаж" уюмунун каражат булактарын өз көзөмөлүнө алган. Анын айынан уюмдун жетекчиси менен чырлаша кетип, тиги жигит муфтийди ачык эле коркуткан.

Татарстандын президенти муфтий Илдуз Фаизовдун абалын сурап, ооруканага келди
Татарстандын президенти муфтий Илдуз Фаизовдун абалын сурап, ооруканага келди
Татарстанда мындай наадандык менен жасалган кол салуулар өтө сейрек көрүнүш. Бирок мусулман диниятчыларына каршы ар кандай чагымчыл иштер Орусиянын ислам дини басымдуулук кылган Түндүк Кавказ чөлкөмүнө мүнөздүү көрүнүш.

Орусиянын президенти Владимир Путин бейшембиде Казанда болгон кыянат иштерди бийликтегилерге өтө олуттуу жышаан катары сыпаттап, диний лидерлердин өмүрүн коргоо иши ойдогудай эмес экенине басым жасады. Москва Татарстандын муфтийи жана анын орун басарына болгон кол салууну террордук акт деп атады. Татарстандын президенти Рустам Минниханов кол салууну ким жасаганын билгендерге 1 миллион рубл сыйлык жарыялады.

Муфтийдин орун басары Валиулла Якуповдун сөөгү жума күнү жерге берилди. 49 жаштагы Якупов Татарстандагы мусулман динаятчыларынын көрүнүктүү, билимгөй өкүлү саналчу, жакында ал жергиликтүү ислам институтуна мүдүр болуп дайындалган. Кабарларда ал Кремлдеги жетекчилер менен жакшы ымалада болгону, Татарстандагы мусулман уюмдарын бириктирүүгө көп аракет кылганы айтылат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG