Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

«Чоң жыйырма» “салык жабыттарга” согуш ача алабы?


"Чоң жыйырманын" Лондон саммитинде Обама жана Браундун колдору "салык жабыттарга" каршы көтөрүлөбү? 1-апрель 2009
"Чоң жыйырманын" Лондон саммитинде Обама жана Браундун колдору "салык жабыттарга" каршы көтөрүлөбү? 1-апрель 2009

Глобалдык финансылык кризис алыскы аралдар менен микромамлекеттердеги “салык жабыттарын” жабуу керек экенине эларалык коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул маселе байдөөлөт “Чоң жыйырманын” бейшемби күнү Лондондо ачылчу жыйынында каралат.

Салык төлөгүсү келбеген байлар менен компаниялар үчүн майда аралдардагы микромамлекеттер «бейиштин төрү” деп тегин жерден ырдалбаса керек. Мындай салык жабыттарында - Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун эсеби боюнча 1,7 триллиондон 11, 5 триллион долларга чейин сакталат. Бул сындуу жабыттар аркылуу, вашингтондук илимпоз Раймонд Бейкердин айтымында, дүйнөлүк сооданын жана капиталдын тең жарымы жүгүртүлөт.

1950-жылы дүйнөдө 5 гана салык жабыты болсо, азыр алардын саны 90го жетти. Андай бейиш жайлардын ичинде Люксембург, Австрия, Сингапурга катар картадан оңой табылбачу эсепсиз микромамлекеттер бар. Алар үчүн өз мекенинде салык төлөөдөн качкан ширкеттер менен байлардан түшчү жалчыбаган акча-бюджеттин негизги киреше булагы.

Микромамлекеттер тыш өлкөлөр менен кошсалыктан качуу боюнча келишим түзүп алышкандыктан, бул жерлерде катталган адамдар өз журтунда салык төлөшпөйт. Анын кесепетинен өкмөт социалдык курулушка зарыл салыктын олчойгон бөлүгүн чогулта албайт, дейт Р. Бейкер:

- Салык жабыттарынын көбөйүүсү менен Кошмо Штаттар турсун башка өлкөлөрдө да салыктын жүгү корпорациялардан жардыларга, орто класска жана байларга түшөт.

1998-жылы орус рубли кунун жоготкондо, Россиядан салык жабыттарга 60 миллиард доллар чыгарылып кеткен. Натыйжада, өкмөт рублду жөлөй албай, саман пулдун азабын эл тарткан.

Салык жабыттары глобалдык кризиске да олуттуу салым кошту. Алсак, бир гана Кайман аралдарында 10 миңдей хедж фонддор же алешем насыя менен иштеген инвестициялык фондор катталган. Салык бейиштери чоң банктардын да сүйгөн жайы. Кент университетинин профессору Марк Хэмптондун айтышынча:

- Кечээ банктар ишенимден чыгып, октябрда Британия финансылык алмаатан араң кутулганга дейре банктар менен финансы мекемелери Британ өкмөтүнө катуу таасир этип турчу. Ошондуктан, өкмөт элге “биз берегидей жабыттарды жабышыбыз керек” дегени менен, иш жүзүндө Лондон финансы борбору менен Ла-Манш аралдары арасында көпүрө болуп турган.

Учурдагы финансылык кризис маалымат каражаттарынын көңүлүн Ла-Манш жана башка аралдар менен микромалекеттердеги салык жабыттарына бурду. Андай жерлерди президент Обама салыктан качкан эргулдардын дүйнөдөгү эң чоң жабыты деп атады. Британ өкмөт башчысы Гордон Браун дүйнө лидерлерин берегидей “көлөкөдөгү банк тармактары менен салык жабыттарды мыйзамсыз” деп, жок кылууга чакырды. Бирок, “Чоң жыйырма” салык жабыттардагы финансылык операцияларды трансперентүү кылгандан көрө, аларды көзөмөлдөөнү күчөткөндү оң көрүп турат, дейт Раймонд Бейкер жана башка серпчилер.

XS
SM
MD
LG