Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

Берлин-Дүйшөмбү: Рахмондун сапарынан кийинки кармоолор


Берлин-Дүйшөмбү: Рахмондун сапарынан кийинки кармоолор
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00

Берлин-Дүйшөмбү: Рахмондун сапарынан кийинки кармоолор

Европада жашаган тажик оппозициясынын өкүлдөрү Берлинде нааразылык акциясын өткөргөндөн кийин мекениндеги туугандары бийликтен кысым көрүп жатканы белгилүү болду.

30-сентябрда жана 1-октябрда алардын Тажикстандагы үй-бүлө мүчөлөрү камалганы кабарланды.

"Азаттыктын" тажик кызматы жазгандай, Берлиндеги саммиттин эртеси эле Тажикстанда активисттердин туугандарын кармоо башталды. Хатлон облусунда активист Шарофидин Гадоевдин улгайган апасы, Гиссар шаарында оппозициянын мүчөсү Фарход Одинаевдин жээни, Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын кеминде беш мүчөсүнүн туугандары кармалды.

Шарофиддин Гадоевдин апасы
Шарофиддин Гадоевдин апасы

Тажик оппозициячыл топторунан турган "Тажикстандын улуттук альянсы" чет өлкөлөрдөгү оппозиция өкүлдөрүнүн туугандарынын кармалышы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

1-октябрда жарыяланган кайрылууда оппозиция өкүлдөрүнүн жакындарынын кармалышы "мыйзамсыз" жана "эл аралык кылмыш" болуп эсептелери белгиленип, аларды тез арада бошотуу талабы жазылган:

"Жакындарынын кармалып жатышы активисттердин саясий ишмердигине байланыштуу экенинен эч кандай күмөнүбүз жок. Тажик бийлигинин максаты – оппозицияга басым көрсөтүү".

Тажик бийлиги оппозициячыл активисттердин акциясы жана алардын жакындарынын кармалышы тууралуу адаттагыдай эле үн каткан жок.

Берлиндеги акция

29-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Берлинге Германия-Борбор Азия саммитине келген учурда Европада жашаган тажикстандык активисттер акцияга чыгышкан.

Вайсидин Одинаев (кара көз айнекчен) акцияда сүйлөп жатат. 29-октябрь, 2023-жыл
Вайсидин Одинаев (кара көз айнекчен) акцияда сүйлөп жатат. 29-октябрь, 2023-жыл

"Биздин аталарыбыз чыдаган болчу. Менин муунум чыдап келди. Жаңы муун чыдап жатат. Менин балам да Рахмондун бийлигинин тушунда төрөлдү. Мен Рахмондун тушунда төрөлгөм. Түшүнүп жатасыңарбы? Көп жылдан бери уланып келаткан бул түбү жок айлампаны токтотуш керек", - деген анда активисттердин бири Вайсидин Одинаев.

Европадагы тажикстандыктар Берлиндеги акцияларда Рахмондун режимине каршы ураандарды кыйкырып, немис канцлери Олаф Шольц менен жолугушууга келаткан президенттин автоунаасына жумуртка ыргыткан. Рахмондун сүрөттөрүн тебелеп-тепсеген. Алар камактагы журналисттерди жана активисттерди бошотууну, бийликти алмаштырууну талап кылышкан.

Президент Рахмонду Гитлерге салыштырган сүрөттү көтөрүп чыккан активисттер. 29-сентябрь, 2023-жыл
Президент Рахмонду Гитлерге салыштырган сүрөттү көтөрүп чыккан активисттер. 29-сентябрь, 2023-жыл

Президенттин басма сөз кызматы Рахмондун канцлер менен жолугушууга бара жаткандагы видео-сүрөттөрүн жарыялаган жок. Болгону Шольц менен түшкөн сүрөтүн таратты.

28-сентябрдын кечинде Берлиндеги саммиттин соңунда шаардагы кафелердин биринде Дүйшөмбүнүн расмий делегация мүчөсү менен сырттагы тажик оппозициясынын өкүлдөрү айтышып, аягы мушташка чейин жетти. ("Азаттыктын" тажик кызматынын видеосу)

Берлинде канцлердин кеңсесиндеги жолугушууга чейин тажик мамлекет башчысы Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сарайына барган. Ал учурда тажик бийлигин колдогондор өлкөсүнүн желегин көтөрүп, Рахмонду даңазалап турушкан.

Рахмонду даңазалап чыккан активисттер.
Рахмонду даңазалап чыккан активисттер.

Соңку жылдары Европада жашаган оппозиция өкүлдөрү өздөрүнүн Тажикстандагы туугандары басымга кабылганын айтып келет. Эл аралык укук коргоо уюмдары расмий Дүйшөмбүнү оппозициячыл активисттердин үй-бүлө мүчөлөрүн "башкача ой жүгүрткөндөрдүн оозун жаап, коркутуп-үркүтүү" үчүн "туткун катары колдонууну" токтотууга бир нече ирет чакырган.

71 жаштагы Эмомали Рахмондун Тажикстанды башкарып жатканына 30 жылдан ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG