Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:18

"Телефонго алаксып жашоону унуттук". Гаджетке көз карандылыктын кесепети


Технология өнүккөнү психологияда санарип көз карандылык түшүнүгү пайда болду. Бирок медицинада азырынча мындай диагноз жок.

Гаджеттерге көз карандылык маселеси жакынкы келечекте коомго, анын ичинен жаңы муунга кандай таасир этиши мүмкүн?

Көйгөй тууралуу учкай маалымат

"Санарип көз карандылык" - адамдын смартфон, компьютер, планшет сыяктуу түзүлүштөргө башы-оту менен кирип, виртуалдык дүйнөдө өтө көп убактысын өткөргөн көрүнүштү сыпаттаган түшүнүк.

Психологдор анын төрт себебин белгилешет:

  • Социалдык түйүндөргө көз карандылык: Маалымат лентасын улам жаңылап туруу, жакты белгисин жана комментарийлерди текшерүү, тез-тез пост же комментарий жазуу. Бул абал адамды чыныгы жашоого караганда социалдык желеге көбүрөөк ишенүүгө түртүп, бара-бара коомдон обочолонууга алып келиши мүмкүн.
  • Онлайн оюндан көз карандылык: Компьютер оюндарына же онлайн марафондорго тынымсыз катышууну каалоо, андан улам тиричиликти – окууну, үй жумуштарын же башка зарылчылыктарды экинчи планга коюу.
  • Смартфондон көз карандылык: Электрондук почтаны, социалдык медианы улам текшерип туруу үчүн же башкалар менен ыкчам байланышуу үчүн смартфонду бардык жерде колдонуу. Мисалы, жумушта, мектепте, университетте, дасторкон үстүндө, ажатканада, ал тургай сууга түшүп жатканда телефон кармай бергендер бар.
  • Дайыма онлайн болууну көздөө: Эгерде адам дайыма онлайн боло албаса, билдирүүлөргө жооп бере албаса, социалдык тармактарды текшере албаса, тынчсызданып, дүрбөлөңгө түшө берет. Бул жагдай кишини жабыктырып, депрессияга кабылуу коркунучун жогорулатат.

Психолог-педагогдор Чынара Термечикова, Малаке Кыдыралы, конфликт таануучу Асел Ази Тегин, укук коргоочу Эржан Кайыпов ой бөлүшөт.

"Фейсбукка кирбесем жашоодон артта калам деп ойлогом"

Санарип технология күнүмдүк жашоодо маанилүү ролду ойноп жаткан заманда жогорудагы төрт көрүнүш улам кеңири жайылууда. Ал эми балдардын гаджеттерге көз каранды болуп баратышы өзүнчө бир чоң көйгөй. Эгер ушундай улана берсе, алдыдагы 15-20 жылда өсүп жетилген жаңы муун кандай болот деген тынчcыздануу да бар.

Асел Ази Тегин
Асел Ази Тегин

Асел Ази Тегин: - 2022-жылдын апрелинен бери Фейсбукту колдонбойм. Хакерлерби же башкасыбы, билбейм, сыр сөзүмдү алмаштырып салыптыр. Ошентип, аккаунтума кире албай калдым. Жаңы баракча ачсамбы деп бир ай ойлондум, бирок ачпадым. Эки ай өттү, төрт-беш ай өттү. Бул аралыкта мен Фейсбукка болгон муктаждыгым жоктугун байкадым. Ой-пикир жазуу, бирөөнүн ойлорун окуу же кайсы бир маселени башкалар менен талкуулап отуруу мага зарыл эместигин түшүндүм. Буга катар Инстаграмды да колдонгон жокмун. Жарым жылдан кийин Инстаграмды кайра ачып, өзүмө зарыл болгон баракчаларга гана жазылып алдым. Мурун Фейсбукту аябай активдүү колдонуп жүргөндө менде "дүйнөдө жана жашоодо болуп жаткан кандайдыр бир маалыматтардан артта калуу" коркунучу бар эле. Же кайсы бир көрүнүшкө оюмду жазып койбосом, тынчсыздана берчүмүн. Азыр анын баарынан баш тартып, көңүлүмдү реалдуу жашоого буруп калган кезим.

Чынара Термечикова
Чынара Термечикова

Чынара Термечикова: - Балдардын кабыл алуусу беш жашка чейин аябай күчтүү болот. Көргөнүн, укканын, кармаганын, туйганын, сезгенин дароо кабыл алат. Ошол куракта гаджет менен гана чоңойтсок, анын келечеги кандай болот? Адамдын ой жүгүртүү деңгээлине, эс-тутумуна кенже курактагы кабыл алуу жараяны роль ойнойт. Ой жүгүртүүнүн калыптанышына буюм жана иш-аракеттер аябай маанилүү. Ошондуктан бала кезде гаджеттин ордуна башка буюмдарды көбүрөөк кармашы керек. Мисалы, катуу же жумшакты, чоюла турган нерсени, же болбосо ысыкты, муздакты, майданы, чоңду кармашы жана аны колу менен, денеси менен сезгенди үйрөнүшү керек. Ал эми гаджет - көздүн гана рахаты.

Психологияда дофамин деген түшүнүк бар, "рахат алуу" деген мааниде. Мисалы, ТикТоктон бир мүнөттүк видеону көрдүбү, бала рахат алат. Андан ары башка видеолорду көрөт, рахат ала берет. Гаджетти чукулап отура берсе, дофаминдин тереңине түшүп кетет да, андан кайра чыгышы аябай кыйын болот.

Технология өнүгүп жатат, балдардын андан артта калганы да туура эмес. Муну да түшүнүш керек. Бирок психолог катары айтарым, балдарга үч жашка чейин гаджет бербеш керек. Үч жаштан кийин маал-маалы менен пайдалуу видеолорду көрсөткөн жакшы.

Малаке Кыдыралы
Малаке Кыдыралы

Малаке Кыдыралы: - Америкада Жин Твенге деген белгилүү социалдык психолог бар. Ошол окумуштуу айым Айфон чыккандан кийин, адашпасам, 2009-жылдан бери бир катар изилдөөлөрдү жасап, анын элге таасирине байкоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында адамдарда нарциссизм деңгээли жогорулап кеткени аныкталган. Башкача айтканда, киши өзүн башкалардан өйдө коюп, өзү менен гана алектенип калышы көбөйгөн. Экинчиден, адамдардын менталдык саламаттыгы төмөндөгөнүн байкашкан. Смартфон бир катар мүмкүнчүлүктөрдү бергени менен, көзөмөл жоктугуна байланыштуу акыл-эске терс таасир тийгизген. Үчүнчүдөн, адамдарда кыжалаатчылык деңгээли өскөн. Дагы бир маанилүү байкоо, жетилүү деңгээли ылдыйлаган. Мисалы, мурдагы муундун кайсы бир курактагы кыла ала турган иштерин смартфонду такай колдонгон жаңы муун жасай албаганын аныкташкан.

Жандуу баарлашуунун бакытка таасири

БУУнун 2023-жылдагы эсебине караганда, дүйнө калкынын 67% интернет колдонот. Эл арасында социалдык тармактар эң популярдуу аянтчалар болуп турат.

Адамдар жандуу байланышуудан алыстай берсе, бул жагдай кишиде натыйжалуу ойлонуу мүмкүнчүлүгүн азайтат деген психологиялык корутунду бар.

Асел Ази Тегин: - АКШнын Педиатрия ассоциациясынын жүргүзгөн изилдөөлөрүнө караганда, гаджет менен чоңойгон баланын кайсы бир нерсеге көңүл буруусу төмөндөйт экен. Смартфонго баш-оту менен кирип кеткенче баланы көзөмөлдөбөсө, кийин сабактарды жакшы түшүнбөй калат. Бул маселе биздин парламентте да көтөрүлдү, бирок биздикилер дароо "тыюу салыш керек, токтотуш керек, жабыш керек, жок кылыш керек" деп башташат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму үч баскычтуу көз карандылыкты белгилейт: биринчиси - гаджетке жөн гана көп убакыт коротуу, экинчиси - смартфонго толук көз карандылык, ал болбосо жинденип калтырак басып калуу даражасы. Үчүнчүсү - өтүшүп кеткен учуру, муну санарип аутизм деп жатышат.

Эржан Кайыпов
Эржан Кайыпов

Эржан Кайыпов: - Муну "санарип көз карандылык" деп эле атаганыбыз сезимталдык жагынан туура болот. Анткени, бул - санариптешүүнүн терс таасири тууралуу маселе. "Санарип аутизм" деп атаганда коомдо аутизмди терс баалаган мамиле жаралат. Өзгөчө балдардын ата-энелерине катуу тиет. Аутизмде көз карандылык жок. Аутисттер коомдун толук кандуу мүчөсү. Аутизм оору деп да таанылган эмес. Мындай балдар дүйнөдө көп төрөлүп жатат азыр.

Малаке Кыдыралы: - "Санарип аутизм" деген диагноз жок. Бул жөн гана социалдык баарлашуунун азайып кеткени жөнүндөгү эле түшүнүк катары айтылып жатат. Психотерапияда адамдын мамилеси сапаттуу болсо, анын психологиялык саламаттыгы жакшы деп эсептелет. Жандуу баарлашуу азая берсе, жаңы муундун менталдык саламаттыгынын начарлашына алып келет.

Бактылуулук боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт эмеспи, ошол изилдөөлөрдүн жыйынтыгын чыгаруу үчүн сөзсүз колдонула турган бир критерий бар, бул - адамдын башкалар менен мамилеси. Мамиленин сапаты адамдын бактылуу болушуна чоң таасир берет. Эгер жандуу мамиле, жандуу баарлашуу азая берсе, бактылуулуктун көрсөткүчү да төмөндөйт.

Чынара Термечикова: - Жандуу баарлашуу деген аябай маанилүү. Мен бала бакчада иштегеним үчүн байкоо салып, телефондо аз ойногон бала менен көп ойногон баланын айырмасын жакшы байкайм. Смартфонду көп кармаган балага суроо берсең, бир чекитти карап, гаджетти тиктеп отургандай жооп берет. Анткени ата-эне менен баланын ортосунда жандуу баарлашуу жок.

Бала бакчада балдардын кыймыл-аракетин өнүктүрүүгө да багытталган сабактар болот. Балдар үй-тиричилигине кызыгат. Чай куйганды, бир нерсе туураганды каалайт. Андай каалоолорго чек коё бербеш керек. Ушундан улам аталарга ыр жазган элем:

Атам мага үйрөттү,

Мени менен чогуу ойноп,

Топту туура тепкенди.

Кайчы берип колума,

Кагаздарды кескенди.

Атам мага үйрөттү,

Карматып балка колума,

Мыкты туура какканды.

Китеп окуп кечинде,

Убагында жатканды.

Санарип технологиянын оң жактары

Британиянын GlobalWebIndex (GWI) уюмунун 2023-жылга карата баяндамасына ылайык, адамдар бир жыл мурдагыга салыштырмалуу интернетти күнүнө орто эсепте 20 мүнөткө азыраак колдоно баштады.

2022-жылы эмгекке жарамдуу курактагы интернет колдонуучулар орто эсеп менен күнүнө дээрлик 7 саат интернетте отурса, азыр бул көрсөткүч 6 саат 37 мүнөттү түзөт.

Асел Ази Тегин: - Фейсбук колдонбой калгандан кийин кызыктуу бир жагдайды байкадым. Ал жакта 2 миңден ашуун досум бар эле. Жазган постторума, жарыялаган сүрөттөрүмө лайк басып, комментарий жазып турушчу. Фейсбуктан "кеткенимден" кийин ашып барса 20 адам "Асел, көрүнбөй калдың го" деп сурады. Бул ошол 2 миң кишинин бир гана пайызы.

Ошол эле учурда санарип технологиянын оң жактары өтө көп. Убактыңды үнөмдөйт, кайсы бир ишиңди тезирээк бүтүрөсүң, жакындарың менен аралыктан эле баарлашып, ал-абалын биле аласың. Онлайн иштеп, акча табасың. Маалыматтарды ылгай билген, баш-отубуз менен смартфонго кирип кетип, өзүбүздү чыныгы жашоодон рахат албаган даражага жеткирбесек болду.

Малаке Кыдыралы: - Балдардын аң-сезимин өстүргөн тиркемелер, каналдар бар. Ошолорго жазылып, перзенттерибиздин смартфонго көз каранды болуп калгандай даражага жеткирбесек, санарип дүйнөнүн пайдасын көбүрөөк алабыз.

Талкууну толугу менен аудиодон уга аласыз.

Гаджетке көз карандылык: Коркунуч жана мүмкүнчүлүктөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:04 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG