Согуш талкалаган Сирия
Before
After
Алеппо, эски шаар
2010-2014
Байыркы Алеппо шаарынын эски бөлүгү, Омейяддардын чоң мечити (оңдө төмөнкү бурчта)
Before
After
Дейр-эз-Зоредеги көпүрө
2013-2014
1920-жылдары курулган Евфрат дарыясындагы асма көпүрө согуш маалында талкаланды.
Before
After
Ал-Арбаин, Хама
2010-2012
Сириянын батышындагы Хама шаары сириялык өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулардын катуу кармашынын очогу болду. Ал-Арбаин району кыйроого көп учурады.
Before
After
Увайс ал-Карни мечити, Ракка
2011-2014
2014-шииттердин мечитин "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлери талкалап салган.
Before
After
Соук ал-Хал базары, Кобани
2014-2015
Түркиянын чек арасынан 400 метр турган Сириянын түндүгүндөгү Кобани шаарындагы Соук ал-Хал базары дээрлик жер менен жексен болгон.
Before
After
Ал-Хамидия конушу, Хомс
2010-2014
Халид ибн ал-Валид мечитинин айланасы (сүрөттө оңдо жогорку бурчта) Сирияда согуш башталгандан бери тынымсыз кармаштар жүргөн жер.
Before
After
Заатаридеги качкындар лагери, Иордания
2012-2013
Сирияда жарандык согуш башталгандан бери жүз миңдеген адамдар жабыркады. 270 миңден ашуун киши жарыкчылык менен кош айтышса, миллиондогон сириялыктар үй-жайын таштап бозгунга айланды. Алардын көбү Иорданиядагы Заатари лагеринде башкалка табышкан. 80 миңден ашуун киши турган жер дүйнөдөгү экинчи чоң качкындар лагери деп саналат.