ППК партиясы ондогон жылдардан бери Түркиянын түштүк-чыгышындагы күрддөр отурукташкан аймакта автономия үчүн күрөшүп келатат. Өлгөндөрдүн калган экөө да күрд активисттери экени айтылды.
Маалымат каражаттары өлтүрүлгөн үч аял башынан ок жегенин кабарлашууда. Бирок бул маалыматты жана өлгөндөрдүн аты-жөнүн француз полициясы тастыктай элек.
Окуя болгон жерге барган Франциянын ички иштер министри Мануэл Валс "аялдардын көзүн атайылап тазалашканынан күмөн жок" деди.
"Мен ал үч аял өлтүрүлгөн районго бардым, аларга атайын бирөө кол салганынан күмөн жок. Бул аябай олуттуу маселе, мен ошон үчүн келип отурам. Бул такыр кабыл алгыс нерсе, - деди министр. - Прокуратура иликтөөлөрүн эми эле баштады жана бул үрөйдү учурган актыга тактык киргизиш үчүн антитеррористтик күчтөр да тартылууда".
Аялдардын жасаты шаршембиден бейшембиге караган түнү Париждеги күрд маалымат борборунан табылган. Ал борбор менен телефон аркылуу байланышканга мүмкүн болгон жок.
Күрддөндүн расмий өкүлү Эюп Дору журналисттерге Сакине Жансиз жана өлгөн аялдардын дагы бири жөнүндө маалымат берди.
"Өлтүрүлгөн аял тарыхый инсан болчу, - деп сөзүн баштады Дору. - Ал 1980-жылдардагы диктатордук режимдин тушунда кыйноолорго алынып, бир нече жыл түрмөдө отуруп чыккан. Францияда саясий качкын макамын алган. Экинчи жашыраак аял Францияда төрөлгөн, ушул жерден билим алган. Ал өзүнүн укуктары, күрд элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн".
Соңку кол салуудан кийин жүздөгөн адамдар – көпчүлүгү күрддөр – бейшембиде Күрд борборунун жанына чогулушту.
Түркияда бийликтеги Акыйкаттык жана Өнүгүү партиясынын лидеринин орун басары Хусейин Челик кылмышты ПККнын “ичиндеги өз ара касташуунун натыйжасы” катары сыпаттады.
Окуянын алдынан эле Түркия “козголоңчуларды куралын таштоого көндүрүш үчүн” ПККнын абактагы лидери Абдулла Ожалан менен сүйлөшүүлөрдү баштаган болчу.
Күрдстан Эмгекчилер партиясынын куралдуу күрөшү 1984-жылы башталгандан бери куралдуу кагылышууларда 45 миңден ашуун киши каза болду.
Сакине Жансиз Франциядан саясий башпаанекти 1988-жылы алган. Аны Түркияда ишине тыйуу салынган ППКнын мүчөсү болгону үчүн камоо буйругу берилген. Ал 2007-жылы Германияда камакка да алынганы белгилүү. Бирок Түркияга өткөрүлүп берилбей бошотулган.