Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:47
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстан спортчуларын тосуп алды

Кыргызстандыктар XXXII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алышты.

Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан эки күмүш, бир коло медал утуп алды.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндары Токиого 67 жылдан кийин кайтып келди. Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Токио оюндарына катышып жаткан кыз-келиндер 48,8% түздү.

Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам бир жылга жылдырган.

Токио Олимпиадасынын программасына спорттун беш жаңы түрү: бейсбол менен софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг кирди.

Айсулуу аттанды, Симона Байлз мелдешке чыкпайт

Кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдешке катышып жаткан Жапония курама командасынын оюнчусу Мегуми Мураками. Токио олимп оюндарында кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдеште 24 команда 6 тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар кийинки баскычка өтөт.
1/15 Кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдешке катышып жаткан Жапония курама командасынын оюнчусу Мегуми Мураками. Токио олимп оюндарында кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдеште 24 команда 6 тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар кийинки баскычка өтөт.
Польшалык спортчулар Лукаш Пжибайтек менен Павел Колодзински парус спорту боюнча мелдеш учурунда.
2/15 Польшалык спортчулар Лукаш Пжибайтек менен Павел Колодзински парус спорту боюнча мелдеш учурунда.
Венгриялык суучул Катинка Хоссу.
3/15 Венгриялык суучул Катинка Хоссу.
Өзбекстандык дзюдочу Давлат Бабанов Токио Олимп оюндарынын коло байгесин утту. Өзбекстандын курама командасы бир алтын, бир коло байге утуп, медалдардын жалпы саны боюнча 28-орунда. 25-июлда өзбекстандык дагы бир спортчу Улугбек Рашитов Олимпиаданын алтын байгесин уткан эле.
4/15 Өзбекстандык дзюдочу Давлат Бабанов Токио Олимп оюндарынын коло байгесин утту. Өзбекстандын курама командасы бир алтын, бир коло байге утуп, медалдардын жалпы саны боюнча 28-орунда. 25-июлда өзбекстандык дагы бир спортчу Улугбек Рашитов Олимпиаданын алтын байгесин уткан эле.
Жапониянын софтбол боюнча курама командасынын оюнчулары Йукико Уено (17) жана Ю Ямамото АКШ курама командасын жеңип алганына кубанууда. Бул беттеште Жапония 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

5/15 Жапониянын софтбол боюнча курама командасынын оюнчулары Йукико Уено (17) жана Ю Ямамото АКШ курама командасын жеңип алганына кубанууда. Бул беттеште Жапония 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

Спорттук гимнастика боюнча Олимпиаданын төрт жолку чемпиону америкалык Симона Байлз мелдеш учурунда.

Симона 29-июлда өтө турган мелдештен баш тартып, өзүнүн психикалык саламаттыгын чыңдоого басым жасарын жана мындан кийин мелдештерге катышпай турганын айткан. Байлз Рио-де-Жанейродогу жайкы оюндарда төрт алтын, бир коло медал утуп, спорт дүйнөсүн таң калтырган эле.
6/15 Спорттук гимнастика боюнча Олимпиаданын төрт жолку чемпиону америкалык Симона Байлз мелдеш учурунда.

Симона 29-июлда өтө турган мелдештен баш тартып, өзүнүн психикалык саламаттыгын чыңдоого басым жасарын жана мындан кийин мелдештерге катышпай турганын айткан. Байлз Рио-де-Жанейродогу жайкы оюндарда төрт алтын, бир коло медал утуп, спорт дүйнөсүн таң калтырган эле.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына катышуу үчүн Токиого жөнөп кетти.

Тыныбекова спорттук карьерасындагы үчүнчү Олимп оюндарына өз салмагындагы фаворит катары бара жатат. Балбан кыз Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунда турат. Күйөрмандар Айсулуу Олимпиаданын алтын байгесин утат деп ишеним артууда.
8/15 Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына катышуу үчүн Токиого жөнөп кетти.
Тыныбекова спорттук карьерасындагы үчүнчү Олимп оюндарына өз салмагындагы фаворит катары бара жатат. Балбан кыз Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунда турат. Күйөрмандар Айсулуу Олимпиаданын алтын байгесин утат деп ишеним артууда.
Пандемиядан улам бир жылга кечиктирилген Олимп оюндары катаал чектөөлөр менен өтүп жатат. Эки жума мурун Токиодо коронавирустун жаңы толкуну чыккандыктан уюштуруучулар көрүүчүлөрдүн катышуусуна толук тыюу салган. Учурда мелдештер көрүүчүлөрсүз өтүп жатат.

29-июлга карата Олимп оюндарына аккредитациядан өткөн 193 адамдын коронавирус аныкталган.
9/15 Пандемиядан улам бир жылга кечиктирилген Олимп оюндары катаал чектөөлөр менен өтүп жатат. Эки жума мурун Токиодо коронавирустун жаңы толкуну чыккандыктан уюштуруучулар көрүүчүлөрдүн катышуусуна толук тыюу салган. Учурда мелдештер көрүүчүлөрсүз өтүп жатат.
29-июлга карата Олимп оюндарына аккредитациядан өткөн 193 адамдын коронавирус аныкталган.
Португалиялык Родриго Торрес Фогосо аттуу күлүгү менен Олимп оюндарындагы ат спорту боюнча мелдештерге катышууда.
10/15 Португалиялык Родриго Торрес Фогосо аттуу күлүгү менен Олимп оюндарындагы ат спорту боюнча мелдештерге катышууда.
Суу полосу боюнча Венгриянын кыз-келиндер курама командасы АКШнын курама командасын утуп алганын майрамдоодо.
11/15 Суу полосу боюнча Венгриянын кыз-келиндер курама командасы АКШнын курама командасын утуп алганын майрамдоодо.
Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан мушкер Имам Хатаев  казакстандык мушкер Бекзад Нурдаулетов менен беттеште.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына бир да мушкер жолдомо ута алган жок.
12/15 Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан мушкер Имам Хатаев  казакстандык мушкер Бекзад Нурдаулетов менен беттеште.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына бир да мушкер жолдомо ута алган жок.

Түркмөнстандык оор атлет Полина Гурьева Токиодогу Олимп оюндарынын күмүш медалына ээ болду. Бул көз карандысыз Түркмөнстандын тарыхындагы алгачкы олимпиадалык медал болуп калды.

Полина Гурьева оор атлеттер арасындагы 59 килограммдык салмактагылардын мелдешинде 217 кг салмактагы штанганы көтөрдү.

13/15

Түркмөнстандык оор атлет Полина Гурьева Токиодогу Олимп оюндарынын күмүш медалына ээ болду. Бул көз карандысыз Түркмөнстандын тарыхындагы алгачкы олимпиадалык медал болуп калды.

Полина Гурьева оор атлеттер арасындагы 59 килограммдык салмактагылардын мелдешинде 217 кг салмактагы штанганы көтөрдү.

Швейцариялык Жоланда Нефф тоо велосипеди боюнча аялдар арасындагы жарышта  экинчи орунду ээлеген Сина Фрей, үчүнчү орунду алган Линда Индергандды кучактап кубанууда.
14/15 Швейцариялык Жоланда Нефф тоо велосипеди боюнча аялдар арасындагы жарышта  экинчи орунду ээлеген Сина Фрей, үчүнчү орунду алган Линда Индергандды кучактап кубанууда.
Румыниялык спортчулар Анкута Боднар менен Симона-Геанина Радистин Олимпиаданын алтын медалын тагынып жаткан учуру. Алар кайык менен сууда сүзүү боюнча жарышта чемпион болушту.
15/15 Румыниялык спортчулар Анкута Боднар менен Симона-Геанина Радистин Олимпиаданын алтын медалын тагынып жаткан учуру. Алар кайык менен сууда сүзүү боюнча жарышта чемпион болушту.
Артка
Алдыга

28-июлда Токиодогу Олимпиадада эркектер арасындагы футбол мелдешинин тайпалык оюндары жыйынтыкталды.

Жапония курама командасы азырынча көпчүлүлүктү таң калтырып, бардык беттештерин утту. Азиянын дагы бир өлкөсү – Түштүк Корея да кийинки баскычка өттү. Мелдештин күтүүсүз жыйынтыгы катары Германия, Франция менен Румыниянын тайпадан чыкпай калганы айтылууда.

Чейрек финалдын оюндары 31-июлда башталат.

Испания — Кот-д'Ивуар. Башталышы 8:00 (Бишкек убактысы)

Жаңы Зеландия — Жапония (9:00)

Бразилия — Египет (10:00)

Түштүк Корея — Мексика (11:00).

28-июлда Токиодогу Олимп оюндарында спортчулар 23 медалдар комплекти үчүн мелдешет. Медалдар саны боюнча ушул сааттарга карата биринчи орунда Жапония келе жатат.

Токиодогу Олимпиада оюндарынын медалдар боюнча көрсөткүчү. Алдыдагы беш өлкө.
КомандаАлтынКүмүшКолоБаары
1. Жапония124 521
2. Кытай115824
3. АКШ1011930
4. Орусиянын Олимпиада комитети 78520
5. Австралия61916
Борбор Азия өлкөлөрүнүн көрсөткүчү.
КомандаАлтын Күмүш КолоБаары
25. Өзбекстан1 12
42. Түркмөнстан 1 1
49. Казакстан 33
Кыргызстан
Тажикстан

Спорттук гимнастика: Байлз мелдештен баш тартты

Спорттук гимнастика боюнча Олимпиаданын төрт жолку чемпиону америкалык Симона Байлз дагы бир мелдешке катышуудан баш тартты. Ал бейшембиде өтө турган мелдештен баш тарып койду. Байлз өзүнүн психикалык саламаттыгын чыңдоого басым жасарын жана мындан кийин мелдештерге катышпай турганын айткан.

Олимпиаданын төрт жолку чемпиону америкалык Симона Байлз.
Олимпиаданын төрт жолку чемпиону америкалык Симона Байлз.

“Дүйнө бизден талап кылган нерсени жөн эле аткара бербестен, өзүбүздүн психикабызды жана денебизди коргошубуз керек”,-деген ал журналисттерге маегинде.

Байлз Рио-де-Жанейродогу жайкы оюндарда төрт алтын, бир коло медал утуп, спорт дүйнөсүн таң калтырган эле.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG