Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Түркмөнстан: оор атлетчи кыз тарыхта биринчи жолу өлкөгө олимпиада медалын алып келди


Түркмөнстандык спортчу Полина Гурьева өлкөнүн эгемендик тарыхында алгачкы олимпиада медалын алды.
Түркмөнстандык спортчу Полина Гурьева өлкөнүн эгемендик тарыхында алгачкы олимпиада медалын алды.

Түркмөнстандык оор атлетчи Полина Гурьева Токиодогу Олимп оюндарынын жүрүшүндө күмүш медалга ээ болду. Бул көз карандысыз Түркмөнстандын тарыхындагы алгачкы олимпиадалык медал болуп калды.

Полина Гурьева оор атлетчилердин арасындагы 59 килограммдык салмактагылардын мелдешинде 217 кг салмактагы штанганы көтөрдү.

Алтын медалды тайвандык спортчу Куо Син-Чжунь алды. Ал эми коло медалды болсо Жапониядан Микико Андо тагынды.

Буга чейин Түркмөнстандын курама командасы өткөн отуз жыл аралыгында болуп өткөн Олимп оюндарында бир дагы жолу медал алган эмес эле.

Бул жолу Түркмөнстандын спортчуларын президенттин уулу, вице-премьер Сердар Бердымухамедов баштап барды.

Олимпиадага Түркмөнстандан тогуз спортчу катышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG