Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:41
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстан спортчуларын тосуп алды

Кыргызстандыктар XXXII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алышты.

Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан эки күмүш, бир коло медал утуп алды.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндары Токиого 67 жылдан кийин кайтып келди. Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Токио оюндарына катышып жаткан кыз-келиндер 48,8% түздү.

Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам бир жылга жылдырган.

Токио Олимпиадасынын программасына спорттун беш жаңы түрү: бейсбол менен софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг кирди.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов азербайжандык атаандашы Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңип, жарым финалга чыкты.

Биринчи күрөшүндө тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда нигериялык атаандашына 2:3 эсеби менен утулуп калды.

Акжол Махмудов жарым финалда армениялык Карапет Чальян менен күрөшөт.

Акжол Махмудов атаандашы Ламьед Маафини 11-0 эсеби менен утту.
Акжол Махмудов атаандашы Ламьед Маафини 11-0 эсеби менен утту.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча 76 килограмм салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова менен грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмактагы Акжол Махмудов алгачкы атаандаштарын жеңди.

Мээрим Жуманазарова Болгариянын спортчусу Мими Христованы 7-5 эсеби менен, Акжол Махмудов атаандашы Тунис өлкөсүнөн келген балбан Ламьед Маафини 11-0 эсеби менен утту.

97 килограмм салмактагы Үзүр Жусупбеков армениялык, учурдагы олимпиада чемпиону Артур Алексанянга утулуп калды.

Ошондой эле 76 кг. салмакта Айпери Медет кызы коло медал үчүн күрөшөт.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта килемге чыкккан Айпери Медет кызы жарым финалда АКШ спортчусу, дүйнөнүн беш жолку чемпиону Аделин Мариа Грейге 3:2 эсеби менен жеңилди.

1-айлампада АКШ өкүлүнүн эсебине эки упай жазылган. 2-айлампада Айпери атаандашын килемдин сыртына түртүп чыгарууга аракеттенди. Бул аракетке калыстар упай бербей, ага нааразы болгон кыргызстандык машыктыруучу видеодон кайталап көрүүнү талап кылып, челленж берди. Челенж да АКШ спортчусунун пайдасына чечилип, ага дагы бир упай берилди. Акыркы мүнөттө Айпери эки упайлык ыкма жасоого жетишип, тилекке каршы эсепти теңөөгө үлгүрбөй, таймашка бөлүнгөн убакыт соңуна чыкты.

Эми 2-августта коло байге үчүн күрөшөт. Атаандашы эртең белгилүү болот.

Жарым финалга чейин Айпери эки беттеш өткөрдү. Алгач казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсеби менен жеңди. Чейрек финалда олимпиада чемпиону, Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде утуп алган.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), дүйнө чемпионатында күмүш (2016-ж.) байгелерин алган.

23 жашка чейинки кыздар арасында дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган. Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген (Белград, 2020-ж.).

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат.

Айпери Медет кызы АКШ спортчусу Аделин Мариа Грей менен күрөшүүдө. Токио. 1-август, 2021-ж.
Айпери Медет кызы АКШ спортчусу Аделин Мариа Грей менен күрөшүүдө. Токио. 1-август, 2021-ж.

Токио-2020: Бекдөөлөттүн ызасы, Ибрахимдин рекорду

25 жаштагы&nbsp;<a href="https://www.azattyk.org/a/29761572.html" target="_blank">Бекдөөлөт Расулбеков&nbsp;</a>оор атлетика боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону. Ал Токио оюндарында 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
1/16 25 жаштагы Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону. Ал Токио оюндарында 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Расулбеков 31-июлда &quot;А&quot; тайпасындагы мелдешке катышты.&nbsp;
2/16 Расулбеков 31-июлда "А" тайпасындагы мелдешке катышты. 
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Штанганы түртүп көтөрүүдө Бекдөөлөт алгач 162 килону көтөрүп, экинчи аракетинде 166 килону көтөрө албай калды. Үчүнчү аракетинде гана 166 килону көтөрүп, 8-орунду ээледи.
3/16 Штанганы түртүп көтөрүүдө Бекдөөлөт алгач 162 килону көтөрүп, экинчи аракетинде 166 килону көтөрө албай калды. Үчүнчү аракетинде гана 166 килону көтөрүп, 8-орунду ээледи.
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
96 килограммга чейинки салмакта он спортчу байге үчүн ат салышты.
4/16 96 килограммга чейинки салмакта он спортчу байге үчүн ат салышты.
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
5/16
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Жапониялык спортчу Тошики Ямомото 200 килону көтөрүүгө аракет кылып, бирок үч жолу тең көтөрө албай калды. Булкуп көтөрүүдө Ямомото 168 килону багындырды. Жыйынтыгында ал 9-орунду ээледи.
6/16 Жапониялык спортчу Тошики Ямомото 200 килону көтөрүүгө аракет кылып, бирок үч жолу тең көтөрө албай калды. Булкуп көтөрүүдө Ямомото 168 килону багындырды. Жыйынтыгында ал 9-орунду ээледи.
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Канадалык оор алтетчи Сантави Боди Роберт 4-орунду ээледи.
7/16 Канадалык оор алтетчи Сантави Боди Роберт 4-орунду ээледи.
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Венесуэла спортчусу Кейдомар Валенилья булкуп көтөрүүдө 177 килону, түртүп көтөрүүдө&nbsp; 210 килограммды багындырып, жыйынтыгында күмүш байгенин ээси болду.
8/16 Венесуэла спортчусу Кейдомар Валенилья булкуп көтөрүүдө 177 килону, түртүп көтөрүүдө  210 килограммды багындырып, жыйынтыгында күмүш байгенин ээси болду.
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
&nbsp;Венесуэлалык спортчу Кейдомар Валенилья ийгилигине кубанууда. Кейдомар жалпы 387 килограммды көтөрдү.
9/16  Венесуэлалык спортчу Кейдомар Валенилья ийгилигине кубанууда. Кейдомар жалпы 387 килограммды көтөрдү.
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Штанганы жулкуп көтөрүүдө Расулбеков 200 килону, экинчи аракетинде 208 килону көтөрдү.
10/16 Штанганы жулкуп көтөрүүдө Расулбеков 200 килону, экинчи аракетинде 208 килону көтөрдү.
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Үчүнчү аракетинде 216 килону көтөрүүгө аракет жасап, бирок жаза басты.
11/16 Үчүнчү аракетинде 216 килону көтөрүүгө аракет жасап, бирок жаза басты.
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Жалпысынан 374 килограмм салмакты багындырып Бекдөөлөт 6-орунду ээледи.&nbsp;
12/16 Жалпысынан 374 килограмм салмакты багындырып Бекдөөлөт 6-орунду ээледи. 
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Катардын спортчусу Элбах Фарес Ибрахим түртүп көтөрүүдө мелдешке чыгар менен эле 217 килону багындырды.&nbsp;
13/16 Катардын спортчусу Элбах Фарес Ибрахим түртүп көтөрүүдө мелдешке чыгар менен эле 217 килону багындырды. 
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Кейдомар Валенилья сүйүнүчтөн көзүнө жаш алды.
14/16 Кейдомар Валенилья сүйүнүчтөн көзүнө жаш алды.
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
<p>Олимпиада чемпиону Элбах Фарес Ибрахим, күмүш медалдын ээси Кейдомар Валенилья жана Грузиянын өкүлү Антон Плесной&nbsp;сыйлоо аземи учурунда.</p>
15/16

Олимпиада чемпиону Элбах Фарес Ибрахим, күмүш медалдын ээси Кейдомар Валенилья жана Грузиянын өкүлү Антон Плесной сыйлоо аземи учурунда.

Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Бекдөөлөт Расулбеков эгемен Кыргызстандын тарыхында олимпиада оюндарына катышкан жетинчи оор атлетчи болуп калды.
16/16 Бекдөөлөт Расулбеков эгемен Кыргызстандын тарыхында олимпиада оюндарына катышкан жетинчи оор атлетчи болуп калды.
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Артка
Алдыга

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG