Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Трамп иммиграциялык эрежелерди күчөттү


Трамп иммиграциялык эрежелерди күчөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

АКШны “чет элдик террорчулардан” коргоону убада кылган президент Трамп 27-январда жети мусулман өлкөсүнөн иммиграцияны 90 күнгө, текшерүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыкканга чейин, токтотууну караган жардыкка кол койгон эле. Ал мусулман өлкөлөрү: Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен. Президент жардыгына ылайык, АКШ ошондой эле 120 күнгө качкындарды кабыл алууну, ал эми сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтотот. Чектөө мекенинде диний негизде куугунтукка кабылган качкындарга карата жайылтылбайт. Президент жардыгынын аткарыла баштоосу АКШнын аэропортторунан жүздөгөн адамдардын кармалышына же депортациялануусуна алып барды.

XS
SM
MD
LG