Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:30

АКШ - Улуу Британия: Трамп менен Мэйдин айтышы


АКШ президенти Доналд Трамп жана Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Брюсселдеги саммитте, 25.5.2017.
АКШ президенти Доналд Трамп жана Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Брюсселдеги саммитте, 25.5.2017.

Бири-бирин эң жакын өнөктөш деп санаган АКШ менен Британиянын лидерлери кайым айтыша кетишти. Буга президент Доналд Трамптын британиялык ашкере оңчул кыймылдын Твиттердеги билдирүүсүн бөлүшкөнү себеп болду.

Твиттерде 43,7 миллиондой окурманы бар президент Доналд Трамп 29-ноябрда Британиядагы ашкере оңчул кыймылдын үч видеосун бөлүшүп, Американын эң жакын өнөктөшүнүн ачуусун келтирди.

Ал видеолорду "Британия биринчи" деп аталган улутчул кыймылдын жетекчи орун басары Жейда Франсен Твиттерге жүктөгөн. "Мусулман мигрант голландиялык баланы урду", "Исламчыл топ жеткинчек баланы чатырдан түртүп, өлгөнгө чейин сабады", "Мусулман Ыйык Мариянын айкелин талкалады" деген аталыштагы бул видеолордун чын-төгүнү белгисиз.

Президент Трамптын мындай талаштуу, тастыкталбаган видеолорду бөлүшкөнүн британ өкмөтү да, оппозициясы да бир ооздон "туура эмес" деп аташты.

Британ премьер-министри Тереза Мэй "Британия биринчи" деп аталган кыймылды жек көрүүчүлүктү алга сүрөгөн, коомду бөлүнүп-жарылууга түрткөн уюм катары мүнөздөп, алардын ураандары британ баалуулуктарына каршы келерин айтты.

Ал АКШ лидеринин дал ушундай уюмдун шойкомдуу видеосун жайылтканын 30-ноябрда Иорданиядагы сапары маалында сынга алды:

"Биздин чогуу иш алып барганыбыз, биз АКШ туура эмес кылды деген оюбузду ачык айтуудан коркобуз дегенди билдирбейт. "Британия биринчи" деген кыймылдын жазгандарын бөлүшүү туура эмес болгон деп так айтамын".

Тереза Мэй Иорданиянын борбору Аммандагы маалымат жыйынында, 30-ноябрь.
Тереза Мэй Иорданиянын борбору Аммандагы маалымат жыйынында, 30-ноябрь.

Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин АКШ лидеринин кадамын "коркунучтуу" деп атады. Айрым британ депутаттары президент Трампты "фашисттик, расисттик көз караштагы топту" реклама кылды деп айыпташты.

Ар дайым Британияны биринчи планга коюу идеясын алга сүрөгөн бул улутчул топ талаштуу билдирүүлөрү менен социалдык тармактардагы элдин көңүлүн буруп келет. Алардын мүчөлөрү иммиграцияга жана абортко каршы чакырыктары менен европалык жана жергиликтүү шайлоолорго катышып көрүшкөн. Бирок ушуга чейин бир дагы мандатка ээ болгон эмес.

Алардын видеосун бөлүшкөн Доналд Трамп Британ өкмөтүнө кайрадан эле Твиттер аркылуу жооп кайтарды.

"Тереза Мэй, мага көңүл бургуча, Улуу Британияда орун алып жаткан радикалдуу исламчыл терроризмге көңүл бур", - деп жазды Трамп.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс болсо 29-ноябрда Вашингтондо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент Трамптын кадамын колдоду:

"Видеолор чын болсо да, болбосо да коркунуч бар экени анык жана президент ошол тууралуу сөз кылып жатат. Президент дал ушул маселеге көңүл буруп, реалдуу коркунуч менен алек болууда. Кандай карасаңыз да, алар чындык".

Президент жана өкмөт башчылар алмашса да, узак тарыхы бар Британия менен АКШ бири-бирин дүйнөдөгү эң башкы өнөктөш катары санашат. Эки өлкөнүн өзгөчө алакасы бар экенин азыркы лидерлер да баса белгилешкен эле. Мисалы, Доналд Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин алгачкы чет өлкө башчысы катары Тереза Мэйди Вашингтондо кабыл алган.

Трамп Британиядагы былтыркы референдумда бул өлкө Евробиримдиктен чыгууну тандаганын "чоң жеңиш" катары мүнөздөгөн.

Шайлоо өнөктүгүндө иммигранттар тууралуу кескин билдирүүлөрдү айткан Доналд Трамп ишке киришкенден кийин айрым мусулман өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө убактылуу чектөө киргизген. Андан кийин Британияда Трампты өлкөгө киргизбөө чакырыктары айтылган.

Эми Трамп Твиттерге талаштуу видеолорду бөлүшкөндөн кийин мындай демилгелер кайра көтөрүлө баштады.

Айрым британ расмийлери, алардын ичинде Лондондун биринчи мусулман мэри Садик Хан өкмөткө кайрылып, Трамптын Британияга күтүлүп жаткан иш сапарын токтотууну талап кылышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG