Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо
![Жекшембиде түркиялыктар өлкөнүн 13-президентин жана парламентке саясий партияларды шайлайт.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-4f4d-08db545c20c3_w1024_q10_s.jpg)
1
Жекшембиде түркиялыктар өлкөнүн 13-президентин жана парламентке саясий партияларды шайлайт.
![Өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана эртең мененки саат 8.00до ачылды. Добуш берүү кешки саат 17.00го чейин уланат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-0a32-08db545bf56a_w1024_q10_s.jpg)
2
Өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана эртең мененки саат 8.00до ачылды. Добуш берүү кешки саат 17.00го чейин уланат.
![Жергиликтүү серепчилер бул жолу шайлоочулар жигердүү катышып атканын баса белгилешүүдө.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-7651-08db545bdb6d_w1024_q10_s.jpg)
3
Жергиликтүү серепчилер бул жолу шайлоочулар жигердүү катышып атканын баса белгилешүүдө.
![Шайлоо тилкелеринин дээрлик көпчүлүгү орто мектептердин имараттарында жайгашкан. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-97bc-08db545bdb5a_w1024_q10_s.jpg)
4
Шайлоо тилкелеринин дээрлик көпчүлүгү орто мектептердин имараттарында жайгашкан.
![Түркияда президенттикке төрт талапкер ат салышууда. Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглунун ысымы аталууда.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-f12b-08db545bdb5d_w1024_q10_s.jpg)
5
Түркияда президенттикке төрт талапкер ат салышууда. Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглунун ысымы аталууда.
![Президенттикке негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган аялы Эмине Эрдоган менен Стамбул шаарында шайлоого катышты. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-354c-08db545ccc3c_w1024_q10_s.jpg)
6
Президенттикке негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган аялы Эмине Эрдоган менен Стамбул шаарында шайлоого катышты.
![Оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу аялы Селви Кылычдароглу менен Анкара шаарында добуш берди. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-8424-08db545c0b10_w1024_q10_s.jpg)
7
Оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу аялы Селви Кылычдароглу менен Анкара шаарында добуш берди.
![6-февралдагы зилзаладан кийин катуу жабыркаган Хатай провинциясындагы шайлоочулар атайын коюлган контейнерлерде добуш беришүүдө.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-c826-08db545c1350_w1024_q10_s.jpg)
8
6-февралдагы зилзаладан кийин катуу жабыркаган Хатай провинциясындагы шайлоочулар атайын коюлган контейнерлерде добуш беришүүдө.
![Шайлоо тилкеси. Хатай шаары.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-e1c3-08db545c13c0_w1024_q10_s.jpg)
9
Шайлоо тилкеси. Хатай шаары.
![Түркиялыктар жекшембиде ошондой эле парламенттик шайлоого да добуш беришет. Жалпысынан 24 саясий партия ат салышууда.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-64d7-08db545cf6dc_w1024_q10_s.jpg)
10
Түркиялыктар жекшембиде ошондой эле парламенттик шайлоого да добуш беришет. Жалпысынан 24 саясий партия ат салышууда.
![Түркия боюнча жекшембиде 600 миңден ашык полиция кызматкери иштей турганы кабарланды.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-2636-08db545bf4ca_w1024_q10_s.jpg)
11
Түркия боюнча жекшембиде 600 миңден ашык полиция кызматкери иштей турганы кабарланды.
Facebook шеринеси