Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Тунис: Дыйкандар “Өкмөт кетсин!” дешти


Миңдеген полисмендер, аскерлер, өрт өчүргүчтөр да демонстранттарга кошулуп, "Биз да качып кеткен президенттин режиминин курмандыгыбыз" дешти, 22-январь, 2011
Миңдеген полисмендер, аскерлер, өрт өчүргүчтөр да демонстранттарга кошулуп, "Биз да качып кеткен президенттин режиминин курмандыгыбыз" дешти, 22-январь, 2011

Өткөн аптада Тунистеги ыңкылапта президент өлкөдөн качып кеткен. Бүгүн дыйкан-фермерлер өкмөттүн отставкага кетишин талап кылып көчөгө чыгышты.

Убактылуу өкмөттү жетектеген Мухаммад Ганнуш жаңы өкмөт шайлангыча иштей турайын дегенине демонстранттар көнгөн жок.

Демонстранттарды баш калаага жекшембиде Жумушчулардын бирикмеси чогулткан. “Өкмөт кетсин!” деп кыйкырган дыйкан-фермерлер акыркы бир айдан берки демонстрацияларда набыт болгондордун сүрөттөрүн көтөрүп алышкан эле. Тунисте жакырчылыктан, жумушсуздуктан жана репрессиядан тажаган эл бийликке нааразылык билдирип, акыр аягында өлкөнү 23 жылдан бери башкарып келген президент Зине Эл-Абидин Бен Алини бийликтен кулатты. Бен Али Сауд Арапстанга качып кетти.

Демонстрацияларда набыт болгондорду эскериш үчүн ишембиде кечинде Тунистин борборуна миңдеген адамдар чогулду
Антип президенти өлкөдөн качып кеткенден кийин Тунистин өкмөт башчысы утурумдук өкмөттү башкараарын, жаңы өкмөт куралганга чейин иштеп тураарын жарыялаган. Бирок мындай жооп элди канааттандырган жок окшойт. Ишембиден тарта миңдеген адамдар анын кызматтан кетишин талап кылып, кайрадан көчөгө чыгышты.

Өзүн Терек деп тааныштырган тургундардын бири көчөдөгү жаалданган элдин көбү “булар өкмөткө айрым оппозиционерлердин киришине жетишиш үчүн эле чыгып жатышат” дегенге нааразы экенин билдирди.

“Эми баары акырындап тынчып кетет го деп үмүт кылабыз. Бирок биз элдин мүдөөсүн да эске алып, бул өкмөттү кетиришибиз керек, - днеди ал тургун. - Ошондо азыркы башаламандыктын баары бүтөт”.

Буга чейин демонстранттарга кошулуп, айлыкты көбөйтүүнү талап кылуудан корккон эки миңдей полисмен кечээ митингчилерге кошулуп кетишти.

Ишембиде кечинде Тунисте жүздөгөн эл буга чейин демонстрацияларда каза болгондорду эскерүүгө чогулушту.

Бирок кечинде сегизге жакындаганда аскер күчтөрү чукул кырдаал режими башталганын жарыя кылып, көчөлөрдө эл калган жок.

Ички иштер министрлигин иликтешет

Тунистеги “жасмин ыңкылабында” элдин өлүмүнө өлкөнүн ички иштер министрлиги канчалык жооптуу экенин атайын түзүлгөн комиссия иликтемей болгонун ишембиде өкмөттөн кабарлашты.

Ал комиссияны жетектей турган Таоуфик Боудербала аларга эч ким басым жасай албай турганын айтканга шашылды.

“Биринчи кезекте биз куралсыз элге, жарандарга ок чыгаргандар, адамдарды өлтүргөндөр, талап-тоноочулукка баргандар ким экенин аныктайбыз. Мындай карасанатай ишке ички иштер министрлиги бардыбы, же анын айрым кызматкерлериби, же башка эле адамдарды – алардын ысмы так аныкталат”, - деди Боудербала.

Өлкөнүн бийликтеринин расмий кабарына караганда, Тунистеги башаламандыктарда 78 адам өлгөн. Бирок Бириккен улуттар уюму набыт болгондордун саны кеминде 117 адамга жетет дейт. Аза күтүү үчүн жарыяланган үч күндүк мөөнөт жекшембиде аяктады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG