Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Түндүк Африка: Тунисте ыңкылап жеңди


Тунисте бир нече миңдеген демонстранттардын кысымынан улам өлкөнү 1987-жылдан башкарып келаткан президент Зин ал-Абидин Бен Алинин бийлиги кулады. Ал өзү Европадан баш паана таба албай, Сауд Арабстанга качып барып баш калкалоого аргасыз болду. Башка араб өлкөлөрүнүн авторитардык жетекчилери Тунистеги окуяларга сарсанаа болуп байкоо салууда.

Жаңы түшкөн маалыматтарга караганда, өлкөсүнөн 14-январда түш оогондо качкан Тунис президенти Зин ал-Абидин Бен Али (Zine al-Abidine Ben Ali) учак менен Сауд Арабстандын Жидда шаарына барды.

Тунисте коопсуздук күчтөрү менен нааразылык жыйынынын катышуучулары кагылышууга барды. 2011-жылдын 14-январы. AFP.
Тунис премьер-министри Мохаммад Ганнуши (Mohamed Ghannouchi) жума күнү кечкурун мамлекет башчынын кызматын убактылуу аткараарын билдирди.

Ошол эле күнү саал мурдараак Бен Али өкмөттү кызматтан кетирип, чукул кырдаал жарыялаган.

Тунисте 17-декабрдан бери нааразылык иш-чаралары байма-бай уланып келаткан.

Миңдеген адамдар жумушсуздукка, кымбатчылыкка жана коррупцияга каршы нааразылыгын билдирип көчөгө чыгышкан.

Демонстранттар өлкөнү 1987-жылдан бери башкарып келаткан президенттин кызматтан кетишин да талап кылышкан.

Полиция менен элдин кагылышууларынан 60тан ашуун адам набыт кеткени кабарланууда.

Нааразы топторду жоошутуу үчүн Бен Али 2014-жылы анын президенттик мөөнөтү аяктаганда кызматынан кетүүгө убада кылган.

Ал эми нааразылык жыйындарын уюштургандар өкмөт башчы Ганнушинин убактылуу президент катары бийлигин тааный тургандыгы тууралуу азырынча бир беткей бүтүм чыгарууга мүмкүн эместей.

Өз бир тууганы полиция менен кагылышууда набыт болгон Фадл би-т-Тахир деген киши «ал-Жазира» сыналгысы үчүн курган маегинде ишембиде (15-январда) демонстранттар кайра топтолуп чыгып, бүтүндөй режимди кулатуу аракетин улантат деп билдирди.

Бирок президенттин качып кеткенине маашыр болуп, «жеңиш колго тийди» деп майрамдап жаткандар да аз эмес.

Тунис жана тышкы дүйнө

АКШ президенти Барак Обама «Тунис элинин эркин» кубаттай турганын билдирди жана өлкөнүн утурумдук бийлигин тез арада жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырды.

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Тунистеги кырдаалды кылдат байкап жатканын айтып, саясий маселени күч колдонбой чечүүгө чакырды.

Жалпысынан, Бен Алинин бийликтен кетирилиши араб өлкөлөрүндөгү авторитардык режимдеринин биринин калктын көтөрүлүшүнөн айынан кулашы болуп калды. Бул үстүбүздөгү кылымдагы араб дүйнөсүндөгү алгачкы окуя.

АКШдагы Стратфор иликтөө борборунун серебинде араб дүйнөсүнүн, өзгөчө алганда Түндүк Африкадагы өлкөлөрдүн авторитардык башкарууну чеңгелинен чыгарбаган лидерлери Тунистин өрнөгүнө өзгөчө санааркоо менен карашы ажеп эмес деп белгиленет.

Айтмакчы, Парижден алынган кабарга караганда, Бен Али Тунистин мурдагы оторчусу Франциянын аймагына качууга ниет кылган, бирок француз президенти Никола Саркози бийликтен тайган Бен Алини өз өлкөсүнө киргизүүгө уруксат бербей койгон.

Борбордук азиялык серепчилердин боолгоосуна караганда, Тунистеги соңку ыңкылапчыл окуялар 2005- жана 2010-жылдары эки ирет ыңкылапты баштан кечирген Кыргызстандын Борбордук Азиядагы авторитардык коңшуларынын мамлекет башчыларын да тынчсыздантаары бышык.

Кыска маалымат

74 жаштагы Бен Али Франция менен АКШда таалим алган.

Тунис президенти Зин ал-Абидин Бен Али өз колдоочуларынын алдында сүйлөөдө. 2009-жылдын 12-ноябры. Reuters.
1987-жылы күзүндө өлкөнүн премьер-министри болуп калган.

Алты аптадан кийин ал ошол кездеги президент бийлигин аткара албай калганын жарыялап, ноябрда өзү президент болуп калган.

Ошондон бери улам жаңы шайлоодо "утуп" келген Бен Али (оппозиция аны добуштарды бурмалаган деп айыптап келет, бирок ал мындай доону негизсиз деп четке кагып турган) улам күчөгөн демонстрациялардын кысымынан улам быйыл 13-январда калайыкка кайрылып, 1014-жылы өз мөөнөтү бүткөн соң жаңы шайлоодо өз талапкердигин көрсөтпөй турганын айткан.

Ал эми убактылуу президент катары өзүн жарыялаган Мохаммад Ганнуши мырза 1941-жылы 18-августта туулган. Ал президент Бен Алинин оң колу катары таанымал болчу.

XS
SM
MD
LG